Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Бишкек жана Оштон башка аймактардын мектептеринде кээ бир класстар алгач эки жумага ачылмай болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эртең, 11-ноябрдан тартып Кыргызстандын аймактарындагы 1,5 миңдей мектепте окуу кадимки тартипте жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу 10-ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдө министрликтин карамагындагы жалпы билим берүүчү 2292 мектеп бар, алардын 1489унда окутуу эки апта бою тажрыйба түрүндө реалдуу режимде жүргүзүлгөнү жатат.

1-6, 9, 11-класстар кадимки тартипте окуй башташат. Эки жумадан кийин мониторинг жүргүзүлүп, эгер абал туруктуу болуп, жакшы жыйынтык көрсөтсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоонун аймактык органдарынын макулдугу менен башка класстарга да реалдуу режимде окууга уруксат берилет.

Министрликтин маалыматына караганда, Бишкекте жана Ошто эпидемиологиялык абал оор болуп тургандыктан, Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги бул эки шаарда мектептерди ачууга уруксат бере элек.

Коронавируска байланыштуу мамлекеттик мектептердин дээрлик баары март айынан бери жабык турат. Менчик мектептер менен бала бакчалар ишин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу шартында улантып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG