Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Мараттын эрдигин Путин да баалады


Марат Исаев президент Путиндин колунан сыйлык алууда
Марат Исаев президент Путиндин колунан сыйлык алууда

Орусиянын президенти Владимир Путин 10-мартта кыргызстандык Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюкка мамлекеттик сыйлык тапшырды.

“Адам өмүрүн коргоо үчүн” медалын расмий тапшыруу аземи Кремлде өттү. Орус президенти сыйлык тапшыруу учурунда Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюктун метродо поездин жолуна кулап кеткен аялды куткарып калган эрдигин белгиледи.

Марат Исаев сыйлыкты алып жатып сүйлөгөн сөзүндө алардын аракетин баалаганы үчүн Владимир Путинге жана жалпы орус калкына ыраазычылыгын билдирди.

Russia Today телеканалынын видеосу (10.03.2016)

Буга чейин Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюкту эрдик көрсөткөнү үчүн сыйлаган. Собянин Твиттердеги баракчасына "Артем менен Марат - чыныгы баатырлар",- деп жазган болчу.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да көрсөткөн эрдиги үчүн Марат Исаевге ыраазычылык билдирип, кол саат жана акчалай сыйлык ыйгарган. Ошондой эле бир катар коомдук уюмдар, мекемелер, ишкерлер Марат Исаевге ыраазычылык билдирип, ар кандай сыйлык-белектерди беришкен.

11-февралда Москванын «Красносельская» метросунда жүргүнчүлөрдүн бири эсин жоготуп, темир жолго кулап калган. Окуя болгон жерде Марат Исаев менен Артем Королюк дароо жардам берип, келе жаткан поездге карабай, аялды аман сактап калышкан.

Марат: Адамды куткарууну гана көздөгөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

XS
SM
MD
LG