Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

«Дин маданиятынын тарыхы» сабагын окутуу толук ишке ашпай турат


«Дин маданиятынын тарыхы» китеби.
«Дин маданиятынын тарыхы» китеби.

Кыргызстанда «Дин маданиятынын тарыхы» сабагын мектептерге толук киргизүү ишке ашпай турат. Буга ушуга чейин 60тай мектепте үч ирет сыноо мөөнөтүндө окутулган предметти толук жайылтууда мугалимдердин жетишсиздиги себеп болууда. Ошондой эле адистер окуу китебин азыркыдан да жакшылап иштеп чыгууну сунуш кылышкан.

План боюнча предмет 2020-2021-жылы мектеп программасына киргизилмек. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Гүлназ Исаева билдиргендей, бул маселе Мугалимдерди кайра даярдоо институту менен сүйлөшүүнүн алкагында чечилип, кийинки окуу жылынын программасына кириши мүмкүн.

Коргоо кеңешинин дин жаатындагы концепциясына ылайык, 2016-жылы он мектепте «Дин маданиятынын тарыхы» сабагы пилоттук негизде окутула баштаган. 2018-жылы 56 мектепке киргизилген.

9-класстар үчүн эки чейрекке ылайыкташкан программага бардык диндердин тарыхы камтылып, дин аралык ымаланы бекемдөө максатын көздөйт.

Китеп техникалык жана стилистикалык каталардан улам буга чейин эки ирет бюджеттин эсебинен оңдолуп басылган. Теологдор жана педагогдор бир канча ирет текшеришкен. Окуу куралынын комплектине китеп, усулдук колдонмо жана электрондук китеп кирет. Сабакты «Коом таануу», «Тарых» предметинен сабак берген мугалимдер окутары айтылган. (SE\KMZ)

XS
SM
MD
LG