Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Онлайн окуунун ата-энеге берген сабактарынан


Новосибирскилик эжей бош класста онлайн сабак өтүүдө. 2020.

Айрым өлкөлөрдө мурдатан эле онлайн сабактар өткөрүлүп келчү. Кыргызстанда КОВИД-19 илдетинин айынан бул усул жалпы окуу жайларына таңууланды. Журналист Аскер Сакыбаева бул усулдун өзү байкаган жагдайларын айтып, коомчулукту ачык талкуу кылууга чакырат.

КОВИД – 19 пандемиясы биздин ден соолугубузга гана зыянын тийгизбей, жашоо турмушубузга, күнүмдүк тиричиликке, иштөөгө, окууга да чоң таасирин тийгизип жатат. Орто мектептер быйылкы жылдын 16-апрелинен тарта жабылып, окуучулар онлайн – аралыктан окууга өтүштү.

Өткөн 2019-2020-окуу жылдын акыркы чейреги анча билинбей эле өтүп кеткенсиди. Чоңдор карантин убагында жугуштуу оорудан сактанып, балдар кокустан пайда болгон бош убакытты жалаң үйдө болуу менен өткөрүштү. Окуулардын жыйынтыгы жалпысынан өтүп кеткен үч чейректин негизинде эле чыкты көрүнөт.

Ошентип, 2020-жылы сентябрдан тарта окуу кайрадан онлайн башталды. Колунда бар ата-энелер бул жолу балдарга мектеп кийимин, китеп баштык, окуу куралдарын эмес, жакшыраак уюкфон сатып берүүгө аракет кылышты.

Кыргызстандын Билим берүү министрлиги ар бир окуучуга уюкфон сатып бере албаса да, сабактарды мамлекеттик телеканалдар аркылуу окутуп, өлкөдөгү жалпы окуучуларды камтууга аракет кылып жатат. Ал эми мугалимдер менен окуучулар мүмкүнчүлүгү жетишинче Интернеттеги WhatsApp, GoogleClassroom, Zoom сыяктуу ресурстарды кеңири пайдаланууга өтүштү.

Көч ордунан козголду. Таалим берүүдөгү заманбап усулду колдонуу жаатында жылыш байкалат.

Эми булардын бардыгы - сыртынан караганда.

Ал эми конкреттүү турмуш чындыгын алсак, онлайн окуу чындыгында кандайча жүрүп жатат?

Менин уулум Бишкектеги жакшы деп эсептелген мамлекеттик мектептердин биринде сегизинчи класста окуйт. Августтун аягында жаңы уюкфон сатып бердим. Сентябрда онлайн окуу башталганда адегенде ЭлТР телеканалынын “Илим билим” каналында көрсөтүлүп жаткан сабактарды көрүп жүрдү. Класс жетекчиси жума сайын телеканалдан көрсөтүлө турган сабактардын жүгүртмөсүн салат.

Менин байкаганым, бардык класстардын окуучулары үчүн теледен күнүгө болгону эки гана предметтен сабак өтүлүп, алар дагы 20 мүнөт же 15 мүнөттөн гана болуп жатканы болду. Предметтердин аз берилиши телеканалдын техникалык себептерине байланыштуу болсо керек деп ойлодум. Уулум бир жумадан кийин телеканалды карабай да калды.

Көрсө, “өзүм китептен окуйм” деп коюп, уюкфондон оюн ойноп жүрө бериптир.

Өзүм да сентябрда шайлоо өнөктүгүнө иштеп, баламдын окуусуна көңүл бурууга убакыт болбоду. Ошентип, октябрь айы да келди. Класс жетекчи ата-энелердин WhatsApp тобуна кайсы балдар окубай жаткандыгын тынбай жаза баштады.

Онлайн окуу энелердин эсин оодарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:13 0:00

Менин балам такыр эле сабак окубай калыптыр, кала берсе GoogleClassroom'да тиешелүү предметтерден катталбаптыр. Ачуу менен адегенде тилдесемби деп, кайра кармандым. Так ошол тушта шаардагы бир мектепте окуган 11 жаштагы баланы энеси “эмнеге сабак окубайсың?” деп катуу урушуп койсо, бала балкондон секирип кетип каза болгондугу тууралуу жаман кабар чыгып жаткан.

Жай отуруп сүйлөшсөм, “онлайн окуу такыр жакпайт, мектепке барып окусак болот эле” деди. Коронавирус деген жугуштуу ооруга байланыштуу акыбалды түшүндүрүп, онлайн окууга аракет кылуусу керектигин жеткиргенсидим. А бирок менин айтканым ага таасир бербептир, уулум онлайн окууга ичинен каршылыгын билдирип, сабактарына такыр көңүл бурбады.

Бир күнү класс жетекчиси уулум экөөбүздү мектепке чакырды. Класс жетекчибиз англис тилинен сабак берген жапжаш эжей узун тизме көрсөттү. Биринчи чейрек чыкканга чейин аткарыла турган тапшырмалардын тизмесин берип, уулум сабакты такыр таштап салгандыгын, эгер чейрекке чейин тапшырмалар аткарылбаса, чейректен “2” чыгуу коркунучу чоң экендигин эскертти.

Мен “уулум чоң жигит болуп калды, эмне үчүн сабак окубагандыгын өзү айтып берсин. Ар бир адам өз ишине жооп бериши керек” деп четке чыга бердим. Бир чети ушундай абалдан уулум кандай чыгаарын байкап көрүү кызык болду.

Уулум класс жетекчиге онлайн окугусу келбей тургандыгын тартынбай айтып, мектепке келе баштаганда жакшы окуй тургандыгын билдирди. Муну уккан эжей уулум экөөбүздү ээрчитип алып, мектептин окуу бөлүмүнүн башчысына киргизди.

Тарсылдап сүйлөгөн тың-тарс башчы “эмнеге окубай жатасың?” деп сураганда уулум, “онлайн окугум келбейт” деп дагы айтты.

“Биз деле силердин кебетеңерди, көзүңөрдү күндө көргүбүз келип жатат, бирок силерди мектепке чакыра албайбыз. Эгер аракет кылып окубасаң, чейректе “2” чыгуу эле эмес, классыңда калып калышың ыктымал. Классыңда калгың келеби?” Уулум баш чайкады. “Анда оку! Сен мындан ары биздин өзгөчө көзөмөлдө болосуң!” деп туруп чыгарып жиберди.

Айла канча, буга чейин мугалимдерден уулумдун окуусу боюнча жакшы сөз гана угуп жүргөндүктөн, муну да угууга туура келди.

Унчукпай үйгө келдик. Маселе олуттуу экендигин, окубаса болбостугун эми түшүндү көрүнөт, кадимкидей китеп алып, дептерлерге жазып сабак окуй баштады. Мен дагы телефондогу сабак кандай окулаарын, интернет аркылуу сабактарга кандай катталаарын, мугалимдер жаңы темаларды кантип жибере тургандыктарын, окуучулар үй тапшырмаларын кандайча жиберерин көрүп чыктым.

Үйдө жакшы интернет, колуңда жакшы телефонуң болбосо, онлайн окуу болбогон оокат тура. Ошентип эки жума баш көтөрбөй окуп, биринчи чейректен “2” чыкпай аяктадык.

Өткөн жылы таңкы саат жети жарымда сабакка барып, түштө сабактан келип шам-шум этип алып, кошумча англис тили курсуна же программалоо курсуна үзбөй барып, футболду жакшы ойногон уулум онлайн окууну ушундай баштады. Быйыл кошумча курстардын баары калды.

А балким, башкаларда абал мындай эместир, башка ата-энелердин балдары онлайнга кадимкидей эле көнүп окуп жатышкандыр. Маселе өзүбүздөдүр? деген да ой келет...

Ал эми, жалпысынан алганда, онлайн окуу - аргасыз оокат экендигин баарыбыз көрүп турабыз. Айыл жергесиндегилер кантип окуп жатышканын бир кудай билет. Интернет үзгүлтүксүзбү, ар бир окуучуда уюкфон же ноутбук барбы, мугалимдердин бардыгында тең интернет тез иштеген мыкты компьютерлер жетиштүүбү, же эптемей окуу өтүп жатабы? Айтор, ачык талкуу кылчу маселе көп.

Борбор шаардагы мектептердин биринде иштеген жакшы тааныш мугалимден онлайн окуу кандай болуп жаткандыгы тууралуу сурадым.

“Предметтик мугалим катары менде 180 окуучум бар, башкача айтканда, тогуз класска сабак берем. Биринчи чейректе бизди эч ким интернет менен камсыз кылган жок. Биз өз эсебибизден интернетке төлөп, балдарды окуттук. Эми гана ата-энелердин эсебинен мектепке интернет киргиздик. Мугалимдерибиздин 80 пайызы компьютерди жакшы колдоно билишет. Окуучулар үчүн онлайн окуунун жакшы жагы: алар компьютерди жакшы колдонууну үйрөнө башташты. Дагы бир жакшы жагы - окуучулар үй тапшырмасын күнү-түнү дебей жибере алышат.

Жаман жагы: мугалимдер менен байланыштын жоктугу, убакытты көзөмөлдөн чыгарып жиберүү, күн менен түндүн алмашып калганы. Ал эми мугалимдер үчүн жаман жагы: дайыма компьютерди тиктеп отуруп, анын ден соолукка тийгизген зыяны, түндүн бироокумуна чейин тапшырмаларды текшерүү. Ушулардын айынан биздин мектептен 4 мугалим көздөрү ооругандыгына байланыштуу жумуштарын таштап кетишти...”

Онлайн окуунун терс жагы тууралуу балам: “Үй тапшырмаларын, текшерүү иштеринин бардыгын интернеттен таап эле көчүрүп жиберип жатабыз. Мугалим менен түз коммуникация болбогондуктан, кеңеш алуу, түз салыштыруу, багыт алуу кыйын болуп жатат”, - дейт.

Буга эмне десек болот? Мындай абалды мугалимдер деле билишет чыгаар. Эгер ушинтип кете берсе акыры кандай болоор экен?

Азыр айла жок, чөнтөк телефонду (уюкфонду) күнү-түнү балдардын колуна карматууга аргасыз болуп жатабыз. Бала чын эле сабак окуп жатабы, же ойноп жатабы, дайыма көзөмөлгө алуу кыйын. Мунун натыйжасы ден соолукка жаман болорун билсек да ушуга баруудабыз. Дагы бир жери - эшикке чыкпай көнүп калган балдарга кыймыл-аракет жок болгону да кыйын болууда.

Айтор, онлайн окуунун дагы биз билбеген мүчүлүштүктөрү, кийин ден соолукка тийгизе турган залакасы арбын болоруна эмитеден көз жетип турат.

Журналист Аскер Сакыбаева.
Журналист Аскер Сакыбаева.

Онлайн окуу балдарды, ата-энелерди, мугалимдерди ушундай психологиялык сыноодон өткөрүп жатат. Сынбай өтсөк экен...

Аскер Сакыбаева,

журналист.

P.S. Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG