Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

«Мектеп шайлоосу» аттуу алгачкы интерактивдүү сериал чыкты


Сериалдын мукабасы.
Сериалдын мукабасы.

Бүгүн, 6-ноябрда «Этно-медиа« каналында кыргыз тилинде тартылган «Мектеп шайлоосу» аттуу алгачкы интерактивдүү сериалдын бет ачары болот.

Мектептин президентинин кызматы үчүн эки талапкердин атаандаштыгынын мисалында алты кыска серияда мектептеги кодулоо, чыныгы достук жана адамдын кадыр-баркы тууралуу окуялар баяндалат. Сериалдын каармандары мектептеги шайлоо аркылуу азыркы коомдогу көрүнүштөрдү мини-версияда ачып беришет.

“Мектеп шайлоосу” сериалынын трейлери
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Сериал Мектептеги зомбулук жана кодулоо, анын ичинде кибербуллинг менен күрөшүү боюнча эл аралык күндү утурлай чыгууда.

ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча окуучулардын 30% көбү классташтарынын ар кандай кодулоосуна туш болушат. Өзгөчө мындай куугунтукка башкалардан «айырмаланган» окуучулар кабылат: алардын сырткы келбети да, ден соолугуна байланыштуу өзгөчөлүгү (анын ичинде ВИЧ-статусу), жыныстык багыты, гендердик иденттүүлүгү, социалдык статусу же үй-бүлөлүк экономикалык абалы да басмырлоого жем ташташы ыктымал.

Сериалдын башкы каарманы да классташтарынын кодулоосуна туш болот. Сериалдын авторлору башкы каармандын окуясы да, жалпы сериал да көптөгөн өспүрүмдөргө жана ушундай кырдаалда калган жаштарга үмүт бере алат деп ишенишет.

Көрөрмандарды 15-20 мүнөттүк 6 серия күтүүдө.

Сериалды ИИТО ЮНЕСКО жана ЮНЭЙДС менен кызматташтыкта Media Kitchen студиясы тартты.

XS
SM
MD
LG