Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Илимдер академиясында Илим күнү белгиленет


Илимдер академиясы.
Илимдер академиясы.

Улуттук илимдер академиясында бүгүн Илим күнү белгиленет. Салтанаттуу жыйынды утурлай мекеменин башкы имаратында илимий жетишкендиктердин, жаңы ачылыштардын көргөзмөсү уюштурулат.

Академиянын мыкты кызматкерлери аныкталып, жаш окумуштуулар арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат. Бүгүнкү жыйынга парламенттин, президенттик аппараттын жана өкмөттүн өкүлдөрү да катышат.

Академиянын 39 анык мүчөсү, 49 мүчө-корреспонденти жана сегиз чет өлкөлүк мүчөсү бар. Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат.

Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG