Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Топчубек Тургуналиев «Манас» жана Айтматов академиясынын президенти болду


Топчубек Тургуналиев.
Топчубек Тургуналиев.

Топчубек Тургуналиев "«Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка бүгүн 17-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ал эми Тургуналиевдин орун басары болуп жазуучунун уулу Элдар Айтматов дайындалды.

Академия түзүү тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 31-январында кол койгон.

Жарлык «Манас» эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө милдеттерин аткара тургандыгы айтылган.

2011-жылы Айтматовдун туулган күнүнүн урматына жана Алыкул Осмоновдун каза болгон күнүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин токтому менен 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG