Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

«Манас» эпосу – Жүсүп Мамайдын вариантында да кыргыз рухун ширелтип турат


Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрүнө арналган илимий жыйындын көрнөгү. Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых факультети. 20.12.2013.
Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрүнө арналган илимий жыйындын көрнөгү. Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых факультети. 20.12.2013.

«Манас» эпосунун Жүсүп Мамай айткан вариантын каралаган айрым пикирлер басма сөздө, интернеттин коомдук тармактарында айтылып келди. Деги мындай доолор калыспы? Жаш илимпоз, доктор Гүлзада Нармаматованын блогу.

Жүсүп Мамай – залкар манасчы

Кыргыз Республикасынын Баатыры, биринчи даражадагы Манас орденинин ээси, манасчы Жүсүп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында Ат-Жайлоо конушунда туулган.

«Манас» эпосунун айынан ал Кытайдагы «маданий ыңкылап» жылдарында куугунтукка кабылып, абакка да түшкөн. Ѳмүрүн кыргыз элинин Кытайда жашаган бөлүгүнүн оозеки чыгармачылыгына, “Манас” эпосуна арнаган.

Залкар манасчы 2014-жылы Ак-Чийде каза болгон.

Профессордун сыны тууралуу

Манас таануучу, филология илимдеринин доктору Жылдыз Орозобекованын «Манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Манас калмак болгон» деген пикири ушул макаланы жазууга себеп болду.

Профессордун айтымында:

“Жусуп Мамайдын “Манас” китеби 2012-жылы Синзяндан (Кытайдан) чыккан. Ушунун 6-8-беттеринде мындай маалымат берилген. “Угуздун тукумунан Калаш деген кан чыгат, ал өзүнүн жалгыз уулу ала болуп ооруганы үчүн, аны өлүмгө буюрат. Увазири баланы өлтүрбөй алыскы тоого алып барып, жанына ташталган балдарды кошуп, бул жерден кайтсаңар өлөсүңөр дейт. Мына текст.

Калаш кандын уулунун

Алганы эркек тууптур.

Киши көрбөй тоодо өскөн,

Оозуна келген кепти айтып,

Атын Бөйөн коюптур,

Бөйөндөн Чаян төрөлдү.

Чаяндан туулду Каракан,

Каракандан “Кыр кездин”

Бир далайы тараган” [Китептин 7-бетинде].

Арийне, бул тексттердин түпкү нускасы боюнча макалада эч кайсы жерде маалымат берилбептир.

Профессор Жылдыз Орозобекова бул китептин түпкү нускасы менен таанышпы, аны билбейбиз. Себеби, Кытайдагы кыргыздар тобу кыргыз тилине ылайыкташтырылган араб арибин колдонушкандыктан, китептин түпкү нускасы араб арибинде (эне тилибизде) чыккан.

Араб кыргыз графикасынан кыргыз кирил графикасына оодарылып берилген, т.а. транслитерацияланган (лат. trans - аркылуу жана litera - тамга, арип). Жогорку текст Жүсүп Мамайдын кайсы китебинен транслитерацияланганы, транслитерацияланган вариантты ким жасаган, канчалык туура окулган, – бул жөнүндө профессор тарабынан такталган эмес.

«Манас» эпосу – эң алгач элдик, фольклордук чыгарма. Фольклордук тексттерди, кол жазмаларды оңдоого же өзгөртүүгө, керек болсо үтүрүнө да тийишүүгө болбойт. Илимдин талабы ушул.

Эгер өзгөртүлсө, ал текст өзүнүн кылымдан кылымга, ооздон оозго өтүп келе жаткан баалуулугун жоготот. Эгерде текстте элдин тарыхый чындыгына терс келе турган маанилер, түшүнүктөр болсо, анда аны иликтеп, негизине жетиш керек.

Ал эми карапайым эл илимий даражасы бар кишилердин айткандарына ынанат. Ошондуктан элге кайсы бир маалыматты берүүдө кылдат болуу керек.

Түп нускада мазмун-маани кандай?

Көптөн бери талкууга түшүп келе жаткан ушул маселенин чындыгына жетүү максатында Улуттук китепканада сакталып турган Жүсүп Мамайдын Шинжан басмасынан араб ариби менен (1984-ж.) басылып чыккан “Манас” эпосунун биринчи китебин окуп, «чырдуу» деп айтылып жаткан саптарды иликтеп чыктым.

Китепте кандай жазылса, ошол бойдон элге сунуштайм. Китептин мукабасында:

Кыргыз элинин тарыхый эпосу. Манас, Шинжан эл басмасында басылган, биринчи бөлүм (биринчи китеп). Айтуучу: Жүсүп Мамай, иреттөөчү: Асанбай Матили.

Басылып чыккан жылы боюнча китептин эң акыркы барагында “1984-жыл, 9-ай басмага биринчи ирет берилди, 1984-жыл 9-айда биринчи ирет басылышы” деген маалымат берилиптир.

Кагазга түшүрүү иши 1983-жылга чейин жүргүзүлгөн (https://new.bizdin.kg/person/zhusup-mamay).

Демек, колубуздагы Жүсүп Мамайдын варианты эң алгачкы басылып чыккан китеби. Биз муну шарттуу түрдө түпкү нуска катары кабыл алуубуз керек. Себеби, Жүсүп Мамайдын жазып калтыраган кол жазмаларын фольклорчу, профессор Сулайман Кайыпов атайын Кытайга барып, таба албагандыгы тууралуу өзүнөн маалымат алдык.

Ал эми изилдөөчү Орозбүбү Сатиш кызы 1997-жылы Үрүмчүгө барып, Жүсүп Мамайдын өзүнөн 1984-жылкы вариантты кылдат тактап чыккан экен.

Жүсүп Мамайдын варианты алгач кыргыздардын таралышы тууралуу маалымат менен башталат. Кыргыздардын келип чыгышы жөнүндө мындай деп айтылат:

Кырк уруу келип топтолду.

Уруктап тукум бутактап,

Кырк уруу кырк жүз эл болду.

Кырк уруулуу кырк жүзгө

«Кыргыз» деген ат конду. (11-б.)

Түпкү нускада кыргыз аталышы, кыргыз элинин таралышы жөнүндө жогоруда Жылдыз Орозобекова келтирген саптар жок. Бул саптардын кийинки басылып чыккан басылмаларда орун алуусу ‒ башкалар тарабынан тексттин үстүндө чоң бурмалоо жасалгандыгынан кабар берет.

Кыргыз элине Мамай аттуу хан болот. Анын Кал Мамай деген лакап аты жоюлуп, Хан Мамай атка конот. Хан Мамай үч аял алып, балалуу боло албайт. Анан балалуу жесир аялды алып, ошондон уулдуу болот. Анын аты Бөдөнө. Бөдөнөдөн Бөкөй.

Бөкөй өтө эрке чыккандыктан, арадан он беш ата өткүчө кыргыздар чачылган.

Чилдей тозуп кыргыздар,

Ѳчүп таалай жылдыздар.

Кийин Бөдөнө хандын урпактарынан кайрадан Бөйөн хан, андан Чаян хан, Чаян хандан Карахан кыргыздарга хандык кылган.

Карахандан уруктап, бирок анын өз баласы эмес, уруктан чыккан Орозду баатыр болгон. Ороздунун он уулу болгон. Эң чоң байбичесинен Жакып менен Шыгай төрөлгөн.

Китепте бул окуя мындайча баяндалат:

Бөдөнөнүн тукуму,

Ойго жетик уулду

Туу көтөрүп хан койду,

Бөйөн хан деген ат конду.

Бөйөн хандан Чаян хан,

Чаян хандан Карахан

Карахандан уруктап,

Орозду баатыр тараган.

Орозду эр жетип, беш аял алат. Эң улуу аялынан Жакып менен Шыгай төрөлөт:

Ороздунун «беш уз» деп,

Эл ичинде кеп калды.

Чоң катындан туулган

Жакып менен Шыгай хан.

Экинчи катын балдары

Катаган менен Каткалаң. (19-20 бб)

Бул саптарда Жакыптын биз билген, башка варианттарда да айтылып жүргөн Ороздунун баласы экендиги Жүсүп Мамайдын вариантында да өзгөргөн эмес. Жакып калмак болгон деген маалымат жок.

Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай өз айтуусундагы “Манас” эпосунун мурда жарыяланган текстин кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы менен чогуу редакциялаган учурдагы барактын бир бети. Үрүмчү, 1997-жылдын ноябры.
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай өз айтуусундагы “Манас” эпосунун мурда жарыяланган текстин кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы менен чогуу редакциялаган учурдагы барактын бир бети. Үрүмчү, 1997-жылдын ноябры.

Кийинки бөлүмдө Алоокенин кыргыздарды чабышы баяндалат:

Алоокенин кыргыздарды чабышы

Ороздунун тушунда,

Ѳткөн ошол кылымда

Кезик оору таралып,

Кеңирсип жаткан кыргызга

Керебедей саргайып

Опсуз жумуш болбоптур

Ороздуну ач ажал

Ажыдаардай соруптур.

Анда Алооке деген бар экен

Атагы көпкө даң экен.

Кара кытай, калмакты

Бийлеп турган хан экен

………..

«Толукшуп турган кези» деп

Кыргызга көзүн кызартты.

Ороздунун он уулун,

Ѳз мейилинче талады.

Ойноп жаткан кыргызды

Башына салды балааны (28-29 бб).

Бул саптарда тексттин түзүлүшүнө көңүл буралы, Орозду өлгөндөн кийин Алоокенин баш көтөргөнү, кыргызга көзүн кызартканы, басып алганы, Ороздунун он уулун талап-тоноп, ар кайсы жакка көчүрүп жибергени баяндалат.

Адыбай, Ташбай, Көөлбай

Көчүп кетти Букарга.

Эне Сайда тура албай,

Аты бизге жетпеген,

Андайлардан далайлар.

Ѳзүнө кылып каранды,

Калганын калмак талады.

………………………

Ороздунун он уулун,

Оор кылып турмушун.

Козусундай ийгерди.

Тентип айдап жиберди,

……………..

Ѳкүттү кылып кыргыздар,

Ѳттү турмуш ушундай. (32-б.).

Тасма. Жусуп Мамайдын "Манас" айтканы, 1970-жылдар.

Ороздунун он уулун туш-тарапка тентитип айдап жиберген Алооке Жакыпты Ногой ханга берет:

Калмактардын элинде,

«Ногой» деген бар экен.

Арбып малы ар жылы,

Жердеген жери кышы-жаз,

Балык Арт деген жай экен.

Алооке калдай, Жакыпты,

Ногой байга бериптир.

«Ногойдун эли» деп жүрүп,

Аталып «ногой» кетиптир.

Бул саптар боюнча «Жакыпты ногой катары көрсөткөн» деген пикирлер айтылып келет.

«Ногойдун эли» деп жүрүп,

Аталып «ногой» кетиптир.

Бул жерде Жакып ногой болгон деген маани жок. Ногой Хандын атынан «ногой» элинин, этностун атынын чыгышы жөнүндө сөз болуп жатат.

Мындай учурлар тарыхтан белгилүү. Мисалы, өзбек элинин аталышы Ѳзбек хандын атынан келип чыккан.

Жылдыз Орозобекованын ошол эле макаласында келтирилген сапты карасак:

Хан Ногой калмак Жакыпты

Жактырып абдан калыптыр” [Китептин 9-бетинде],

– бул текст боюнча кыргыздын нагыз теги жоголот», – дейт профессор Жылдыз Орозобекова.

Эми бул эки саптын бурмаланбаган түп нуска тексттеги маанисин кылдат талдап көрөлү.

Кыргыз эли Алоокенин кол астында оор абалда калгандыгы, Жакыпты Ногой Ханга бергендиги тууралуу маалымат жогоруда айтылды.

Туш тарапка бытырап, таланып тонолгон элди сактап калуу үчүн Жакыптын жасаган аракетинен акылмандуулукту, кеменгерликти көрөбүз. Нагыз кыргыз элине тиешелүү “таш менен урганды, аш менен ур” деген айкөлдүктү байкайбыз.

Муну төмөнкү саптар далилдейт:

Сапырып кумдай кыргыздын,

Санаасын санга бөлүптүр.

Көнөктөп жааган жамгырдай,

Көзүнөн жашын төгүптүр.

Ошентсе да Жакып бай,

Уйпаланып калбады.

Жагынгансып калмакты,

Мал, пулу менен жалдады.

Калмактар менен кагышпай,

Ат, тон берип алдады.

…………………….

Алтынын көрүп жылмайып

Арсайган тишин кылайтып:

«Жакып бай үйгө кириң» деп,

«Жай алып, чайдан ичиң» деп

Хан Ногой мынтип Жакыпты,

Кастарлады, жактырды.

Жогорудагы саптарды окуп, маанисин түшүнгөн кишиге “Манас” эпосунун Жүсүп Мамай айткан вариантында кыргыз элине каршы келген эч кандай кайчы пикир жок экендиги анык.

Кийинки басылыштардагы катанын Жүсүп Мамайга тийешеси жок

Албетте, кийинки басылыштардагы (2004, 2012) түпкү нускадан айырмаланган, өзгөртүлгөн, бурмаланган саптардын жаралышы боюнча илимий өңүттөн реалдуу изилдөө жүргүзүү зарыл.

Жүсүп Мамайдын алгачкы чыгарган китебинин (1984-ж.) кыргыздын арапча алфавиттеги текстин кыргыздын кирил тамгасына толук транслитерацияланышын сунуштап жаткан илимпоздордун ойлорун толук колдойм.

Атаганат, манастаануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Орозобекова «Манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Манас калмак болгон» деген бир жактуу пикирин элге жайылтуудан мурун, Улуттук китепканада сакталып турган түпкү нускасы менен таанышып чыкса абдан алгылыктуу болмок эле.

Ал эми 2004–2012 жылдары бастырылган китептер Сталин доорундагыдай китепканалардан алынып, окурмандардан четтетилбестен, сын көз менен иликтөөнүн аатайын мерчемине айланышы керек.

Бизде, советтик Кыргызстанда да 1950-жылдары ар башка айтуучудан биргелештирилип чыгарылган “Манас” эпосунун кошмо варианты коммунисттик цензурага ылайыкталган. Бирок аны азыр ойрон кылбастан, тарыхнаамалык, булак таануучулук, текстологиялык өңүттөн иликтөө үчүн кастарлап сактап келе жатпайбызбы!

“Манас” эпосу, – Кыргызстанда жашаган кыргыздардын болсун, башка мамлекеттердеги тарыхый аймактарда жашаган кыргыздардын болсун, – улуу мурасы, аманаты.

Доктор Гүлзада Нармаматова. 2020.
Доктор Гүлзада Нармаматова. 2020.

Аны кайсы бир утурумдук тар кызыкчылыктар менен бурмалоого, өзгөртүүгө, каралоого эч кимдин укугу жок.

Манасчылык өнөрүн туу тутуп келген бабаларыбыздын жана азыркы жаш манасчылардын ар биринин айткан вариантын өз алдынча уникалдуу вариант катары аздектеп сактап калуу жана өзгөчөлүктөрүн калыс изилдөө – бардыгыбыздын орчун милдетибиз.

Гүлзада Нармаматова,

Түркология илимий тармагы боюнча PhD доктору,

«Манас» жана Ч.Айтматов Улуттук Академиясынын жетектөөчү адиси.

Ред.:

Тексттеги “Жүсүп Мамай” ысымы автордун сунушу боюнча өзгөрүүсүз калтырылды. Кыргызстандагы адабиятта бул ысым “Жусуп Мамай” деп берилет.

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG