Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Ош шаарында мугалимдер жаңы дайындалган директорго нааразы болуп мэриянын алдына чогулду


Ош мэриясынын алдына жаңы дайындалган директорго макул болбой топтолгон мугалимдер. 6-ноябрь, 2020-жыл.
Ош мэриясынын алдына жаңы дайындалган директорго макул болбой топтолгон мугалимдер. 6-ноябрь, 2020-жыл.

Ош шаарындагы №20 Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиянын бир нече мугалими 6-ноябрь күнү Ош мэриясынын имаратынын алдына топтолду. Алар Элена Будникованын мектепке директор болуп дайындалганына макул эмес экенин айтышты.

«Бизде 20 жылдан ашык директордун колунда, анын орун басары болуп иштеп келген Диля Камилованы койсок деп талап кылып жатабыз. Биздин максат - коллективди колдоп, кубаттап, коллектив бузулбаса», - деди шаардык бийликтин имаратына келгендердин бири Флюра Юлдашева.

Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгын жетекчиси Санталат Аматова Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназия калаадагы алдыңкы мектептердин бири болгондуктан, ага тажрыйбалуу кишини дайындаганын айтууда.

«Элена Будникова аттуу эжекени диретор кылып дайындаганбыз. Анын үстүнө бул кызмат - дайындалуучу кызмат. Бул эжеке аябай тажрыйбалуу болгондуктан аны татыктуу деп дайындаганмын. Ал мектеп шаардагы эң ишенимдүү, алдыңкы мектептердин бири болгондон кийин ал жерге тажрыйбалуу жетекчи дайындалышы керек», - деп айтты Аматова.

Ош шаарындагы №20 Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын мурдагы директору Светлана Карпушкина 72 жаш курагында коронавирустан улам 21-октябрь күнү каза болгон. Ал Разаков атындагы мектепти 25 жыл жетектеп келген. (DU)

XS
SM
MD
LG