Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:25

Жүсүп Мамай, «Манас» мыйзамы, жайсаңчылар: Манастын рухуна шек келтирбейли...


Залкар манасчы Жүсүп (Жусуп) Мамай. 15-июль, 2010-жыл.

Белгилүү тарыхчы, профессор Т.Кенесариев «жайсаңчылардын» залкар манасчы Жүсүп Мамайдын мурасына шек келтирүү боюнча соңку далалаттарын илимий сынга алат.

Акыркы мезгилде, 96 жашка келип, 2014-жылдын 1-июнунда дүйнө салган, ошол каран күнгө аралаш берилген «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамынын «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин төшүнө тагууга жетишпей арманда кеткен, кызылсуулук кыргыздардын гана эмес, бүтүндөй дүйнө кыргыздарынын руханий сыймыгы эсептелип, эл сыйлаган инсан катары ысмы түбөлүк калган, элибиздин улуу манасчыларынын «акыркы могиканы», «кытайлык кыргыздардын азыркы Гомери» аталган, КЭРдин «мамлекеттин каухар ташы» макамын алып, анын «Тоо гүлү» сыйлыгынын ээси болгон, атактуу Жүсүп Мамай (1918–2014) атабыздын сегиз муундан турган «Манасына», анын манасчылык гана эмес, салттуу «жомокчулук» өнөрүнө, ырдай да, төгө да, билгенин кагаз бетине түшүрө да алган манасчылык талантына ШЕК КЕЛТИРИП, аны ысмына акаарат кылган айрым окумуштуулар чыга баштады.

(Ж.Мамай жана анын мурасы жөнүндө караңыз: Т.Кененсариев. «Улуу манасчы Жусуп Мамай жана анын мурасы»// турмуш.кг. 4.06.2014)

1990-жылдардан бери болжолу 2018-жылдарга чейин Жүсүп Мамайдын чыгармачылыгы, манасчылыгы кыргыз «Манас» таануучуларынын пикирлеринде жалпысынан жакшы гана маанайда айтылып, ал түгүл анын «Манасынын» кай бир жерлери өзгөчө, кызыктуу берилгендиги тууралуу кеп кылышчу. Жүсүп Мамайга карата пикир кай бир «Манас» таануучуларда Майрамбүбү Сармалдакованын (Бүбү Майрам, Бүбү Мариям Муса кызы) «вариантындагы» 10 томдук «Манас» дастаны 2016-жылдын июль-август айларындагы Кыргызстандагы Жумгал райондук жана Нарын облустук сотторунун чечими менен өлкөдөгү мектептерден, орто жана жогорку окуу жайларынан алынып салынгандан кийин өзгөрдү.

(Караңыз: Бүбү Мариям Муса кызынын «Айкөл Манас» китеби экстремисттик деп табылып, ага тыюу салынды... Режиссер Эрнест Абдыжапаров жана КУУнун профессору Курманбек Абакировдун катышуусунда «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсү. 21-июль, 2016-жыл).

Так ушул өзгөрүүнүн артында «бир мандем» бардай... Аны удулу келгенде дагы чечмелербиз.

Кыргыз коомчулугу «Манастын заманбап вариантын» асмандагы пирлерден (Жайсаң ырчы) алып, 10 томдуу «Айкөл Манас» аталышындагы китеп чыгарган Бүбү Мариямды колдогон коомдук ишмерлерден, жазуучулардан, айрым окумуштуулар менен «Манас» таануучулардан турган «жайсаңчылар» деген каймана аталышка ээ болгон топ жөнүндө жакшы билет.

Ал эми Жүсүп Мамайга шек келтиргендер кимдер? Окурмандарды беймаалым түкшүмөлгө салбай, алардын айрымдарын ачык айтуу керек болуп калды. Ансыз айткан пикирлерибиз дарексиз болуп калчудай.

Негизи, андай окумуштуулар бир топ. Бирок, алардын арасында пикирин ачык билдирип жаткандарын атоо жетиштүү го. Ошолордун бири «Жүсүп Мамай кыргызстандык эмес, ошондуктан бул жерде анын ысмы «Манас» эпосуна байланышкан документтерде, салтанаттарда аталбашы керек» десе, экинчиси, «Жүсүп Мамай кыргыздардын келип чыгышын туура эмес сүрөттөп, шылдыңдап жатат, кыргыз элин калмактан таратып койгон» деген антитарыхтык жана антифольклорлук тыянагы менен ачыкка чыга баштады.

Ысымдарын атасак, алардын бири – манасчылык жана окумуштуулук кызматты аркалап келе жаткан, филология илимдеринин доктору, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Манасчылардын эл аралык ассоциациясынын президенти» деген макамы бар инсан –– Талантаалы Бакчиев.

Экинчиси – учурдагы Кыргызстандагы «Манас» таануучу окумуштуулардын бири, филология илимдеринин доктору, жоопкерчилиги чектелген «Ы.Абдырахманов атындагы бүткүл дүйнөлүк фольклор жана маданиятты изилдөө боюнча илимий-изилдөө борборунун президенти» деген макамга ээ инсан - Жылдыз Орозобекова.

Ысымдары аталган эки окумуштуунун «Манас» таануу илиминде белгилүү деңгээлде жасаган иштери, ар биринин 10го жакын же андан ашуун илимий эмгектери жарыкка чыккан. Мен окумуштуу катары аларды сыйлаймын, ар биринин өз пикирлери, «Манас» таанууга кошкон салымдары бар. Чыгармалары менен таанышмын. Инсан жана окумуштуу катары аталган эки аалымга эч кандай «каршы пикирим» да жок. Ушул мезгилге чейин аларга карата тигил же бул деп «ача пикир» айта элекмин.

Бирок, ушундай кырдаалда «Платон мага дос, бирок андан чындык баалуу» демекчи, аталган эки замандаш окумуштууга карата айта турган сөз чыгып калды.

Анткени, кыргыз элинин улуу руханий мурасы болгон Манасты өлкөнүн ичинде гана эмес, дүйнөдө даңазалоого, Манасты кийинки муундарга сактап берген улуу манасчыларыбызды аздектеп, аларга «чаң жугузбай» коргоонун ордуна, алардын айрымдарына акаарат сөз айтышып, тескери иш кылып жатышкандыгы ойлондурбай койгон жок.

Ааламды пандемия апааты каптап, элдин калың катмары, анын ичинде кыргыз эли да ушул балээ менен күрөшүп жаткан чакта, окумуштуулар бири-бирибизди сындабай коё турганыбыз эп го деп ушул убакка чейин ойлоп келдим.

Бирок, «сөздү удулу келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт» демекчи, аталган эки окумуштууга, алардын пикирлерин билсе-билбесе да коштой чапкан айрым адамдарга карата агалык кеңештеримди Интернет аркылуу жеткирип, аны тастыктай турган өзүмдүн жүйөөлөрүмдү айтып коюуну баары бир зарыл деп чечтим.

Жүсүп Мамайга карата чабуулдун элементтери айрым «Манас» таануучулар, алардын ичинде Ж.К.Орозобекова сыяктуу авторлор тарабынан акырындык менен ушул убакка чейин эле болуп келгендиги маалым.

Бирок, чабуул айрыкча 2019-жылы 11-июнда Жүсүп Мамайдын айкелин улуу манасчылар Сагымбай менен Саякбайдын ортосуна койгон окуядан, анын артынан эле 2019-жылдын КЭРдин 100дөн ашуун академиялык артисттеринин аткаруусунда 11-12-июнь күндөрү Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында «Манас» операсы коюлгандан кийин күчөдү.

Окурмандарга эскерте кетчү нерсе, Кытай Эл Республикасынын Борбордук академиялык артисттери тарабынан «Манас» операсы 2017––2018-жылдары КЭРдин (Жуңгонун) ири шаарларында 9 жолу көрсөтүлүп, ал эми Кыргызстандын президенти С.Жээнбековдун Кытайда болгон мамлекеттик расмий делегациясынын алкагында 2018-жылдын июнь айында Бээжинде «Манас» операсынын бет ачары болуп, ага КР президенти С.Ш.Жээнбеков өзү да катышкан эле.

Ошол күндөрү Ж.Орозобекова Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында жайгашкан «Манас» скульптордук-архитектуралык комплексинин аймагына эки гений -– Сагымбай менен Саякбайдын кап ортосуна 2019-жылдын 11-июнунда орнотулган Жүсүп Мамайдын бедизин «балка менен талкалап салайын деген оюм бар» дегенине кыргыз коомчулугу таң калган...

Эмне үчүн мындай нерселер чыгып жатат?

Мен, 2019-жылдын 4-декабры күнү расмий ачылган «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясынын «Манас» таануу бөлүмүнүн башчысы катары ушул суроого жооп таба албай келгенимди жашырбай эле билдирип коёюн. Чын эле түшүнбөй, Ж.Орозобекованын оозго алынган «Манас» таануучу, окумуштуу болгонуна карабастан, айрым «капризи» гана окшойт деп ойлогом.

Көрсө, «иттин өлүгү» башка жакта экен.

Жогору жакта эскертилгендей, Майрамбүбү Сармалдакованын (ал Бүбү Майрам, Бүбү Мариям Муса кызы адабий ысымы мене чыгып жүрөт) 10 томдук «Айкөл Манас» эмгегинин зыяндуу чыгарма катары Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринен алынып салынгангандыгын кыргыз коомчулугу жакшы билет.

Демек, ал ишке «капа болгон» айрым «Манас» таануучулар же атынан эле так кесе айталы –– «жайсаңчыларды жактагандар» ошондон кийин тактикасын өзгөртүп, чабуулду эми «оң тараптан» баштагандай...

Бул тенденция быйыл –– 2020-жылы 2011-жылкы «Манас эпосу» жөнүндөгү Кыргызстандын мыйзамынын аткарылышы, андагы мүчүлүштүктөргө карата сын-пикирлер айтылып, анын артынан ал мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгенин алкагындагы талкуу убагында негедир мыйзам быякта калып, анын ордуна Жылдыз айым Жүсүп Мамай атабыздын дарегине «чабуул» коюуну күчөттү. Мунусу менен Жумгалдагы «жеңилүүгө» ызалангандар Жүсүп абабызды сындоо менен «реванш» алалы деген тактиканы ойлоп чыгарышканбы деген ойго аргасыз келесиң.

Андай жыйынтыкка төмөнкү факторлор негиз боло алат.

1) 2011-жылдын 28-июнундагы Кыргызстандын № 59, негизинен жаман эмес, «Манас» эпосу жөнүндө» мыйзам быйыл жазда «таажы вирусу» аталган дүйнөлүк пандемия башталаары менен сындала баштады. 2020-жылдын башында январь айында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин талкуусунда, Кыргызстандын Маданият жана туризм министрлигиндеги талкууда, анан 26-февралдагы «Манас» жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын уюштуруусу менен депутаттардын, коомдук ишмерлердин, «Манас» таануучу окумуштуулардын кеңири катышуусундагы «Манас» эпосун изилдөө жана дүйнөгө таанытуунун бүгүнкү абалы» деген темадагы тегерек столдо жана башка иш-чараларда учурда жашап жаткан 2011-жылкы мыйзамга «Манас жана анын урпактарынын ысмын коргоо» иштерине байланышкан гана толуктоо киргизилиши зарыл деген сөз болгон.

(Караңыз: 26-февраль, 2020-жыл, «Манас» эпосун изилдөө жана дүйнөгө таанытуунун бүгүнкү абалы» // «Манас» жана Ч.Айтматов Улуттук академиясындагы талкуу. НьюТВ «Манас» эпосу: жыйноо, сактоо, изилдөө абалы жана келечеги. Биринчи бөлүгү; Экинчи бөлүгү; Үчүнчү бөлүгү)

26-февралдагы талкууда (караңыз: талкуунун 2-бөлүгү) ал мезгилдеги Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин аппаратынын башчысы, кийин 10-апрелден баштап Жогорку Кеңештин депутутаты макамын алган С.Ибраев: «Жогорку Кеңеште «Манас» эпосу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча комиссия түзүлүп, анын иштеп жаткандыгы» тууралуу кабарлаган.

Бул маалымат тегерек үстөл баарлашуусунда катышып жаткан адистерди түкшүмөлгө салып, «Манас» таануучулардын арасынан филология илимдеринин доктору, белгилүү адис Курманбек Абакиров: «Мыйзамга толуктоолорду киргизип жаткандар кимдер? Эмне үчүн ал комиссияда бул жерде отурган адис окумуштуулардын эч кимиси жок?», - деген суроо менен кайрылганда, ага С.Ибраев: «Мыйзамдын долбоору жарыяланат, ошондо пикириңерди билдирсеңер болот», - деп үстүртөн жооп берген.

Ошондо катышып отургандардын арасынан кимдир-бирөө: «Жашырып жазып жатышканына караганда, жаңы мыйзамдын долбоору «жайсаңчылардын» көз карашына негизделген долбоор болот окшойт го?» – деп айткандыгы эсибизде.

2) Аңгыча болбой, 2020-жылдын 15-майынан баштап, жаңы мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна капыстан коюлуп калгандыгы таң калтырды.

Эң кызыгы, С.Ибраев айткандай, «иштеп жаткан мыйзамга толуктоолор» эмес, таптакыр жаңы мыйзам долбоору даярдалганын баарыбыз көрдүк.

Негизи, «Качан жана кандай учурда бар мыйзамды жокко чыгаруучу жаңы мыйзамды даярдоо муктаждыгы келип чыгат?» дегенде эски мыйзам таптакыр иштебей калганда же эски мыйзамдын беренелеринин 50% жараксыз болуп калган учурда жасалчу аракет болот. Ал эми бул долбоорго келсек, негедир анын уюштуруучулары коомчулукка текстти мурунтан жарыяланбастан, ал түгүл «Манасты» изилдөө, жайылтуу жана дүйнөгө даңазалоо боюнча бирден-бир жоопкер мекеме катары түзүлгөн «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясы менен бир ооз макулдашпастан кулуардан тымызын даярдап эле көтөрүп чыга калышты.

3) «Манас» жөнүндө жаңы мыйзамды жазуу зарылдыгы чындап жаралган болсо, эң оболу анын укуктук, илимий негиздемелери даярдалып, алар адистер арасында кеңири талкууланып, такталып, жаңы мыйзамда чагылдырыла турган өңүттөр толук аныкталып чыгышы керек эле.

Ошондон кийин гана укукчу, окумуштуу, жазуучу жана маданият ишмерлеринин алдыңкы өкүлдөрүнөн, адистерден түзүлгөн атайын топтун мыйзам текстин иштеп чыгууга киришкени жакшы натыйжаларды бермек.

«Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясы «Эгер зарылдык болуп, аталган толуктоону иштеп чыгуу пландалса, ал жумушчу топко расмий өкүл катары башкы адис, филология илимдеринин доктору, профессор, «Манас» таануучу Курманбек Абакировду сунуш кылган. Негедир, ал сунуш эске алынган эмес.

Депутат Садык-Шер-Нияз баштаган жумушчу топ 2019-жылдын сентябрынан бери жаңы долбоорду жазып атат деп кабарлашканы менен (С.Ибраев), чынында белгисиз эки-үч гана киши тарабынан даярдалгандыгы (С.Ибраев, Т.Бакчиев, Ж.Орозобекова) бат эле белгилүү болду.

(Караңыз: социалдык тармактарда 2020-жылдын 15-майында манасчы Дөөлөт Сыдыковдун Фейсбукта койгон постуна карата талаш-тартыштар).

Бир катар Манаска кызыккандар бул долбоордун жарым-жартылай жашыруун даярдалгандыгын айтып жаткандыгы ушул посттон да көрүнүп турат.

4) Демек, жаңы долбоордун авторлорунун көздөгөн максаттары башка, ойлору мандемдүү сыяктанат.

Ал долбоордун аталышынан жана беренелеринен да көрүнүп турат. Долбоорду эпикалык каармандын ким экендигин, анын табиятын жакшы түшүнбөгөн адамдар жазышкандай.

Долбоордо «Манас» эпосун коргоо, сактоо, илимий жактан өздөштүрүү, анын коомдук турмуштагы ордун мыйзам аркылуу бекемдөө маселелерине караганда, улуу эпосту катардагы адабий чыгарма катары кароо, ал эми Манас баатырды кайталангыс татаал, көп кырдуу эпикалык образ эмес, кадимки эле «инсан», «адам» катары кабылдоого жол ачуу тенденциялары басымдуулук кылат.

Кызык жери, мыйзам долбоорунда Манас баатыр «Айкөл» сакралдуу эпитети менен аталып турат. (Бул жерде бакшы айым Бүбү Мариямдын китебинин «Айкөл Манас» аталышына окшошуп тургандыгына көңүл буруп коюңуз).

Булар аталган долбоордун тегерегинде кийинки талкууларда толук билинди.

(Караңыз: Бешинчиде бешөө: "Манас" эпосу боюнча жаңы мыйзам долбоору. 29.05.2020; Манас мыйзамынын талашы. 29.05.2020; Манас мыйзамындагы маселе. 4.06.2020).

5) Жогору жакта эскерилген видеоматериалдардагы жана телеберүүлөрдөгү айрым пикирлерди көрсөтө кетели.

Маселен, 5-каналдагы «Бешинчиде бешөө» рубрикасында «Манас» эпосу боюнча жаңы мыйзам долбоору жөнүндө 29.05.2020 обого чыккан берүүдө Т.Бакчиев «Жүсүп Мамай кыргызстандык эмес, ошондуктан аны Кыргызстандан чыгуучу Манаска байланышкан документтерге кошууга болбойт» деп салды (Караңыз: 46-мүнөт).

Ал пикирдин караманча туура эмес экендигин Академиянын президенти Т.Тургуналиев билдирип, бул атайылап жасалып аткан «жайсаңчылардын аракети» экендигин кескин айтты. (Караңыз: ошол эле жерде 49-мүнөт).

Кийинки 4-июндагы ошол эле 5-каналдын «Ойбүгүн» рубрикасынан «Манас мыйзамындагы маселе» аттуу берүүсүндө мыйзам долбоорунун жетекчиси, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин жаңы депутаты С.Ибраев «жумушчу топко 25тен ашуун «Манас» таануучулар, депутаттар, окумуштуулар, коомдук ишмерлер, скульпторлор, сүрөтчүлөр кирге»н деген маалымат берди; - 6-мүнөт.

(Суроо туулат. Анда эмне үчүн алардын арасында чыныгы «Манас» таануучулар, Кыргызстандын президентинин жарлыгы менен түзүлгөн «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясынан бир да адам кирген эмес?

Бул берүүнүн катышуучусу, КУУнун проректору, профессор С.Алакан: «Жаңы долбоордогу 4-берененин 8-пунктчасында «...жаңы документтерди табуу» деген сырдуу сүйлөм турат, ал эмне, жайсаңчылардын китебин кайра киргизүүгө аракетпи? КРСУдан жарык көрүп, ЖОЖдорго окуу курал катары киргизилген бул «Манас» таануу китебинин» аягындагы сунушталган адабияттардын тизмесинде Сагымбай, Саякбай жок, тескерисинче Бүбү Мариямдын 10 томдугу милдеттүү адабият катары киргизилиптир. Ал китептин түзүүчүсүнүн бири Ж.Орозобекова ушул берүүдө, биз талкуулап жаткан мыйзам долбоорунун автору катары катышып жатат?» деген суроо койду; - 12-мүнөт.

Ага жооп катары Ж.Орозобекова «Мыйзам жазууга чегерилген жумушчу топко аттуу-баштуу окумуштуулар: А.Жакшылыков, С.Байгазиев, С.Абдрасулов, К.Талиева катышкан деди; - 19-мүнөт.

(Тактай кетелик, Советбек Байгазиевден башкасы «Манас» таануучу эмес, ал эми С.Байгазиев болсо «мен алгачкы даярдалган текстин окуп гана бергем, андан кийин бүткөн вариантын көргөнүм жок» деп айтып жатат).

Андан ары берүүдө Ж.Орозобекова «Ж.Мамайга эмне үчүн «баатыр» наамы берилди? Ал кыргыздарды кыргыздан эмес, калмактан чыгарып жатса, «бизди тукум-курут кылып жатса» деген пикирин билдирди; - 20-мүнөт.

Ж.Мамайдын вариантын салттуу эмес вариант деп киргизбей койдук. Кытай операсы келгенде «Калмамай, Калмамай» деген кыйкырыкты кыргыздар колдоп жатышты. Бул эмне деген намыс!» - 22-мүнөт.

(Бирок, операдагы окуялар Манастын Бээжинди алып, такка олтурганынан башталат го. Калмамай жөнүндө операда эки жолу гана оозанылат.

Мисалы: 1-көшөгөдөгү саптарды биз толугураак берелик:

«Арам тамак Коңурбай,

Даярдаптыр мергенин.

Чубак менин көкжалым,

Теңижок баатыр Алмамбет,

Жалпы жоого чыгалы.

Ырчыуул, сен казатка барбагын,

Калемди колго кармагын,

Хан Мамайдын доорунан,

Калтырбай уккан, көргөндү,

Кыргызга жомок, ыр кылып,

Калкыңа тегиз арнагын. ...

Хан Мамайдын доорунда,

Энесайдын боюнда,

Кырк уруу эле жашаган,

Кыргыз болуп аталган»).

«Ойбүгүн» берүүсүн андан ары карасак, анын катышуучусу, «Манас» таануучу Аскар Медетов:

«Бул жерде тымызын «жайсаңчыларды коргоо» деген принципиалдуу маселе бар. Андай болбосо, мындай талаш чыкмак эмес. Ж.Орозобекова жайсаңчыларды колдоп келген адам. Анын демилгеси менен КРСУдан чыгарылып жаткан китепти чыгарыш керек деп КУУдагы кафедрада катуу аракет менен өткөргөн. Бул топ элди манкурттукка алып баруучу жайсаңчылардын идеясын киргизип жатат!» деп катуу айтты; - 26-мүнөт.

Андан ары А.Медетов: «Бүбү Мариямдын китеби өтпөй калгандан кийин, эми булар мыйзам жолу менен аны өткөрүүнү каалап атышат» деген тыянак чыгарды; - 28-мүнөт.

Бул пикирлер биз жогоруда кеп кылган «мандемдүү маселенин» тамырын, «иттин өлүгү кайда жаткандыгын» даана көрсөтүп тургансыйт.

6). Сунуш кылынган жаңы мыйзам долбоору, жогоркудай кызуу талаш-тартыштарга, бир катар «Манас» таануучулардын, анын ичинде «Манас» жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын атынан берилген олуттуу сунуштарын эске албастан, баары бир Жогорку Кеңештин 25-июнундагы отурумунда С.Ибраев баштаган демилгечи топ долбоорду 1-окууда өткөрүп жиберүүгө жетишти.

(Пандемия учурунда депуттардын кворуму болбой, биринин кнопкасын бири басып дегендей маселелердин кандай өткөндүгүн элестете бериңиз).

Долбоордун текстинин акыркы вариантында бир катар кескин сунуштарга карабастан мандемдүү эки нерсе өтүп кеткендигин байкоого болот.

Биринчиси, долбоордун преамбуласында «Манастын баатырдыгын жана мекенчилдигин анын уулу Семетей, небереси Сейтек жана андан кийинки урпактары уланткан, алардын образдары «Манас» эпосунун бардык бөлүктөрүндө, «Семетей», «Сейтек», «Кенен», «Эр Сарык», «Алымсарык» жана «Кулансарык» эпосторунда чагылдырылган» деген абзац кирген.

Бул вариантта «Манас эпосунун» Манас баатыр баштаган беш урпагы гана көрсөтүлүп (Алымсарык менен Кулансарык эгиз балдар, алар Ж.Мамайда эгиздер «Асылбача-Бекбача» деген ысымдар менен берилген), азыркы «Манас» таануу илиминде кытайлык кыргыз манасчылардан, айрыкча Ж.Мамайдан белгилүү болуп калышкан баатырдын урпактары: Сейит, Сомбилек, Чигитей айтылбай турат. Мунун өзү жогору жакта белгиленгендей «Бүбү Мариямдын китебинин» алынып калышына жооп катары, анда эмесе «Ж.Мамайдын» «Манасын» тааныбай коёлу» деген аракет экени айдан ачык чагылат.

Бул пикир долбоордун 1-беренесинин 7-пунктчасында «Манас» эпосунун классикалык варианттары – бул манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин айтуусундагы варианттар» деген кескин жыйынтык менен тастыкталган. (Бул азыркынын залкары болгон Ж.Мамайдын «феноменин» тааныбоо далалаты).

Экинчиси – долбоордун 3-беренесинин 10-пунктчасындагы «Манас» эпосунун негизги булактары катары мурда белгисиз тексттер, кол жазмалар камтылган жаңы документтерди (атайын алды сызылды. – автор.) жана «Манас» эпосуна жана анын бардык бөлүктөрүнө байланыштуу археологиялык табылгалар менен тарыхый күбөлүк материалдарды айкындоо жана эсепке алуу...» деген текст.

Бул жерде «археологиялык табылгалар менен тарыхый күбөлүк материалдар» деген сөздөрдү кабыл алууга болот, бирок, биз алдын атайылап сызган текст түптүз эле «Бүбү Мариямдын «Айкөл Манасына» окшогон же так ошонун өзүн кайрадан калыбына келтирүүгө мыйзамдык жол ачып берүүгө карата аракет экени дапдайын сезилип турат.

Жайсаңчылардын жаңы айласына каршы так ушундай эле кооптонуу белгилүү тарыхчы, журналист Т.Чоротегиндин «Манас таануу тар фундаментализмге чидерленбеши керек» деген макаласында да жакшы белгиленген. (Азаттык. 19-июнь, 2020).

Демек, жогоруда биз сөз кылып жаткан Ж.Орозобекова жана Т.Бакчиев сыяктуу манастаануучулар негизги пикирдин авторлору катары өздөрүнүн идеяларын өткөргүсү жана аны «Манас» мыйзамына да колдонгулары келишкендигин тастыктоо кыйын эмес.

Ошондуктан, мыйзам долбоорунун экинчи жана үчүнчү окууларына чейин, компетенттүү «Манас» таануучу адистердин кеңири катышуусу менен мыйзам текстин жакшылап кайра иштеп чыгуу жана азыркы учурдагы «Манас» таанууда калыптанып келе жаткан негизги принциптерди Манасты алып жүрүүчү манасчылардын жердигине жана азыркы өлкөсүнө карабастан бүтүндөй кыргыз элинин руханий туу чокулары катары кабыл алуу идеясын көтөргөн мамлекеттик деңгээлдеги концепция менен сунуштоо зарыл.

Ушул жерде Т.Бакчиевдин «жайсаңчыларды» колдоп жазган пикирин кошо кетүү ашыктык кылбас.

Анын «Манас таанууга киришүү» (толугураак аталышы: Бакчиев Т. Введение в манасоведение: Краткий курс лекций / КГТУ им. И.Раззакова. –– Б.: ИЦ «Текник», 2008. – 104 с.) аттуу китебинин 7-бетинде:

«Мариям Муса кызынын айтуусу боюнча Манастын жигити, чоролордун бири Жайсаң Үмөт уулу Манастын баатырдыгын ырдап чыгып, Манас жөнүндө баатырдык чоң жомокту негиздеген адам болгон. Жайсаң усун уруусунан болуп, 682-жылы туулуп, Айкөл Манастан 12 жаш кичүү болгон. Жайсаңдын апасы Жаңылча Карачахандын кызы болуп, атасы Үмөт да Манастын чоролорунан болучу. «Чоң казатта» Жайсаң оор жарадар болуп, бир кезде эсине келет да Манастын эрдиктерин ырдай баштайт. Ошентип, манасчы болуп кетет. Жайсаң 54 жашка келгенде Манаска кызмат кылган өзүнүн окуучусу Ырамандын Ырчы уулунун көралбастыгы менен ал тарабынан өлтүрүлөт...», - деп айдан ачык жазылган.

Фольк-хистори шамалынан жакшы дем алган Талантаалынын Манастан баштап, анын чоролоруна чейин туулган жылын тактап салган «антитарыхтык» логикасына жол болсун...

Эми, Ж.Орозобекованын Ж.Мамайдын вариантындагы «жаман идеяларды» тапкандыгы жөнүндө сөз болсун.

Окумуштуу беш маселе боюнча Жүсүп абабызды, КЭРдин аз улуттардын адабий-фольклор мурасын коргоо саясатын, Кыргызстан менен КЭРдин өз ара мамилесин жана Кыргызстандын жогорку жетекчилигин, ошондой эле белгилүү инсан Т.Тургуналиевди күнөөлөйт:

Биринчиси – Ж.Мамайдын китебинин «Манастын бабаларын» айтып жатканда «Угуздун тукумунан Калаш деген кан чыгат, ал өзүнүн жалгыз уулу ала болуп ооруганы үчүн аны өлүмгө буюрат. Увазири баланы өлтүрбөй алыскы тоого алып барып, жанына ташталган балдарды кошуп, бул жерден кайтсаңар өлөсүңөр дейт. ...Атың «Кыр кез» болсун... Ошол «Кыр кез» деген «Калаш кандын уулунун, Алганы эркек тууптур. ...Атын Бөйөн коюптур, Бөйөндөн Чаян төрөлдү. Чаяндан туулду Каракан, Каракандан «Кыр кездин» Бир далайы тараган»(6-7-бб.)... Демек, «кыргыз эли тектүү уруулардан келип чыккан эмес» деп жыйынтык чыгарат. (Караңыз: Орозобекова Ж. «Манастын тузу оор»// kyrgyztoday.org. 6.6.2019. - 16:29).

Экинчиси – Ж.Мамайдын китебинин 9-бетинде «Хан Ногой калмак Жакыпты // Жактырып абдан калыптыр», деп жазат. – Демек, «кыргыздар калмактардан тараган болуп чыгып жатат» деп жыйынтык чыгарат.

(Караңыз: Орозобекова Ж. «Манастын тузу оор»...);

Үчүнчүсү - Ж.Мамайдын китебинин 7-бетинде «...Алооке деген бар экен, // Кара кытай, калмакты // Бийлеп турган кан экен. // Алооке ээлеп турган жер, // Нарын деген шаар экен» деп айтылган.

Демек, «калмактар кыргыздардын жеринде жашап жаткан турбайбы», деген жыйынтык чыгарат. (Караңыз: Орозобекова Ж. «Манастын тузу оор»...).

Жогорку «аргументтерди» айтып келип, Ж.Орозобекова төмөнкүдөй жалпы корутунду чыгарат:

«Орозду кытайлардан жер талашып согушат, кыргыздарды жетектейт, ал өлгөндөн соң кытайлар кайра басып алып, ошондон ары «калмак Жакыптан» (Жакыпты түз эле «калмак» деп атай баштаганы өкүнүчтүү – К.Т.) Манас туулат.

Жусуп Мамайдын китебиндеги «Манастын төрөлүшү» деген бөлүктө ушундай «версия».

Ата-энеси жериген таштанды баладан, аны менен кошо куулган күңдүн (кулдун) кызынан кыргыз таралып, анан баскынчылыктын азабынан калмак тектүү болуп чыга келген экенбиз. ... Ушундай «калмактанган» сюжетти жараткан авторго Кыргыз Республикасынын «Эл баатыры» деген наамды бердик» деп, мамлекеттик чечимге, эл аралык мамилеге шек келтирет.

(Караңыз: Орозобекова Ж. «Манастын тузу оор»...).

Төртүнчүсү - Ж.Орозобекова дагы бир макаласында Кыргызстанга «идеалогиялык чабуул» жасалып жаткандай түкшүмөлдөнөт. «...Манасты" пайдаланып жан багууга, пул табууга аракеттенген популист, ар-намыстан жуук калган таратуучуларга (бул жерде кытайлык «Манас» таануучулардын баарын кошоктоп, бир кончко тыгып жатат – Т.К.) каржы маселеси, фонд ачууга, китебин чыгарууга, жайылтууга СУАР тарабынан чечилип берилди.

(Караңыз: Ж.Орозобекова. «Улуу Манастын ысымы менен! (09.06.жазылган.) Facebook.com. 12.6.2020).

Бешинчиси - Ж.Орозобекова жогоруда аталган эки макаласында атактуу манасчы Ж.Мамайга гана эмес, Кыргызстандын жетекчилигине, Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасынын өз ара мамилесине, 2014-жылы ачылган И.Арабаев атындагы КМУнун «Манас таануу» институтунун мурунку директору Т.Тургуналиевге карата «ачуу сын келтирет.

«...институттун штатында бир дагы фольклорист - «Манас» таануучу жок. Мунун директору даражасы боюнча философия илимдердин кандидаты, «Манас» эпосу боюнча бир дагы илимий эмгекти же окуу куралды жараткан эмес. Дилетант. (Караңыз: Орозобекова Ж. «Манастын тузу оор»...).

Ал аз келгенсип улуттун ар-намысын тебелеген адам Манас жана Айтматов атындагы академияга президент болду...

Караңыз: Ж.Орозобекова «Улуу Манастын ысымы менен!...»

Эми Ж.Орозобекованын саналган беш пикирин талдап көрөлү:

Биринчи пикирге. Бул жерде эч кандай «антикыргыздык» идея жок. Кыргыз элинин келип чыгышына байланыштуу кыргыз тарыхнаамасына белгилүү болуп келген кеминде 10дон ашуун илимий, 20 чакты санжыралык-фольклордук божомолдор бар экенин тарыхчылар гана эмес, катардагы көптөгөн кыргыз окурмандары билишет.

Алар «Мажму ат-таварих» сыяктуу тарыхый булактардан баштап, көптөгөн кыргыз санжыраларында (анын ичинде ала-тоолук жана Үсөйүн ажы, Төлөк Төрөкан уулу сыяктуу КЭРдин ШУАРындагы санжырачылардын варианттарында) «кыргыз» сөзү «кыр кезген адам», «кырк огус эли», «кырылгыс эл», «кырк кыздын тукумдары» деген элдик фольклордук (албетте, антитарыхтык) божомолдордон баштап, «кыргыз кырк кыздан тараган», «кыргыз кырк иттин баласы» дегенге чейинки кеч орто кылымдарда чыккан диндик келекелөөчү божомолдорго чейин болуп келгендигин фольклор таануучулар, тарыхчылар менен этнографтар жазып келишет эмеспи.

Демек, Ж.Мамай XX кылымдын билимдүү инсаны болгондуктан, так ушул санжыралардын баары менен тааныш манасчы. Ал ошол божомолдорду эпикалык тил менен көркөм интерпретациялаган.

Экинчи пикирге. «Хан Ногой калмак Жакыпты // Жактырып абдан калыптыр», деген сапты ар түрдүү түшүнсө болот.

1) Хан Ногой калмак» (Негизи Ж.Мамайдын вариантында Ногой калмактардын ханы деп берилген – К.Т.);

2. «калмак Жакып» (Бирок, Ж.Мамайдын бүткүл сегиз муундан турган «Манас» эпосу кыргыз элинин руханий байлыгы, оозеки чыгармачылыгынын туу чокусу катары айтылып, жазылып, сакталып келе жатса, Манас баатырдын кыргыз элинин (анын ичинде жунголук кыргыздардын да) тулку боюна, мээсине, жүрөгүнө уюп калган образы, алардын «Манастын урпагыбыз» деген улуттук сезими бизге белгилүү болгон элибиздин улуу манасчыларынын катарында Ж.Мамайдын вариантында уңгу идея катары берилип келсе, Жүсүп абабыз Жакыпты «калмак» деп койду дегендик дегеле абсурд.

Анын үстүнө бул сөз түрмөгүнүн Жүсүп Мамайдын өзүнүн кол жазмасынын түп нускасынан кароо ылаазым. Мүмкүн, аны «кириллицага» түшүрүүдө жаңылыштык кеткендир. Бул маселе Интернет айдыңындагы видео-материалдарда да бар.

(Караңыз: Назгүл Турдубаева, профессор: «Жусуп Мамайдын вариантында Жакыптын калмак экендиги улуту катары эмес, анын орой кулк-мүнөзү катары айтылган»//
https://kyrgyztoday.org/news_ky/video-nazgul-turdubaeva-zhusup-mamajdyn-variantynda-zhakyptyn-kalmak-ekendigi-ulutu-katary-emes-anyn-oroj-kulk-munozu-katary-ajtylgan/13-июнь 2019)

Автор «калмак» термини «Манас» эпосунун көп эле жеринде тигил же бул кыргыз баатырына карата анын кетирген кемчилигине, орой мүнөзүнө же Манаска жасаган чыккынчылыгына карата колдонула берген деген пикирин билдирип келет.

Учурда «Манас» таануучу, доцент Н.Турдубаева Ж.Мамайдын араб ариби менен жазылган кол жазмаларынын түп нускаларын иликтеп жаткандыгы жөнүндө да кабар алдык.

Үчүнчү пикирге. Жусуп Мамайдын Манасында «...Алооке деген бар экен, // Кара кытай, калмакты // Бийлеп турган кан экен. // Алооке ээлеп турган жер, // Нарын деген шаар экен» деп айтылган.

Демек, «калмактар кыргыздардын жеринде жашап жаткан турбайбы», деген Ж.Орозобекованын жыйынтыгынын эч мааниси жок.

Алооке хан Орозду ханды талкалап, Фергананы ээлеп калгандыгы Сагымбайда да, Саякбайда да, башка манасчыларда да бар.

"Жайсаңчылардын" идеясын тарыхчы Өскөн Осмонов ЖОЖдорго арналган окуу китебинде да таркатууга үлгүргөн. Караңыз: Осмонов Осмон Джусупбекович. Дж. История Кыргызстана (С древнейших времен до наших дней): Учебник для вузов / Отв. ред. профессор Салмор Алымкулов. – Изд. 5-е, исправл. и доп. – Б.: Мезгил, 2012. – Б. 14, 27-28).
"Жайсаңчылардын" идеясын тарыхчы Өскөн Осмонов ЖОЖдорго арналган окуу китебинде да таркатууга үлгүргөн. Караңыз: Осмонов Осмон Джусупбекович. Дж. История Кыргызстана (С древнейших времен до наших дней): Учебник для вузов / Отв. ред. профессор Салмор Алымкулов. – Изд. 5-е, исправл. и доп. – Б.: Мезгил, 2012. – Б. 14, 27-28).

Ороздунун 10 уулунун чачылышына байланыштуу кыргыз элинин «бири кетип Каңгайга (Кангюй мамлекети – К.Т.), бири кетип Алтайга, бири кетип Эренге (Иранга – Рум (мурдагы Византия) тарапка, анын чыгышындагы Персия тарапка; – «Мажму ат-таварихти» караңыз), бири кирип кетти тереңге (Тибет тарап) деген кыргыз элинин тарыхындагы окуялар б.з.ч. 36-жылы болгон биринчи Талас салгылашуусунун жана башка көөнө окуялардын жыйынтыктарын деле көркөм чагылдырып турат.

(Караңыз: Т.Кененсариев. Кыргыздардын байыркы мекени жана Манас эпосу: салыштырмалуу анализ./ https://kghistory.akipress.org/unews/un_post:10342. 5.02.2018.).

Бул Ж.Орозобекованын илимий сандыгында тарыхый маалыматтардын аздыгын же Саякбайдын, Сагымбайдын жана Жүсүптүн ушул эпизодду фольклордук интерпретациялоосунун логикасын толук түшүнбөгөндүгүнүн кесепети деп санаса болот.

Бул жерде айта кетчү дагы бир нерсе.

Нарын, Нарын-Кол, Нарын-Хол деген топонимдер Ички Теңир-Тоодо эле эмес, Борбордук жана Ички Азиянын көп жерлеринде учурайт, муну да эске алуу абзел.

Жүсүп Мамайдын Манастын бабаларынын Эне-Сайда жашагандыгы, «Алооке хандын Нарын жергесин ээлеши» сыяктуу айрым «калпыс көрүнгөн» эпизоддордун кирип кетишине Кытай жетекчилигинин «жылып жүрүүчү экспансия», Борбор Азия мейкиндигинин кайсы бир жерлерине болгон тымызын аймактык көз артуу саясатынын таасири да болушу мүмкүн деген түкшүмөл учурашы мүмкүн.

Бирок эпосто (Ж.Мамайдын вариантында да) кыргыздар жана хан Манас ар дайым эгемен мамлекеттин ээси катары сыпатталаарын эң башкы ой катары эске алышыбыз керек. Азыркы КЭРдин картасы байыркы жана орто кылымдардагы алда канча чакан Кытайдын картасы жана «Манас» эпосундагы узактан мурасталган эпикалык түшүнүк менен эч дал келбейт.

Жүсүп Мамайдын чыгармачылык жана өмүр таржымалында анын агасы Балбайдын, кийин айрым манасчылардын, алардын ичинде өзүнүн да куугунтукталышы, дайыма саясий басымдын алдында жашап жана иштеп келиши окурмандарга маалым эмеспи. Бул факторлор анын «Мен «Манасты» кандай айтып калдым?» деген макаласында айтылат.

(Караңыз: «Манас» эпосу жөнүндө: Илим. Иликтөөлөр ж-а макалалар. Жусуп Мамай, Сакен Өмүр, Ырысбек Абыкан ж.б. Түз. К.Кырбашев. – Б.: Шам, 1994. 5-12-бб.).

Ж.Мамай өз эскерүүлөрүндө: «Кээде өзүмө-өзүм ыраазы болбой, өзүмдү-өзүм тилдеген күндөрүм болгон. Атам мага «кырк жашыңа чейин «Манас» айтпа» деген. Бирок мен ага болбой эле эрте айтып коюп, көп кол жазмалардын «Маданият көңтөрүшү» кезинде өрттөлүп кетишине себеп болду окшойт. Экинчи күйүнгөнүм, 1984-жылы эс алууга чыктым, ошондон кийин эч нерсе кылбай, «кыйраттым» деп жатып алыпмын. Эсимде көп нерсе бар эле. Азыр анын бирин эстесем, бирин эстей албаймын. Эч болбогондо «алтымыш алаш менен кырк урууну» (казак-кыргыз урууларынын санжырасы) жазып койсом жакшы болмок экен!» - деген экен аксакал.

Ушул жерде анын Кытай мамлекетинин XX кылымдын орто ченинде туш болгон катаал жана татаал турмуш шартында калыптанган көп кырдуу өмүр жолу жана карама-каршылыктуу коомго болгон көз карашы чагылып тургансыйт.

(Караңыз: Т.Кененсариев «Улуу манасчы Жүсүп Мамай жана анын мурасы»).

Төртүнчү пикирге. Ж.Орозобекованын «Кыргызстанга карата идеологиялык чабуул жасалып жатат» деген түкшүмөлү да шоона эшпейт. Бул жерде ал КЭРдин ШУАРындагы кыргыз окумуштууларынын «Манас» таануучулук илимий, коомдук аракетин жокко чыгарып, ошол эле учурда «Манасты» эң жогорку деңгээлде баалап, ал түгүл борбордук академиялык артисттердин аткаруусундагы опера даярдаган жана «Манасты» дүйнөгө даңазалоого көмөк көрсөткөн КЭРдин (Жунгонун) жетекчилигине «тийишүү» менен Кыргыз-Кытай эл аралык жакшы мамилени да «бузгусу» келген аракет деп белгилөө зарыл.

Ойлонуп көрөлүчү. КЭР, анда жашаган азганактай, болгону 200 миң чамалуу кызылсуулук жана башка кыргыздар, азыркы Кыргызстанга кандай «идеологиялык чабуул» жасаганга кызыкчылыгы болсун? Бул экинчи бир абсурд түшүнүк.

Эгер бул маселе мамлекеттик дэңгээлге чыгып, көтөрүлүп кетсе, анда Ж.Орозобекова аттуу бир окумуштуу айым Кытай саясатына шек келтирип жатат деген фактыга кытай дипломатиясынан расмий нота жиберилсе же болбосо идеологиялык таризде «Манас» менен жашап жаткан кызылсуулук бараандуу манастаануучулардын нааразычылык каты келсе, так эле «Саманканага чок түшүптүр десе, Самаркандды өрт каптаптыр» болуп эле жатып калбайбызбы...

Сюжетинде Манас баатырдын Бээжин шаарын алып, такка минген деген окуя чагылдырылган кыргыз элинин Манасына мамлекеттик макамдагы опера коюп, аны даңктаган так ушундай мамилени, маселен, Орусия же башка бир өлкө кыла алат беле? Күмөнүм бар.

Ал эми улуу улут болгон кытай элинин жетекчилиги, сценарийин атактуу окумуштуу, бээжиндик кыргыз профессор Адыл Жуматурдуга жаздырып, ушуну үзүрдүү жасады го!

Бешинчи пикирге. Ж.Орозобекова Ж.Мамайга гана эмес, 2014-2019-жылдары И.Арабаев атындагы КМУнун «Манастаануу» институтунун директору, азыркы «Манас» жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын президенти Т.Тургуналиевди сындап, аны катардагы «дилетант» көрсөткүсү келет.

Жылдыз айым өзү аталган «Манас» таануу институтунда бир нече жыл кафедра башчы болуп иштеп, так ошол Т.Тургуналиевдин аброю жана тикелей жардамы менен «көп убактан бери коргой албай келген» доктордук ишин тез арада жактаганын баары билет го. Жылдыз айымдын доктор болуп алгандан кийинки интригасы өзүн ошол жерден кетүүгө аргасыз кылганынан да жамаат кабардар.

«Ашыңа ташым» деген айымдын «адамгерчилиги» ошол чакан жамаатта «көзкамандардын» аракетиндей эле болгондугун бир катар коллегалары ырасташаар.

Туура. Т.Тургуналиев – адистиги жагынан философ. Бирок, «Манас» десе ишкен ашын жерге койгон, акыркы 8-10 жылдан бери «Манас» деп жашаган, «Манасы түшүнө кирип» уктаган адам. Ал эми «Манас» таанууну жалаң гана адабиятчылар иликтеши керек деген түшүнүк – бул илимдин комплекстүү тармак экендигин таназарга албоочулукка тете. Көп этнограф, философ аалымдар буга чейин эле «Манас» темасына кайрылып келишкен жана кийин да кайрылышат.

Т.Тургуналиев «Манастагы» материалдардын негизинде Алтай цивилизациясынын курамында «Ала-Тоо кыргыз цивилизациясы» болгон деген илимий гипотезаны олчойгон «Байыркы көчмөн кыргыз цивилизациясы. («Манас» эпопеясынын негизинде). Дүйнөлүк цивилизациялар. -Б.;»Турар», 2016. –– 432 б.» деген монографиясында (учурда ал монография орус тилине которулуп, чет жерде жарык көрүү алдында турат – К.Т.) чагылдырды.

Андан тышкары ал «Манас» эпосунун маселелерине байланышкан ондогон макалалары, ТВ берүүлөр, басма сөз материалдары коомчулукка белгилүү. Ал 2014-жылдан баштап «Манас» академиясын ачыш керек деп мамлекет башчыларына улам койгон маселе акыры 2019-жылы азыркы президентибиз С.Ш.Жээнбековдун колдоосу менен чечилди.

Чынында, бул маселе «чыкпай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле» деген сымал, аткарылышы күмөн болучу. Бирок, моюнга алуу керек, Т. Тургуналиевдин жеке инсандык аброюнун күчү менен, болгондо да «Улуттук академия» болуп ачылды. Ал кезде «али өлтүрүлө элек аюунун терисин бөлө албай» кыйналган айрым адамдар бир тобуна кол койдуруп, ал түгүл Маскөөдөгү досторун уюштуруп, кайрылуу жасаттырып, аны мамлекет жетекчилигине чейин алып барышып, ачылышы жөнүндө сөз болуп жаткан мекемеге өзүн башчы кылып сунуштагандар да чыгышкандыгын коомчулук жакшы билет го.

«Манас» таануу институтунун иштеп жаткан мезгилинде ал жерде «Манас» таануу боюнча эки илимдин доктору, үч илимдин кандидаты даярдалган. Булар адис эмеспи?

Жылдыздын институтта бир дагы «фольклорист-манастаануучу» жок деген сөзүн бул факты жокко чыгарып жатпайбы. Ал эми «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясында Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн окумуштуулар, алардын арасында таланттуу «Манас» таануучулар иштеп жаткандыгын Жылдызды атайын чакырып, тааныштырып коюу керек окшойт...

(Караңыз: ЭлТР "Гениалдуу Манасты дүйнөгө таанытуу". Чак түш (03.06.2020).

Эми макалабызга жыйынтык чыгаралы.

Биздин пикирибизде «Манас» - бир кишинин чыгармасы эмес, бүт кыргыз элинин чыгармасы. Ошондуктан андагы ар бир мыкты табылга жалпыга, бүт кыргызга таандык.

Ошон үчүн эпостогу салттуу табылгаларды ар бир манасчы өз деңгээлинде өздөштүргөн, ал ошол манасчынын варианты, табылгасы катары элге таанылган. Ушул таризден алып караганда эл арасында мурдатан кеңири белгилүү болгон манасчылардын көптөгөн муундарынын табылгаларын терең өздөштүрүү менен зор таланттын чыгармачылык шыгынын кошундусунан жаралган Сагымбай, Саякбай жана Жусуп Мамай - үч улуу манасчылардын варианттары «Манастын» бүгүн колдо болгон варианттарынын ичиндеги эң толук жана жогорку деңгээлдеги үлгүлөрүнөн.

Үч манасчынын варианттары эпостун традициялык туруктуу окуяларын толук камтыгандыгы, мазмунунун байлыгы, терең элдик идеясы, жогорку көркөмдүк деңгээли менен айырмаланып турат. Алардын варианттарынын зор көлөмдүүлүктөн кийинки өзгөчө белгиси — эпостун мурдатан келе жаткан салттык туруктуу окуяларын толук камтып, кеңири планда бергендигинде.

Жүсүп Мамай өзүнө чейинки Тыныбек, Сагымбай жана Саякбайдай эле «манасчылардын мектебин түптөй алган». Аларга жол көрсөткөн устат катары өзүнүн артынан 40тан ашуун манасчыны даярдаган.

Жүсүп Мамай баштаган азыркы манасчылар чындыгында Кытай Эл Республикасында ыстыкоомат кылып жаткан 200 миң чамалуу кыргыз жарандарына мекенчилдик жана улуу гумандуулуктун үрөнүн сээп келе жатат.

Жусуп Мамайдын варианты жапон, англис, немис, кытай, уйгур, казак жана башка тилдерге которулуп, өткөн кылымдан баштап Батыш жана Чыгыш илимпоздорунун изилдөөсүнө арзып, дүйнөлүк фольклорго салым кошкон окумуштуулардын изилдөөсүнө татыган.

Мисалы: орус окумуштуусу Б.Н.Путиловдун, немис окумуштуусу Карл Райхлдын, кытай окумуштуулары М. Ху Чжэнхуа, Лаң Йиң айымдын эмгектеринен кайсы бир деңгээлде дүйнөлүк алкакка алып чыккан «Манас» эпосунун Жүсүп Мамай вариантынын изилдөөлөрүн кеңири дүйнөлүк фольклористтер окуп жатканына сыймыктанбай койбойсуң.

Кытайлык жаш акын, туулгандан эле эки колу ийнинен жок төрөлгөн, катты буту менен кашкайта кооз жазган Жаныбек Мааданбек уулунун залкарга арнаган «Замандын залкар ырчы уулу» аттуу ырынан бир үзүм келтире кетели:

«Тарыхтын болгон сырдашы,

Таланттын болгон курдашы.

Таң калтырат деңиздей,

Тарыхты тактап ырдашы.

Жүз Гомерге барабар,

Жүсүптүн жалгыз бир башы.

Тартпаса деле Навайды,

Тартпаса деле Абайды,

Тирүүдөй Бакай акылман,

Таң калтырды далайды.

Көргөнсүйм Ырчы уул акынды,

Көргөндө Жүсүп Мамайды».

(Караңыз: Т.Кененсариев «Улуу манасчы Жүсүп Мамай жана анын мурасы»;
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиевдин залкар манасчы Жүсүп Мамайды акыркы сапарга узатуу тажыясында сүйлөгөн сөзү. (2014, 2.06., Ак-Чий, СУАР).

«Жүсүп ата» деген сөз биздин жүрөгүбүздө кылымдар бою жашай берет. https://www.facebook.com/groups/2840133589394739/permalink/3947432611998159

Дагы караңыз: Чолпон Субакожоева: «Жусуп Мамай –– кыргыз руху, кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн мурасчысы, алыстан көк челип көрүнгөн туу чокусу». 21.05.2019.

Тасма: Ч.Субакожоеванын жана Н.Турдубаеванын катышуусунда "Чак түш" ( Манас жөнүндө сөз) 27.06.2018.

Тарыхчы, профессор Т.Кененсариев.
Тарыхчы, профессор Т.Кененсариев.

Акырында айтарыбыз.

Заманыбыздын залкарларынын бири, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, «Манас» эпосунун уникалдуу кубулушуна тереңдеп жакындай алган Жүсүп Мамайдын аброюна, анын чыгармачылык талантына, манасчылык өнөрүнө шек келтирүү – Улуу Манастын рухуна шек келтирүү деп санашыбыз керек. Жүсүп абабыздын манасчылыгын тануу – бул бүтүндөй кыргыз элинин руханий мурасын танууга, аны «жайсаңчылардын» курмандыгына чалууга болгон аракетке тете.

Манасыбызды, улуу манасчыларыбызды, азыркы азганакай кыргызы элинин руханий мурасын сактайлы, изилдейли, даңазалайлы!

Ташманбет Кененсариев,

«Манас» жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын Манастаануу бөлүмүнүн

башчысы, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,

тарых илимдеринин доктору, профессор.

Редакциядан.

Залкар манасчынын ысымынын макаладагы автор колдонгон «Жүсүп Мамай» варианты өзгөртүлбөстөн берилди. Дал ушул вариантты кытайлык кыргыздар ырааттуу колдонуп келишет, бирок Кыргызстанда «Жусуп Мамай» варианты да жигердүү колдонулуп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG