Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Садыр Жапаров: Илимге бизнести жана өндүрүштү өнүктүрүү фактору катары кароо керек


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров Кыргызстан илимге мамилени өзгөртүшү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 10-ноябрь – Илим күнүнө карата куттуктоосунда айтты.

Окумуштууларга жана илимпоздорго кесиптик майрамына карата жолдогон куттуктоосунда Жапаров илимге бизнести жана өндүрүштү инновациялык жол менен өнүктүрүүнүн негизги фактору катары кароо керектигин, ошондо бул тармактын макамы өзгөрөрүн белгиледи.

Илим жаатында эмгектенген адамдардын жашоо жана жумуш шартын жакшыртуу, аларга татыктуу баа берүү жана шыктандыруу бийликтин негизги милдеттеринин бири экенин кошумчалады.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген.

Академиянын 40ка жакын анык мүчөсү, 50 чакты мүчө-корреспонденти жана онго жакын чет өлкөлүк мүчөсү бар.

Мекеменин ишинин натыйжалуулугу тууралуу сын пикирлер айтылып келет, бирок жетекчилиги академиянын ишмердүүлүгү мамлекет бөлгөн каражатка жараша жүрөрүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG