Линктер

бейшемби, 22-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:21

Кыргыз жигиттин Сахалиндеги эрдиги


Сахалин. Архивдик сүрөт.

Сахалинде бир аялды куткарып жатып сууга чөгүп кеткен кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине жиберилди. 17 жаштагы жигит Орусияга жайкы эс алууга барып, 29-июлда шаардын четиндеги көлмөдө эс алып жүргөндө кырсыкка кабылган.

Он жети жаштагы Жандарбек Кубанычбек уулунун сөөгү 1-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы туулуп-өскөн айылына жиберилди. Ал алты бир туугандын улуусу болгон. Мектепти жаңы эле бүткөн Жандарбек ушул жылдын апрель айында Сахалинге келген. Маркумдун эжеси Айгүл Рахманова Жандарбектин ордуна анын сөөгү салынган "жүк 200дү" күтүп жатканына сай-сөөгү сыздап турду:

- Мен атасынын эжеси болом. Туугандарында маалымат аябай аз. Бизге башка бирөөнү куткарам деп, чөгүп кеткенин айтышты. Жандарбекти чоң атасы чоңойткон. Ал киши "Андан көрө мен өлсөм болмок" деп кайгырып отурат.

Окуя 29-июль күнү Орусиянын Сахалин облусунда болгон. Ал күнү Жандарбек достору менен шаардагы "Теплое озеро" көлмөсүнө эс алганы барат. Сахалиндеги тергөө комитетинин маалыматына караганда, Жандарбек бир аялды куткарып, бирок өзү сууга чөгүп кеткен. Анын сөөгүн куткаруучулар бир күн өткөндөн кийин гана табышкан. Сахалинде Жандарбек өз айылдашы, 24 жаштагы Тургунбай уулу Сааданбек менен жашап турган.

Тургунбай уулу Сааданбек.
Тургунбай уулу Сааданбек.

- Жандарбек - менин өкүл атамдын уулу. Апрелде экөөбүз чогуу келгенбиз. Ал "шаар кыдырып, жер көрөм" деп келген эле. Кайра кайтчу билетин 25-августка алганбыз. Ага жетпей достору менен эс алганы барып ушундай каргаша тооруду. Азыр эле сөөгүн Кыргызстанга жиберип келдик, - деди Сааданбек.

Окуя болгондон кийин эле Сахалиндеги кыргыз диаспорасы маркумдун сөөгүн мекенине жиберүү ишин колго алган. Мигранттар чыгымдар үчүн 90 миң рублдан ашык каражат чогултушкан. Диаспора өкүлдөрү "кыргыз жигит эрдик кылып курман болду, бирок муну жергиликтүү бийлик жана коомчулук анча баалаган жок" деп билдиришти. Муну алар жергиликтүү медианын, бийлик өкүлдөрүнүн маалыматтарына таянып айтып чыгышты. Диаспоранын өкүлү Зулайка Абдразакова мындай деди:

Зулайка Абдразакова.
Зулайка Абдразакова.

- "17 жаштагы жаш жигит бир кызды куткармакчы болуп өзү курман болуптур" деген кабар гана элге тарай баштады. Биздин лидерибиз Эшимбет Толбаев журналисттер менен байланышып, маркумдун кыргыз экенин так көрсөтүүнү суранган. Эгерде кыргыз мигранты кылмыш кылганда дароо анын кыргыз экени баса белгиленмек. Эмнегедир баатырларча өлгөн жигит тууралуу так айтпай жатышты. Биздин суранычтан кийин гана анын кыргыз экени айтылды. Ага Сахалиндеги дээрлик бардык аймактагы диаспора өкүлдөрү акча чогултуп беришти.

Бул Орусияда кыргызстандыктар адам өмүрүн сактап калган биринчи окуя эмес. Эки жыл мурда кыргыз мигранты Марат Исаев Москванын метросунда эстен танып рельске жыгылган орус аялын өлүмдөн сактап калган.

Орус медиасы анда москвалык полиция кызматкери мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөнүн биринчи кабарлап, өмүрүн тобокелге салган Марат тууралуу коомчулук сынынан кийин гана айта баштаган.

Расмий түрдө Орусияда 550 миңден ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. Жыл сайын Кыргызстанга Орусияда каза болгон мигранттардын 350дөй сөөгү жөнөтүлөт. Ар кандай кырсыктардан ден соолугу жабыркап, оору-сыркоого кабылгандар да көп кездешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG