Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:44

Залкар манасчы Жүсүп Мамайга өзү айтпагандарды таңуулабайлы


Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп жубайы Айтбү эне менен. Үрүмчү, 1997-жылдын ноябры.
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп жубайы Айтбү эне менен. Үрүмчү, 1997-жылдын ноябры.

Маркум Жүсүп Мамайдын айтуусундагы “Манас” вариантынын ар кандай цензурадан эркин текстин чукул арада жарыялоо зарыл. Кытайлык залкар кыргыз манасчынын өзү менен чогуу отуруп, анын эпостук вариантынын текстин тактаган манас таануучу Орозбүбү Сатиш кызынын пикири дал ушундай.

Бул чакан макалабызда кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы, КЭРдин “Тоо гүлү” сыйлыгынын эки жолку ээси, Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алган бирден-бир чет өлкөлүк кыргыз болгон Жүсүп Мамайдын (1918–2014) айтуусундагы “Манас” эпосун каралоо далаалаттарына байланыштуу азыноолак ой бөлүшмөкчүбүз.

Жусуп Мамайга арналган илимий жыйындын көрнөгү. КУУ. 20.12.2013.
Жусуп Мамайга арналган илимий жыйындын көрнөгү. КУУ. 20.12.2013.

Профессор Жылдыз Орозобекова манасчы Жүсүп Мамай хан Манасты жана анын бабасын “калмак кылып” коюптур, демек, Жүсүп Мамайдын мурасына тыюу салуу керек”, деп үстөккө босток жазып келет.

2020-жылы 31-октябрда Жылдыз Орозобекова “Фейсбукта” пост жарыялап, өзү улам курчутуп жазып келе жаткан маселени башкача өңүттө улантып, эми манас таануу багытында иштеп жаткан академиянын жетекчиси менен кызматкерлерине кине кылды:

Т.Тургуналиев, Т.Кененсариев, Ч.Субакожоева кыргызга кастыгыңар бар экен. Мынчалыкка барбаш керек эле”.

Аны колдоп, Абдымамбет Сариев мындайча пикирди улап жазды:

18-бетте:

Кан Ногой калмак Жакыпты,

Жактырып өтө калыптыр...

Жылдыз Орозобекова андан ары пикирин кошумчалады:

Сөз Ж. Мамайдын вариантын жайылтуунун айласын таап, билип туруп кыргыздын таралыш тарыхын бурмаланганын окуп туруп, утур бир министрге киришип мамлекеттин акчасына мамлекетти жок кылууга далбастагандарынан келип чыкты, замандаштар”.

Назгүл Турдубаева азыркы КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылында жайгашкан Жусуп Мамайдын музейинде маркум манасчынын момдон жасалган айкелинин жанында. 30.7.2015.
Назгүл Турдубаева азыркы КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылында жайгашкан Жусуп Мамайдын музейинде маркум манасчынын момдон жасалган айкелинин жанында. 30.7.2015.

Дароо кошумчаласак, илимпоз Назгүл Турдубаева аларга ушул эле посттун этегинде өз жообун берди:

Урматтуу Абдымамабет Сариев! Сиз котормонун негизинде айтып жатасыз. 2004-жылы Жүсүп Мамайдын "Манас"эпосу биздин кириллицага салынып которулган. Аталган котормо түп нусканын негизинде которулган эмес. Жүсүп Мамайдын "Манас" эпосунун түп нускасында:

"Хан Ногой минтип Жакыпты,

Кастарлады, жактырды", - деп берилген (31-бет).

Бул түп нускада ушундай жазылган. Жүсүп Мамайдын вариантында эч кандай калмакташуу деген маселе жок. Түп нускада окуп туруп, манасчы Жүсүп Мамайдын варианты тууралу сөз кылалы. Араб жазуусунда окуй албаганыңыздар, же эпостун түп нускасын окуй албагандар, 1995-жылы Орозбүбү Сатиш кызынын түп нускадан биздин жазууга которулган варианты бар. Окуп чыгыңыздар”.

Жылдыз Орозобекова: “Назгүл, туп нусканы сага берип коюшуп, кытайлык кыргыз окумуштуулар кайдан алып жазышты экен минтип. Мага башканы сүйлөйсүң сиңдим, эми башканы айтасың. Кандай бул?

Назгүл Турдубаева: “Эже, түп нуска китепканада турат. Мага эч ким берген жок. Мен китепканадан окудум. Аны Сиз дагы окуптурсуз. Сиздин колдонгонуңуз тууралу колуңуз турат. Түп нусканы билесиз. Башканы сүйлөбөй эле мен Сизге суроо бердим го... түп нускады окудуңузбу деп? Окубаптырсыз. Аны өзүңүз айттыңыз. Түп нусканы окубай туруп, Жүсүп Мамайдын манасчылыгына жана анын вариантына элге кайчы жарата турган пикир жаратуу болбойт”.

[Талкуунун калганын ушул шилтемеден таба аласыз].

Мындай кызуу талкуулар жүрүп, биздин да атыбыз эскертилип жаткан соң, өз пикирибизди кыскача билдирип коюуну эп көрүп турабыз.

Биздин оюбузча, филология илимдеринин доктору, профессор Ж.Орозобекова залкар манасчы Жүсүп Мамайды “Манас” эпосунун дүйнөсүнөн сүрүп чыгууга адашуунун негизинде гана далаалат жасап жатат. (Анын ушундай маанидеги Жүсүп Мамайга каршы ою 2019-жылдын 13-июнунда «Kyrgyztoday» интернет басылмасында да чагылдырылган).

Советтик Кыргызстанда да цензуралык чектөөлөр болгон

Көөнө жана кийинки манасчылар «Манас» эпосунун элдик катмарга сиңип калыптанышында зор салым кошкон. Ар бир манасчы “Манасты” өздөштүрүп, өз таанымына жараша окуяларды эч бир чектөөсүз жаратышып, ар кыл сүрөттөлүштөрдү өз таланты менен иштеп чыгышкан; эпостук ар бир айтымдын (варианттын) идеясын жана саясатын ошол манасчы өзү жашаган чөйрөнүн саясий, философиялык жана адеп-ахлактык абалына жараша элге жеткирип турушкан.

Тилекке каршы, Ала-Тоодогу кыргыздардын социалисттик доордогу өнүгүүсүндө алардын манасчыларынын жаратмандыгына идеологиялык-саясий кийлигишүүлөр көп болгон.

Большевиктик цензуранын алгачкы кысымын манасчы Сагынбай Орозбак уулу 1920-жылдары жон териси менен сезген дешет.

Ошондой эле, 1950-жылы айрым мыкты манас таануучулар (Ташым Байжиев, Зыяш Бектенов, Тазабек Саманчин) сталиндик ГУЛагга кесилгенден кийинки заманда айрым кыргызстандык идеологдор жөн гана өз жумушуна этият болуп калбастан, илимпоздор менен манасчыларга да цензуралык кысым көрсөтө башташкан.

Алсак, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин вариантынын бир катар маалыматтары эпосту изилдөөчүлөр тарабынан саясий кысым астында өзгөртүлгөндүгү буга мисал боло алат.

Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук Академиясынын илимий кызматкери, «Манас» эпосун изилдөөчү Самар Мусаевдин айтканы бар: "...күнүгө эртең менен ишке жөнөгөнүбүздө, сумкебизге спорт кийимдерибизди, чачык, самын, ж.б. бирге ала келчүбүз. Анткени, «мүмкүн бүгүн мени Мамлекеттик коопсуздук комитетинин сурагына алып кетсе, үч күн кармалып калышым мүмкүн», деп ойлочубуз. А сурак эпостогу тексттер боюнча болот эле. Ошол кездин саясатына туура келбеген ар бир сөз басмага берилбестен «тазаланып» турган.

Ал кезде «кыргыздардын сабаттуулугу, маданияты 1917-жылдагы Улуу Октябрь революциясынан кийин гана калыптанып, улуу орус элинин жетекчилиги менен дүйнөлүк цивилизацияга кадам ташталды» деген идея кыргыздарга таңууланган саясат жүргүзүлгөн.

Самар Мусаев (1927–2010) агай ушул ачуу чындыкты өз маалында айта кеткендиги абдан жакшы болду. Саясаттын таасиринен ал учурдагы «Манас» эпосу, тагыраак айтканда, Саякбай Каралаевдин варианты «баатырдык эпос» деп аталып, анын тарыхыйлыгы кыргыздардын байыркы нукура тарыхынан алда-канча бурмаланган. Биз ал мезгилде тарыхсыз, жаңы жаралыштагы эл катары эсептелгенбиз. Ал түгүл, бар тарыхыбыз ачыкка чыгарылбай, тарыхый эпосту элдин ойлоп тапкан «жомогу» дегенге чейин барганбыз.

Көз карашы ошол аралыкта, ошондой нукта калыптанып калган манасчылар, же ал варианттарды изилдеген манас таануучулар, азыр да кудум ошондой ой жүгүртүп, «оңдолгон» сюжеттен чыгып, четтеп кете албай келе жатат. Кыргыздар Ала-Тоодон Алтайга көчкөн десе, ага да макул болдук. А кыргыздардын тарыхынын нагыз өзү андай эмес, андан да терең жана кеңири эле.

Жүсүп Мамай кыргыздын атажурттарынын бири катары Энесайды көрсөтөт

Сөзүбүз кургак болбосун үчүн, биз Жүсүп Мамайдын айтымындагы «Манас» эпосунун текстине кирип, андагы «Кыргыздардын таралышы» деген аталышын карайлы.

Эпос алгач «Алгы сөз» менен башталып, кара сөз түрүндө «Манас» эпосу пайда болгон доор жана райондор» деген кичи бөлүмдө эпостун тарыхыйлыгына токтолгон. Анда, кытайлык изилдөөчүлөрдүн чет элдиктер менен биргелешкен ой жүгүртүүлөрүндө эпостун жаралыш доору жаатында үч түрдүү көз караштары берилген:

1) VIII – IX кылымда Энесай доорунда,

2) IX – XI кылымда алтай доорунда,

3) XVI – XVIII кылымда Жуңгар баскынчылыгы доорунда Манас жашаган жана эпос пайда болгон (Жүсүп Мамай, «Манас» 1(1), 1984-ж.).

Эми, эпостун өзүн IX – X кылымдардын ортосунда (“Улуу Кыргыз каганатынын” гүлдөгөн учурунда) жарыкка чыккан деп айрым изилдөөлөр бүтүмгө келишип, эзелки кыргыздар өз кезинде Энесай дарыясынын жогорку агымында жашашкан деген далилге таянышат. Бул, менимче, туура айтылган көз караш.

Биз, кыргызстандык кыргыздар, Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын анча терең билбейбиз. Ага жогорудагы коммунисттик цензурачыл саясат күнөөлүү. Ал кезде калмактар (ойроттор) тарыхый сахнага келе элек болчу. (Албетте, эпосто ойроттор деле алда канча мурдагы тарыхта өткөн кидандарга замандаш боло берет).

Демек, тарыхтагы орду боюнча, Энесай, Ала-Тоо, Алтай аймактары – кыргыздардын көөнө кезден өз жерлери.

Кытайлык изилдөөчүлөр бул тарыхты билгендиктен жана 1980–90-жылдары мамлекетинде эч кандай улуттардын тарыхына чектөөлөр болбогондуктан, алар Манастын тарыхыйлыгын даана ачып, манасчы Жүсүп Мамай өзүнүн вариантын тарыхка шайкеш келтирип, Ала-Тоонун Ат-Башысында хан Кошой турган мезгилде, кыргыздардын тобу ойроттор менен чабышта жер ооп барганы да сүрөттөлүп, кыргыздардын бир бөлүгүнүн токтолгон чөйрөсү – Энесайда кыргыздар өз жеринин ээси катары жердеп турушкандыгын, бирок, ойроттордун ал жерлерге чейин баскынчылыгы өкүм сүрүп тургандыктан, аларга убактылуу көз карандылыгы айтылат.

Бирок, түпкүлүгү кыргыздар ошол жерден таралышкандыгын манасчы Жүсүп Мамай эпосто төмөнкүдөй айтат:

Мурунку өткөн чактарда,

Чыгыш-түндүк жактарда,

Энесай деген жер болгон.

Энесай элин башкарган,

Калмамай деген хан болгон.

Хан болгондо Мамайга,

«Кал» деген лакап жоюлуп,

«Хан Мамай» деп ат койгон.

Кийинчерээк өнүктү,

Кырк уруу болуп бөлүндү.

Хан Мамай кырк жыл хан болду.

Уруктап тукум бутактап,

Кырк уруу кырк жүз эл болду.

Кырк уруулуу кырк жүзгө,

«Кыргыз» деген ат конду.

Караңыз: «Манас» эпосу, 1(1) китеп, түпкүлүк китепте 22-23-беттер, Жүсүп Мамайдын варианты, Үрүмчү, 1984).

Жүсүп Мамайдын вариантынын «тарыхый эпос» экендигинин дагы бир далили ушунда бекемделет.

Жүсүп Мамай Манасты жана анын бабаларын кыргыз деп эле санаган

Ал эми профессор Ж.Орозобекова Жүсүп Мамайдын катасын табууга далалат кылганда, өз макаласын Жүсүп Мамайдын вариантынын 2004- жана 2012-жылдарда Кыргызстанда чала сабаттык менен кирил жазмасына которулуп даярдалып, бирок Кытайдагы басмада кирил жазмасында жарык көргөн китептерге таянып жазгандыгы эми айкын болду.

Бул жаатта илимпоз Назгүл Турдубаева да калыс белгилейт.

Ал эми 1997-жылы мен Кыргыз Республикасынын Илимдер Улуттук Академиясы тарабынан жөнөтүлүп, Кытай Эл Республикасынын илимий кызматкерлери жана манасчы Жүсүп Мамай менен дидарлашып-кызматташууга Үрүмчү шаарына барган элем.

КЭРдин ШУАР аймагына жасаган ошол 1997-жылдагы сапарымда мен манас таануучулар Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун жана башка окумуштуулар, айдыңдар менен да жолугуп, унутулгустай баарлашкан элем.

Ал кездеги жаш илимпоздор – артыштык Мамбеттурду Мамбетакун (оңдо), кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы жана ак-чийлик илимпоз Адыл Жуматурду (солдо) кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамайдын үйүндө. Үрүмчү шаары, 1997-жылдын ноябры.
Ал кездеги жаш илимпоздор – артыштык Мамбеттурду Мамбетакун (оңдо), кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы жана ак-чийлик илимпоз Адыл Жуматурду (солдо) кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамайдын үйүндө. Үрүмчү шаары, 1997-жылдын ноябры.

Ал кезде күүлүү-күчтүү болгон манасчы Жүсүп Мамай менен Үрүмчү шаарындагы анын үйүндө 12-ноябрдан 7-декабрга чейин, б.а. бир нече апта бою, тыгыз иштешкенимди баса белгилегим келет.

Жүсүп Мамай өз китебинде жазылгандан башка, төмөндөгүдөй түпкүлүк текстке кошумчалап, Орозду, анын уулу Жакып, анын уулу Манас нагыз кыргыздар экенин өзгөчө белгилеп берди:

Карахандан Орозду,

Ойротто жок чоң болду.

Жердеген жери Энесай,

Беш катындан он уул.

«Ороздунун он уул» деп,

Айтылып калган кеби, бул:

Жакып, Шыгай бир катын,

Катаган менен Каткалаң,

Ал экөө да, бир катын.

Акбалта менен Жамгырчы,

Өтүп кетти, үч катын.

Касиет, Калка төрт катын.

Айтылган сөзгө карасак,

Казактар мындан тарасын.

Текечи менен Кызылтай,

Кичи катын балдары.

…Ороздунун он уулу,

Беш катындан тарады.

Манасчы Жүсүп Мамайдын айтымында, кыргыз тектүү Орозду баатырдын тукуму 90 000 үйлүү элге жеткен. Ошондо кыргыздар Энесайга батпай, Адибай, Көлбай, Ташбай 20 000 үйлүү эл менен Букарга көчкөн. Кулатен, Элеман, Алаке, Кендирбай, Көрөңгө, Кочкор, Кыпчакбай Энесайда калышкан.

Мына, кыргыздардын күч алып, көбөйүшү жана журт которуп таралышы манасчы Жүсүп Мамайдын айтуусунда ушундайча берилген.

Тасма. Жусуп Мамайдын "Манас" айтканы, 1970-жылдар.

Энесайдагы кыргыздарды «кезик» оорусу каптап, оорудан Орозду да дүйнө салгандан кийин, Ороздунун он уулун тең Алооке чаап (басып) алган.

Кыргыздар Алоокенин кол алдында болуп калганда, ал өзүнүн Албай, Кызай деген калмактарына энчи бөлмөк болот да, кыргыздардын Касиет менен Калкасын 30 000 үйлүү эли менен ирегелештирип, жогорудагы эки калмактын энчисине бөлдү.

Андагы кыргыздар кийин балалуу болгондо, балдарына алардын атын атап коюп, ал кыргыздардан тарагандар – кыргыздар эле, Албай, Кызай уруулары болуп калышкан.

Жүсүп Мамайдын вариантына караганда, калмактардын дагы бир Ногой аттуу байы болгон. Ал «Балык-арт» деген жерди жердеген.

Баса белгилеп өтсөк, манасчы Жүсүп Мамай варианты боюнча, Жакыптын атасы – ушул Ногой эмес, кыргыз Орозду баатыр.

Ал жөнүндө тексте:

Алооке калдай, Жакыпты,

Ногой байга бериптир.

«Ногойдун эли» деп жүрүп,

Аталып “Ногой” кетиптир, – деп берилет.

Тарыхта деле ушундай окуялар боло берет. Маселен, Чыңгыз хандын урпагы Чагатайдын ысымы менен монгол тилине эч тиешеси жок борбордук азиялык түрктөрдүн адабий тили илимде “чагатай тили” деп аталып келет.

Катаган менен Каткалаңды кыргыздын башка бир ханы Кошой башкарып турган, ал мурда эле Ат-Башыны жердеген. Ага калмактардын күчү жетпей, аны «калды кыргыз» дешип, кийин «кара кыргыз» аталып калган.

«Кара» деген сөздүн дагы бир мааниси бар, кыргыз фольклорунда. «Кара» деп күчтүүнү да атайт.

Мисалы, Кара баатыр – күчтүү баатыр, теңдешсиз дегенди да түшүндүрөт. Мындайынча караганда, «кара кыргыз» – күчтүү кыргыз болуп да түшүндүрүлөт.

Каткалаңдын баласы Карача, ал кыргызга хан болгон. Карачанын кызы Сайкал – эр Сайкал.

Кыргыздардын журттары жана кеңири таралышы залкар манасчы Жүсүп Мамайдын айтуусунда дал ушундай баяндалып, кыргыздардын орто кылымдардагы тарыхына өтө жакын негизделип сүрөттөлгөн.

Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай өз айтуусундагы “Манас” эпосунун текстин кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы менен редакциялоодо. Үрүмчү, 1997-жылдын ноябры.
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай өз айтуусундагы “Манас” эпосунун текстин кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы менен редакциялоодо. Үрүмчү, 1997-жылдын ноябры.

Жүсүп Мамайдын мурасын аңдоодогу калпыстыкты оңдоо жолу

Эми өздөрүн гана кыргыздын патриоту санаган айрым калемгерлердин жана аларга ишенип алган аткаминерлердин адашуусуна жана Жүсүп Мамайдын мурасын жок кылуу чакырыгына негиз болгон калпыстыкты кантип жоюуга болот?

Анын жарасы жеңил эле.

Жүсүп Мамайдын варанты делип, 2004- жана 2012-жылдарда кирил жазмасында Кытайдан басылып чыккан китептерди окурмандар чөйрөсүнөн четтетүү талапка ылайык.

(Караңыз: Манас / Айтуучу Жүсүп Мамай; Жооптуу редакторлору Абдырай Осмон, Маметкары Абдыкерим, Сабыржан Турганбай; сунушталган редактору Макелек Өмүрбай. – 2-басылыш. – Үрүмчү: Шинжаң эл басмасы, 2012. – 1875+6 бет. – Шинжаң Уйгур аптоном райондук эл ооз адабийет – көркөм өнөрчүлөр коому. – ISBN 978-7-228-08932-1.)

Айтмакчы, Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясы дал ушул 2004-жылы чыккан, такталбаган вариантты Бишкекте 8 китеп түрүндө кирил жазмасында жарыялап жиберген.

Айрыкча баса белгилесем, 1997-жылы манасчы Жүсүп Мамай 79 жашында эпостун өзүнүн айтуусундагы ал кездеги 18 китептен турган көлөмүн ушул саптардын ээси менен бирге чогуу-чаран талдап карап чыккандан кийин, айрым алымча-кошумчаларды, тастыктоолорду киргизген. Бул ишти аяктаган соң, Жүсүп Мамай бул такталган текстти кыргыз тилинде кирил жана латын алфавитинде жарыкка чыгаруу үчүн мага тапшырган.

Айтмакчы, Жүсүп Мамайга анын вариантындагы “Манас” эпосунун текстин кирил жазмасына удаалаш латын жазмасында да тердирүүнү анын теги дунган болгон бээжиндик ини досу, манас таануучу, профессор Мухаммед ажы Ху Чжэнхуа да сунуштап, бул латын тамгасы аркылуу китептин дүйнөлүк илимий мейкиндиги алда канча кеңейе тургандыгын баса белгилегенин эскерте кетишибиз ылаазым.

Жүсүп Мамайдын айтуусуна ылайык барактардын бетине оңдоолор жазылган бул китептерди мен кылдат сактап келем жана аларды түп нуска катары кадырлайм.

Бул баалуу тактоо кирген нускага кошуп, китептин текстинин Кыргызстандагы кирил жазмасындагы жана латын жазмасындагы толук чыгарылышына атайын «Баш сөз» жазып берүүсү үчүн Жүсүп Мамай академик, жазуучу Чыңгыз Айтматовго өтүнүч кат жазган; андан тышкары ошол кездеги Кыргыз Республикасынын президенти А.Акаевге «Билдирүү кат» берип жиберген. Ал каттары мен ала келгем.

Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай “Манас” эпосунун шарттуу миң жылдыгына арналган симпозиумда (төрдө ортодо, солдон төртүнчү). Август 1995.
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай “Манас” эпосунун шарттуу миң жылдыгына арналган симпозиумда (төрдө ортодо, солдон төртүнчү). Август 1995.

Бельгиядагы Ч.Айтматовго бул өтүнүчтү жеткирүүнү суранып, уулу Аскар Айтматовго кайрылдым, ал эми президент А.Акаевге берүүсүн өтүнүп, анын кеңешчиси, академик А.Ч.Какеевдин колуна алиги катты тапшыргамын. Кийин Ч.Айтматов «Баш сөз» жазды. А.Акаев да кат алгандыгын билдирди.

Ошентип, азыр маркум манасчы Жүсүп Мамай өзү көздөн кечирген түпкүлүк варианттын китептери 1997-жылдагы оңдоолору жана кошумчалары менен менин колумда басма үчүн даяр турат. (Ал кезде Жүсүп Мамай атабыз 79 жашта болчу).

Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызына куттук каты. Үрүмчү, 1997-жылдын 2-декабры.
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызына куттук каты. Үрүмчү, 1997-жылдын 2-декабры.

Бул оңдоо киргизилген текстти басмадан чыгарууга КР УИАнын Түштүк бөлүмү тарабынан 2011-жылдын 5-майында бекитилген №4 токтому да бар.

Болгону каржылоо маселесинин чечилбей жаткандыгынан улам бул түпкү редакция иши камтылган китептер алиге чейин жарыкка чыкпай турат. (Ош мэриясы ушул долбоорду жарыялоого 2011-ж. далаалат кылып, бирок аткаминерлик чалагайымдыктын жана болжолдуу жемкорлуктун айынан ал жүзөгө толук ашпай калган).

Ошондуктан азыр маркум манасчы Жүсүп Мамай кайрадан карап чыккан жана анын ою эч бурмаланбаган дал ушул вариантты тез арада жарыкка чыгаруу, Жүсүп Мамайдын манасчылык мурасын дал ушул варианттын негизинде калыс изилдөө – бүгүнкү күндүн талабы.

[Дагы караңыз: Сатиш кызы, Орозбүбү. Кытайлык манасчы Жүсүп Мамай / Сүрөтчүсү К.Шадыбеков. – Б.: Gazeta.KG, 2014. – 128 бет. – ISBN 978-9967-12-430-1. – Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун демөөрчүлүгү менен чыгарылган. - Бул макаладагы айрым сүрөттөр ушул китептен алынды.]

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясындагылар жана «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясынын «Манас» таануу бөлүмү да эми көйгөйдү эч саясатташтырбастан, заманбап түшүнүү менен кабыл алып, мен даярдаган түп нуска вариантты тез арада жарыкка чыгаруу маселесинде ушул саптардын ээсин колдоого алып беришсе, алгылыктуу кадам болор эле.

Орозбүбү Сатиш кызы,

Кыргызстандын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү,

манасчы Жүсүп Мамайдын «Манас» эпосун араб арибинен кирил жана латын жазмаларына оодарып, текстти залкар манасчынын өзү менен кошо тактаган манас таануучу.

Ред.:

Тексттеги “Жүсүп Мамай” ысымы автордун сунушу боюнча өзгөрүүсүз калтырылды. Кыргызстандагы адабиятта бул ысым “Жусуп Мамай” деп берилет.

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG