Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Мигранттын уулу бир өмүрдү сактады


Акбар Султанов
Акбар Султанов

Москвада кыргызстандык өспүрүм адам өмүрүн куткарганы үчүн сыйланды.

17 жаштагы Акбар Султанов Москвада адамдарды өрттөн куткарып чыккан азамат.

Акбар 11-ноябрда Москванын Бабушкинский районундагы көп кабаттуу үйдүн тургундарын өрттөн чыгарууга жардамдашып, токсонго таяган байбиченин өмүрүн сактап калган.

Акбар Султанов
Акбар Султанов

11-класста окуган бала сабактан кийин классташынын үйүнө барып, ал жерде өрт чыкканда дароо эле адамдарды куткарууга чуркаган.

- Сабактан кийин классташтар менен сүйлөшүп отурганбыз. Бир кезде түтүндүн жытын сездик. Батирден чыгып, үстүңкү жана астыңкы кабаттарды карай баштадык. 12-кабаттагы батирде өрт чыкканын көрүп, эшиктерди каккылап, баарына кабарладык. Ызы-чуу түшүп, ары-бери чуркадык. Эки досум элди тынчтандырып, аларды эшикке алып чыгууга аракет кылып жатты. Классташым экөөбүз 12-кабаттагы батирдин эшигин каккылап, ал жактан орто жаштагы кишини чыгардык. Анын кошунасы 87 жаштагы, баса албай калган байбиче экен. Классташым экөөбүз аны биринчи кабатка чейин көтөрүп түштүк. Ойлонууга деле убакыт болбоду. Ыкчам аракет көрүү керек эле.

Өрт өчүргүчтөр менен "Тез жардам" келгиче үйдөн отуздай адам көчөгө чыгарылган. Кырсыктан эч ким жараат алып, жабыркаган эмес. Өрт өчүргүчтөр 12-14-кабаттарда чыккан от менен 23 мүнөттөй күрөшкөн.

Өрт чыккан үй
Өрт чыккан үй

Адамдарды куткаруу учурунда төрт өспүрүмдүн аракетин ошол жерге келген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өздөрүнө белгилеп калышкан.

- Бирөөлөр биздин аты-жөнүбүздү сурап, байланыш телефондорду жазып калган. Мен болсо үйгө кете бергем. Кийин мага байланышып, «силерди Мамлекеттик Думага чакырабыз» дешти. Кубанып барганыбыз менен ичине кире алган жокпуз. Сыртка бир адам чыгып, колумду бекем кысып, катын берип койду. Чынын айтканда, биз көтөрүп чыккан байбиче ким экенин деле билбейм. Кийин байланышкан жокпуз, - дейт Акбар.

​Адам өмүрүн сактоодо көрсөткөн эрдиги үчүн Акбар Султановго Орусиянын Мамдумасынын депутаты Валерий Рашкин ыраазычылык катын ыйгарган.

Аны менен бирге №1955 мектептин 11-классынын окуучулары Денис Матросов, Дониербек Субанкулов жана Рамиз Дадашев сыйлык алышкан.

Ыраазылык кат
Ыраазылык кат

​Акбар Москвага беш жыл мурда ата-энесинин колуна келген. 2008-жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн эмгек мигрантынын баласы Таласта туулуп-өскөн. 6-класска чейин Бишкекте окуган.

Апасы Назгүл алгач уулунун эрдигин укканда ачууланганын эскерди:

- Бир өзбекстандык бала өрттөн бирөөлөрдү куткарам деп күйүп калып, аны эч ким карабай койгонун жаңылыктардан окугам. Башында ачуум келип, уулумду тилдеп алдым. Кийин боорукер, кайрымдуу, жакшы адам болуп өсүп келатканын көрүп «кой» дедим. Өзү адамдарга жакын, бат эле тил табышып кетет. Москвага алып келгенде классташтарына тез эле көнүшүп кетти. Мугалимдери да таң калат. Атасы экөөбүз Орусияда көпкө «акча» деп иштеп жүрүп, кийин «балдарды боорубузга тартып, өзүбүз жакшы тарбия, билим берели» деп чечкенбиз. Жакшы окуйт. 6-класстан 9-класска чейин мектебинде кадеттердин эксперименталдык классы ачылып, ошондо окуду. Билимин ушул аскерий, коопсуздук багытта уланталы дегенбиз. Бирок жарандыгыбыз жок болгондуктан, Орусиянын аскерий окуу жайларына кабыл алышпады. Мындай окуу жайларга Кыргызстан үчүн атайын квоталар берилет экен. Эми андай квота чоңдордон ашпайт го.

Султановдордун үй-бүлөсү
Султановдордун үй-бүлөсү

Акбардын атасы Сулайман Султанов Москвада базарда курулуш материалдарын сатат. Он жылдан ашык миграцияда жүргөн мекендеш балдардын келечегин өзгөртүп, билим берели деген ою менен бөлүштү.

- Биз совет маалында билим алдык. Кийин баары урап, экономикалык каатчылыкка кабылдык. Көр турмуштун айынан Орусияга жөнөп, минтип базарда отуруп калдык. Биз жетпеген кырларды балдарыбыз ашып өтүшү керек. Ошон үчүн анча-мынча кыйынчылыктарга карабай, чет жерде ары-бери согулуп жүрөбүз. Балдарга татыктуу билим, тарбия берип, келечекте жашоосуна шарт түзүшүбүз керек. Мен өзүм бир күнү Кыргызстанга кайтам. Уулум билим-илимдүү болуп, эл-жерине кызмат кылса дейм.

Кырсыкка кабылган адамдарды куткарууда эрдик көрсөткөн Акбар Султанов өзү быйыл мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырууга даярданып жатат. Келечекте юрист болгусу келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG