Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:52

Жусуп Мамайдын манасчылык мурасын көз карегиндей сактоо зарыл


Манасчы Жусуп Мамай өз айтуусундагы “Манас” эпосунун мурда жарыяланган текстин кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы менен чогуу редакциялаган. Үрүмчү, 1997-жылдын ноябры.
Манасчы Жусуп Мамай өз айтуусундагы “Манас” эпосунун мурда жарыяланган текстин кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы менен чогуу редакциялаган. Үрүмчү, 1997-жылдын ноябры.

Залкар манасчы Жусуп Мамайдын мурасына каршы айрым аткаминерлердин аракеттери токтой элек. 17-декабрда "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын кеңсесинде бул жаатта дагы бир талкуу өткөрүлмөкчү. Тарыхчы Т.Чоротегиндин блогу.

Кыргыз маданиятынын жана руханий турмушунун мурасын “Манас” эпосун айтуу аркылуу муундан муунга сактап келген манасчылар – улутубуздун уюткусу болгон инсандар. Алар кылымдар карыткан элдик тажрыйбаны оозеки энциклопедия деңгээлинде сактап жана жайылтып келишти. Ошондой залкар манасчылардын бири – Жусуп Мамай (1918––2014).

Кытай Эл Республикасындагы кыргыздардын XX кылымдын экинчи жарымы – XXI кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчы, Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева менен. Ак-Чий ш., КЭР. 27.6.2012.
Кытай Эл Республикасындагы кыргыздардын XX кылымдын экинчи жарымы – XXI кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчы, Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева менен. Ак-Чий ш., КЭР. 27.6.2012.

Бир миллиард үч жүз миллиондон ашуун ханзу калкы жана башка көп этностор байырлаган Кытай Эл Республикасында 200 миңдей кыргыз калкынын арасында руханий кенчибиз “Манас” дастанын ырааттуу айтып, сегиз урпагына чейин саймедирлеп баяндап, Чыгыш Теңир-Тоодо азыркынын Ырчы уулу болуп дастан байрагын желбиретип жүрүп көзү өткөн маркум Жусуп Мамай (кытайлык кыргыздар аны Жүсүп Мамай дешет) – дүйнө кыргыздарынын кадырлоосуна арзыган түбөлүк жанып турган жылдызга айланды.

Тээ 1940-жылдардын акырынан тартып сталиндик доордогу Кыргызстанда “Манас” эпосун изилдеген Тазабек Саманчин, Зыяш Бектенов, Ташым Байжиев сыяктуу илимпоздор ГУЛагга кесилип, андан соң 1950-жылдары “Манас” эпосунун өзүнө тыюу салуу далаалаттары жасалган чакта, Ала-Тоодогу кыргыз айдыңдары бул улуу мурастын элдүүлүк маңызын коргоого алып, аны зор аракет менен сактап калган. Ошондо да эпосту расмий бийликтер коммунисттик цензуранын айынан бурмалоого үлгүрүшкөн.

1995-жылы “Манас” эпосунун шарттуу миң жылдыгы өткөрүлгөн чакта, А.Акаевдин режими да бурмалооо барып, эпостун жашын миң гана жылга чегерип салган. Ал эми 1943–46-жылдары советтик Кыргызстандагы айдыңдар “Манас” эпосунун келип чыгышын VI–XIII кк. өкүм сүргөн Энесайдагы Кыргыз каганатынын гүлдөп-күчөө дооруна (840–925) байланыштырып, анын 1100 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн далаалат жасашкан.

Акын жана драматург Жоомарт Бөкөнбаев эпос тууралуу кино тарттыруу камылгасында жүрүп, 1944-жылы автоунаа кырсыгынан каза болгон. Ал эми тарыхчы, археолог Александр Бернштам да “Манас” эпосунун 1100 жылдыгы тууралуу көөнөргүс илимий макала жазган. Демек, 1995-жылы бери дегенде “Манастын” 1150 жылдыгын өткөрүү зарыл болчу.

Биздин жеке пикирибизде, “Манас” эпосунун алгачкы башаттары б.з.ч. X кылымдан бери, б.а. мындан дээрлик 3000 жылдан бери башталат (бээжиндик профессор, тарыхчы, булак таануучу Ю Тайшандын байыркы кытай булактарындагы көөнө кыргыздар тууралуу 2019-жылы шардана кылынган ири ачылышынын негизинде ушул пикиримди баса белгилейм).

Эми, XXI кылымдын алгачкы 20 жылынын ичинде, манас таануу жаатында илимге жармач мамиле кылгандардын дагы бир чабуулу жасалып жаткандыгы өкүндүрөт.

Майрамбүбү Сармалдакова чиймелеген “аркы дүйнөдөн алынган” делген маалымат. 25.5.2012.
Майрамбүбү Сармалдакова чиймелеген “аркы дүйнөдөн алынган” делген маалымат. 25.5.2012.

Саал мурдараак өздөрүн өздөрү “жайсаңчы” деп атап алган топ салттык “Манас” айтуу өнөрүн чанып, “бирден-бир туура вариант ушул гана болот” деп бакшы Майрам Сармалдакованын (Бүбү Мариямдын) “аркы дүйнөдөгү булактан түздөн-түз онлайн алынды” делген текстин – эпос катары оозеки айтылбастан, кагазга гана орусча-кыргызча аралаш чүргөп түшүрүлгөн “вариант чалышты” таңуулаганга далаалат кылды.

Илимпоздор ал чүргөмөнү четке кагып, салттык манас айтуу өнөрүн сактап калышты.

Андан кийин кайсы-бир сүрмө топ Жусуп Мамай "эпосту өзү кагазга гана түшүргөн, эч качан оозеки айткан эмес" деп жалаа жаап чыгышты эле, Жусуп Мамайдын Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда кыргыздардын арасында "Манас" эпосунан үзүндү айтып жаткан кези тууралуу даректүү видео тасма аркылуу алардын мындай дооматтары да биротоло четке кагылды.

Тасма. Жусуп Мамайдын "Манас" айтып жаткан учуру. Архив.

Эми болсо айрым аткаминерлерди колдонуу менен Бишкекте дагы бир чакан сүрмө топтун өкүлдөрү Жусуп Мамайдын айтуусундагы "Манас" вариантына каршы мындайча дооматты алып чыгышты:

1. “Манасчы Жусуп Мамай өзү айткан вариантында “Манас” эпосунун салттуу манасчылык өнөрүн бурмалаган, өзөктүү сюжетти өзгөрткөн.

2. Жусуп Мамай байыркы кыргыздардын келип чыгышын калмактарга такап салган. Жусуп Мамай Манас баатырдын, анын айрым чоролорунун бабаларын калмак кылып көрсөткөн, ошондуктан кыргыздар калмактардан тараган болуп калган.

3. Жусуп Мамайдын вариантында кыргыздардын жашаган жери катары Энесай гана көрсөтүлүп, ал эми азыркы Кыргызстандын жерлерин калмактар ээлеп турган деп айтылган.

4. Демек, Жусуп Мамай кыргыз элине тымызын кастык кылган киши. Аны колдогондор да кыргыз улутуна чыккынчылык кылып жатышат.

Ушул дооматтардын негизинде алар “Манас” эпосунун Жусуп Мамайга таандык вариантына Кыргызстанда таптакыр тыюу салуу керек деп чыгышты.

Албетте, бул дооматтар түккө турбаган (абсурд) экендигин илимпоздор Ташманбет Кененсариев, Назгүл Турдубаева, Орозбүбү Сатиш кызы, Чолпон Субакожоева, Гүлзада Нармаматова ж.б. авторлор өздөрүнүн макалаларында ынанымдуу далилдей алышты.

Бирок айрым аткаминерлер алардын макалаларын алигиче окуй электиги өкүндүрбөй койбойт.

Кыргызстандын президентинин жарлыгына ылайык, 2013–2017-жылдар аралыгында Кыргызстанда Жусуп Мамайдын мурасына жана жалпы манас таануу маселелерине арналган эл аралык жана жумурияттык илимий жыйындар, маданий иш-чаралар ырааттуу түрдө уюштурулуп келди, илимий жыйнактар да байма-бай чыкты, тарых жана филология илимдери жаатында илимий диссертациялар ийгиликтүү корголду.

Алардын маалыматтары жогорудагы сүрмө топтун дооматтарын ар тараптуу четке кагат.

1. Залкар манасчы Жусуп Мамай “Манас” эпосунун Чыгыш Теңир-Тоодогу вариантын салттуу манасчылык өнөрүнүн кыртышында өнүктүргөн. Анын устаты Балбай Мамай өз учурунда, 1916–17-жылдары, Улуу Үркүндө Какшаалга качып барган айтылуу Сагынбай Орозбак уулу менен кездешип, андан таасир алган.

“1916-жылдагы үркүн мезгилинде бул жакка Кыргызстандан Саякбай, Сагымбайлар да келген. Ошол арада Кытайга келген «Манасты» билемин деген киши канча болсо, эрикпей ошолордун баарынын артынан жүрүп, Балбай агам кара сөз менен болсо да жазып алган. Бул жактагы чоң манасчылардын айтуусунда да жазган. Мен ошол агамдын жазгандары боюнча «Манасты» үйрөнгөнмүн”, – деп Жусуп Мамай тарыхчы Азиза Турдуевага айткан.

79 жаштагы Жусуп Мамай өз айтуусундагы “Манас” эпосунун текстин кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы менен бирге редакциялоодо. Үрүмчү, 1997-жылдын ноябры.
79 жаштагы Жусуп Мамай өз айтуусундагы “Манас” эпосунун текстин кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы менен бирге редакциялоодо. Үрүмчү, 1997-жылдын ноябры.

Салттуу манасчылык өнөрүн сактоодогу Жусуп Мамайдын көөнөргүс ролун немис профессору Карл Райхл, жапон профессору Такао Нишиваки, бээжиндик профессорлор Мухаммед Ху Чжэнхуа, Лаң Йиң, Адыл Жуматурду, Токтобүбү Ысак кызы, үрүмчүлүк профессорлор Мамбеттурду Мамбетакун, Макелек Өмүрбай, Ысакбек Бейшенбек, адабият таануучулар Толкун Турду, Тургуналы Турсунаалы, Амантур Абдырасул (КЭРдеги Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун бейзаттык маданий мурастарды сактоо жана «Манас» изилдөө борборунун мүдүрү) жана башкалар, кыргызстандык бир катар илимпоздор (Топчубек Тургуналиев, Муратбек Мукасов, Жылдыз Абдиева, ж.б.) белгилешкен.

2. Жусуп Мамай байыркы кыргыздардын келип чыгышын “калмактарга чаташтырып такап” салган, кыргыздарды “калмактан таркаган деп жазган” деген дооматтар да жүйөөсүз.

“Шинжаң эл басмасынын” өкүлдөрү тастыктагандай, «Mанас» эпосунун Жусуп Мамайга таандык варианты (айтымы) Кытай Эл Республикасында 1984-жылдан 1995-жылга чейинки аралыкта 18 томдук болуп (№ 32 форматта) кытайлык кыргыздардын арап жазуусу менен басмадан чыгарылган. Илимпоздор “түпкү нуска” катары айтып жаткан басылма – дал ушул. 1995-жылы Жусуп Мамай 77 гана жашта болгон.

Бул басылмада “калмак” сөзү эч бир жерде кыргыз ханына жана баатырына “чапталган” эмес. Муну Жусуп Мамайдын өзү 1997-жылы ноябрдан 2-декабрга чейин Орозбүбү Сатиш кызы менен Үрүмчүдөгү батиринде чогуу отуруп, ошол жылга чейин жарык көргөн китептеринин ар бир томуна оңдоо киргизишкен дал ушул түп нуска вариант тастыктайт.

Биздин аткаминерлер, андан көрө, ошол вариантты тез арада жарыялоого каржылык жардам берүүсү зарыл. Ошол Орозбүбү Сатиш кызы менен чогуу айрым оңдоо киргизип жаткан чагында Жусуп Мамай 79дан өтүп, 80ге таяп калган.

Андан кийинки Үрүмчүдө 2004-жылы кыргызча кирил жазмасында каталары жыш болуп басмадан чыккан китепке Ак-Чий шаарында жашап калган 86дан өткөн аксакалдын эч тийешеси жок. Муну изилдөөчүлөр Орозбүбү Сатиш кызы менен Назгүл Турдубаева “Азаттык” үналгысында жарыялаган макалаларында айкын далилдешти.

Жусуп Мамай айткан эпостук вариантта кыргыздар жана хан Манас ар дайым кытай, монгол, калмак баскынчыларына жана аларга шерик баскынчыларга каршы күрөшөт жана кыргыз мамлекетинин эгемендигин камсыз кылат.

Манасчы Жусуп Мамай эл арасында. Ак-Чий шаары, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, ШУАР, КЭР.
Манасчы Жусуп Мамай эл арасында. Ак-Чий шаары, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, ШУАР, КЭР.

3. Таң каларлык доомат – Жусуп Мамайдын Энесай тууралуу айтканы тууралуу анын айрым “сынчыларынын” дооматы болду. Манасчылык өнөрү тууралуу биз жакшы чагылдыра элек дагы бир залкарыбыз – Тоголок Молдо “Энесай” (“Енисей”) топонимин “Ээн-Сай” деп түшүндүрөт. Азыркы тывалыктарда да “Хем” (“Кем”) гидрониминен тышкары “Энесай” сөзү колдонулаарын кийин гана билдик.

1980–84-жылдары Кыргызстандын коммунисттик идеологдору Турдакун Усубалиев, Аманбек Карыпкулов, ж.б. аткаминерлер Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын расмий түрдө жерип турган чакта, тарыхчылар Өмүркул Караев, Юлий Худяков (Новосибирск), Астайбек Бутанаев (Абакан), Галина Длужневская (Ленинград), ж.б., жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Кеңеш Жусупов ж.б. Энесай Кыргыз каганаты – жалпы кыргыз элинин тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү экендигин тастыктап турушкан.

Жусуп Мамай өзү айткан вариантта кыргыздардын жашаган жери катары Энесайды гана көрсөткөн деген – таптакыр жалган жалаа.

Жусуп Мамай кыргыздардын бир бөлүгү Энесайга сүрүлүп барган чакта да, айрым кыргыз топтору Борбордук Азияда (Кыргызстанда гана эмес) жашап кала берген, деп таасын чагылдырат. Бул да тарыхый чындыкка төп.

Биз да орто мектептер үчүн кыргыз, орус, өзбек тилдерине жарык көргөн окуу китебибизде, англис жана башка тилдердеги макалаларыбызда археолог Юлий Худяковдун Теңир-Тоодогу кыргыздар V кылымда жуан-жуандардын кысымы астында Энесайга журт которгон, ал эми VI кылымдын ортосунан – XIII кылымдын башына чейин Түштүк Шиберде жана ага чектеш аймактарда Кыргыз каганаты өкүм сүргөн деген илимий жобону чагылдырып келебиз.

Кыргыз тарыхы жалаң гана Кыргызстандын аймагы менен чектелбестен, Ички Азия, Энесай, Алтай, Чыгыш Теңир-Тоо, Каракорум, Памир тоолору, Фергана менен байланыштуу экендигин, айрым кыргыз топтору орто кылымдарда чыгышында Манчжурияга, Ордоско, батышында – Эдил (Волга), Орол тоо, Кырым, Кичи-Азияга чейин жеткендиги жөнүндө Кыргызстанда эгемендик доорунда гана эркин баяндап калдык.

Ошондуктан Жусуп Мамайдын эпостук вариантында Энесай өрөөнү кыргыздын тарыхый бешигинин бири катары даңазалангандыгын XXI кылымдын 20-жылында сындабастан, тескерисинче, маашырланып кабыл алуу абзел.

Уламадан уласак,

Улуулардан сурасак,

Мурунку өткөн чактарда,

Батыш, түндүк жактарда,

Энесай деген жер болгон,

Жери сонун кең болгон,

Өзөнү токой чер болгон,

Төрлөрү тулаң күр болгон,

Эгин эксе мол болгон,

Аз айдаса көп болгон,

Ороонун баары жык толгон,

Азып-тозуп баргандар,

Байыр алып токтолгон...” – деп төгөт Жусуп Мамай.

Мындагы “азып-тозуп баргандар” сөзү аркылуу кыргыздар Энесайга журт которуп (б.а. “миграцияланып”) баргандыгы, түпкү мекени – Борбордук Азия экендиги сыпатталат.

Анын Энесай тууралуу айткандарын германдык таанымал манас таануучу, профессор Карл Райхл да чечмелеп макала жазган.

(Reichl Karl. The Concept Of Early Kyrgyz History According To The Manaschy Jüsüp Mamay // Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында: Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган II эл аралык илимий жыйындагы баяндамалардын тезистери: 2013-жылдын 15-16-ноябры, Бишкек ш. / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), ж.б. – Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2013. – “Мурас” коомдук фонду. - ISBN 978-9967-12-360-1. – Б. 15–16.).

Энесайга чейин кыргыздар байыртадан байырлаган жер – Чыгыш Теңир-Тоо болгону заманбап этнологиялык илимде тастыкталган маалымат.

Ыраматылык жазуучу жана ойчул бабабыз Чыңгыз Айтматов (1928–2008) орус синологу Л. А. Боровкова менен археологу Ю. С. Худяков жазып, азыркы алатоолук тарыхчылардын көбү (арасында ушул саптардын ээси) колдоп чыккан ошол илимий жобого (концепцияга) ынанган экен:

“...Кытай жылнаамасына “кыргыз” деген аталма туңгуч ирет биздин доорубузга чейинки III кылымдын аягында жазылган. Мындан Чыгыш Ала-Тоонун Боро-Хоро тоо кыркасын да кымтып жаткан аймакта ошол доордун өзүндө эл болуп, журт болуп, таруудай чачылып кетпей, уюткулуу кыргыз деген калк бар экендигин билебиз”.

Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай “Манас” эпосунун шарттуу миң жылдыгына арналган симпозиумда (төрдө ортодо, солдон төртүнчү). Август, 1995.
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай “Манас” эпосунун шарттуу миң жылдыгына арналган симпозиумда (төрдө ортодо, солдон төртүнчү). Август, 1995.

Манасчы Жусуп Мамайдын дагы бир айырмасы – ал кыргыздын түпкү жерлери катары Талас, Ысык-Көлдү гана эмес, жалпы Теңир-Тоону, Памирди, анын ичинде Чыгыш Памир (Ак-Тоо) менен Чыгыш Теңир-Тоону да камтып айтат. Жусуп Мамайдын бул этно-географиялык идеясы ал айтып калтырган башка чаканыраак баатырдык дастандарда да чагылдырылган.

4. Кылдан кыйкым издегендердин Жусуп Мамайды кыргыз элине тымызын кастык кылган инсан катары жаманатты кылуу аракеттери да суу кечпейт. Жусуп Мамай Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына бекеринен арзыган эмес. Бекеринен анын манасчылык өнөрү 2013–2017-жылдары Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде ар тараптуу иликтенген эмес.

Кытай Эл Республикасында Жусуп Мамай өмүрү өткөнчө эң кадыр-барктуу инсан катары сыйлыкка арзып келди.

Үрүмчүлүк боордошубуз Бектур Илияс тастыктагандай, 2012-жылы 21-февралда Бээжин шаарындагы «Эл курултайы» сарайында болуп өткөн салтанатта КЭРде элдик оозеки адабият өнөрпоздоруна берилчү "Тоо гүлү" деп аталган мамлекеттик эң чоң сыйлыктын "Өмүр бою эмгек сиңирген" деген эң мартабалуу наамынын 8-жолку ээлери аныкталган. Сыйлык бүткүл Кытай боюнча үч гана кишиге берилип, анын бири – залкар манасчы Жусуп Мамай болгон. “Тоо гүлү” сыйлыгына мурда да арзыган Жусуп Мамай бул жолу аны “өмүр бою сиңирген эмгеги үчүн” деген аныктама менен алган эле.

Далай тар жол, тайгак кечүүдөн өткөн Жусуп Мамай Кытайдын да, Кыргызстандын да, мартабалуу сыйлыктарын көзү тирүүсүндө алып калганына өзгөчө канааттансак болот. Бул чыгаан инсан өзү жараны болгон КЭР менен эгемен Кыргызстандын ортосунда данакерлик кылганы дагы анын жалпы кыргыз элине кылган улуу кызматы болуп саналат. Жусуп Мамайдын жалпы дастанчылык мурасы – Евразиянын чордону менен чыгышындагы ар кыл улуттарды достоштурган элдик дипломатиянын жогорку үлгүсү.

Этносторго бөлүнүп, өз ара ыркырашкан орто кылымдарда дагы Абу Наср Фараби, Мухаммед Хорезми, Абу Райхан Беруни, Ибн Сина, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари Барскани, Жалаледдин Руми, Улукбек сыяктуу данакер айдыңдар чыккан. Алардын жолун татыктуу уланткандардын бири – манасчы, дастанчы Жусуп Мамай болду.

Айтмакчы, Жусуп Мамай XX кылымда далай азап-тозокту баштан кечирген. 1966–76-жылдар ортосунда айтылуу “маданий ыңкылап” маалында ал ШУАРда сүргүндө да болгон. Бирок анын эрки эч майтарылган эмес. Ал “Манас” эпосу боюнча өз вариантын кайра жаздыруу жана жарыялоо аркылуу “маданий ыңкылаптан” кийинки доордогу Кытайдагы кыргыздардын жаңыча руханий өрүшү үчүн опол тоодой кызмат кылды.

Эми "эпос” сөзүнүн “Э” тамгасын да так жаза албаган айрым сүрмө топтун кыянаттыгы аркылуу анын мурасына Кыргызстанда бөгөт койгусу келгендер бул далаалаттары аркылуу өздөрү шылдыңга гана калышы ыктымал. Себеби Жусуп Мамайдын мурасы азыр англис, немис, жапон тилдеринде сүйлөп жатат, айрым бөлүктөрү орус тилине да которулууда.

Кыргызстанда кыргыз таануу жана манас таануу жаатындагы өкмөттүк саясат ырааттуу жүргүзүлүшү керек деп эсептейм.

Ооба, азыркы тапта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абакта убактылуу отурат. Бирок ал Кыргыз Республикасынын Президенти кезинде кол койгон "Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 95 Жарлыгы, ошондой эле 2013-2017-жылдары кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын калайыкка терең таанытуу багытында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чыгарган буйрук (2013-жылдын 6-сентябры, № 366-буйрук) Кыргызстанда жусуп мамай таануу багытына кыйла түрткү болгондугун ачык айтуу абзел.

Президент менен өкмөт башчы бул документтерди өздөрү эс алып отурганда “бош убактан пайдаланып жөн салды чиймелей коюшкан” эмес, бул расмий документтер узак мөөнөттүк аракеттин башаты катары алдын-ала адистик талкуудан өтүп бышырылган. Аларды долбоор кезинде колдоого алган айрым “илимдеги төбөлдөр” неге азыр баштарын катып отуруп калышканына эч түшүнбөйм. А.Атамбаевдин дал ушул жарлыгы мактоого арзыйт жана улантууну талап кылат.

Дал ушул расмий документтерге ылайык Кыргызстандын Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” коомдук фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, ТалМУ, НарынМУ, Жалал-АбатМУ, Жусуп Баласагын атындагы КУУ жана башка университеттер, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси, "Сапат" агартуу мекемеси ж.б. илимий жана коомдук уюмдар биргелешип, жусуп мамай таануу багытында изилдөөлөрдү жана башка маданий иш-чараларды ар тараптуу жүзөгө ашырып келишти.

Эми Кыргызстанда бул багытты улам жаңы деңгээлде улантуунун ордуна өзүн нагыз “патриот” санаган бир ууч кишинин түрткүсү менен бул илимий-маданий иш-аракеттер жасалма токтотулуп калчу болсо, анда тарых өзү мындай түркөйлүктү, алешемдикти кечирбейт.

Кыскача адабият

Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын (1918-2014) элесине арналган Үчүнчү эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын. Жалал-Абат мамлекеттик университети. 22-24.05.2016. Баяндамалар жана макалалар жыйнагы / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 396+iv б., сүрөт. – “Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция. – Жалал-Абат мамлекеттик университети. – Жалал-Абат Экономика жана ишкердик университети. - “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. ISBN 978-9967-12-567-4.

Жусуп Мамай (1918–2014): Дастанда калган өмүр: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасы тууралуу илимий баяндамалардын ж-а макалалардын топтому / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Эркебаев, ж.б.; “Мурас” фонду. – Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. - 232+iv б., сүрөт. - – [“Тарых жана мурас” түрмөгү.]. - ISBN – 978-9967-12-486-8.

Жусуп Мамай: Заманыбыздын залкар манасчысы: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий баяндамалардын жана макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б. – Б.: “Maxprint” басмаканасы, 2014. – 514 б., сүрөт. - “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү.]. - ISBN 978-9967-12-394-6.

Жусуп Мамай жана түрк калктарынын эпостору: Кыргыз Республикасынын Баатыры, манасчы Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасына арналган IV эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Бишкек шаары, 14.04.2017. Баяндамалар жана макалалар жыйнагы / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. — Бишкек: MaxPrint басмасы, 2017. — 470+ii б., сүрөт. — Жусуп Баласагын атындагы КУУ. — “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. — Шинжаң “Манас” изилдөө борбору. — “Мурас” фонду. — “Тарых жана мурас” түрмөгү. — ISBN 978-9967-32-227-1.

Ысак кызы Токтобүбү, Жуматурду уулу Адыл. Залкар Манасчы Жүсүп Мамай / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Акматалиев, ж.б.; илимий редактору Гүлзада Абдалиева. – Б.: “Принт Экспресс”, 2014. – 328 б. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ]. - ISBN 978-9967-12-401-1.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG