Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Үсөнбаев: Мектептерди ачуу маселеси каралууда


Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-ноябрдагы брифингде мектептерди ачуу маселесин азырынча ар бир мектептин өз жетекчиси өз шартына ылайык карап жатканын билдирди.

«Экинчи чейректен тартып балдарды оффлайн окутуу, мектептерди ачуу боюнча чечим каралып, азыр талкууланып жатат. Мектептерди ачууну 11-ноябрдан тартып баштасакпы деп убактысын карап жатабыз. Кандай режимде, кайсы класстар мектепке барып окуй турганы да сүйлөшүлүүдө. Аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акимдер, губернаторлор жоопкерчилигин алса, комиссиялары чечим чыгарса, ар бир мектеп өз мүмкүнчүлүгүн карап чыккандан кийин оффлайн режимде окуу башталышы мүмкүн».

Үсөнбаев коронавирус күчөп кетсе мектептерди жабуу чечимин жергиликтүү жетекчилик карашы керек экенин кошумчалады.

Кыргызстанда мектептер, жогорку, орто окуу жайлары, бала бакчалар март айынан бери аралыктан иштеп жатат. 1-сентябрда мектепке оффлайн режимге 1-класстын окуучулары гана барган.

Октябрь айында парламенттик шайлоодон кийин 6-октябрда мектептерди ачуу тууралуу чечим кабыл алынганы менен, кийин бул чечимди Республикалык штаб токтотуп койгон.

Азыркы тапта бардык окуучулар онлайн режимде биринчи чейректи аякташты. (BCh)

XS
SM
MD
LG