Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:41

Илимий изилдөө усулдары боюнча кыргызча колдонмо чыкты


Жаңы китеп.
Жаңы китеп.

Онлайн университет кыргыз тилинде «Изилдөө усулдары: коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча колдонмо» аттуу колдонмо чыгарды. Бул колдонмо коомдук жана гуманитардык илимдер багытында илимий иштерди жүргүзүү жана жазуу боюнча жаш илимпоздордун усулдук даярдыгын жогорулатыш үчүн даярдалган.

«Акыркы жылдарда КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясы илимий иштердин сапатын көтөрүү максатында изилдөө иштеринин аткарылышы боюнча бир нече жаңы талаптарды киргизген. Ага ылайык, илимпоздор илимий даража жана илимий наам алыш үчүн илимий макалаларын эл аралык журналдарга жарыялашы керек. Бирок эл аралык абройлуу илимий басылмаларга макала жазуу талаптары боюнча учурда изилдөөчүлөргө кыргыз тилинде сапаттуу маалымат берилбей келет. Биз биринчиден, кыргыз изилдөөчүлөрүнө жардам болсун, экинчиден, Кыргызстанда илимий иш жүргүзүү деңгээлине салым кошсун деген ниетте ушул колдонмону чет өлкөлөрдүн окуу жайларында иштеген кыргызстандык илимпоздор менен бирге жазып чыктык», - деди Онлайн университеттин ректору Элира Турдубаева.

Колдонмону Кыргызстандагы жана Германияда жогорку окуу жайларында эмгектенип жаткан кыргыз окумуштуулары жазган. Кыргызстандан Элира Турдубаева, Мукарам Токтогулова, Бакытбек Исаков, Гүлзада Станалиева, ал эми Германиядан Бактыгүл Түлөбаева, Аксана Исмаилбекова, Махабат Садырбек жана Гулзат Баялиева жазышкан.

Аталган эмгек Онлайн университеттин пандемия учурунда акысыз өткөргөн илимий изилдөө усулдары боюнча вебинарларынын негизинде түзүлгөн. Колдонмо дипломдук иш жазып жаткан студенттерге жана магистрдик, кандидаттык, докторлук диссертацияларды жазып жаткан илимпоздорго арналат. Онлайн университети ЖОЖ жана мектеп мугалимдерине илим жана билим берүүдөгу актуалдуу темаларда вебинарлар сериясын уюштуруп келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG