Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:32

Садыр Жапаров: Улуттук илимдер академиясына 300 миллион сом бөлүнөт


Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясында. 2020-жылдын 11-ноябры.
Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясында. 2020-жылдын 11-ноябры.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын техникалык базасын жакшыртууга жана башка муктаждыктарына 300 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу 11-ноябрда мекеменин жамааты менен жолугушууда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.

Жапаров бул каражат бюджеттик эмес булактардан алынарын айтты.

Ал Улуттук илимдер академиясы музей эмес, кайнап турган ишмердүүлүктүн борбору болушу керек экенин белгилеп, бүгүнкү күндө илим менен коом бири-биринен обочолонуп жашап жатканын, илимий изилдөөлөрдүн көңүл борборунда экономика тармагы болушу зарылдыгын кошумчалады.

Өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Анын 40ка жакын анык мүчөсү, 50дөн ашык мүчө-корреспонденти жана онго жакын чет өлкөлүк мүчөсү бар.

Мекеменин ишинин натыйжалуулугу тууралуу сын-пикирлер айтылып келет, бирок жетекчилиги академиянын ишмердүүлүгү мамлекет бөлгөн каражатка жараша жүрөрүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG