Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:16

Ошто манасчы Жусуп Мамай тууралуу "Бабамдан баян" китебинин бет ачары болот


Манасчы Жусуп Мамай.

Иш-чара залкар манасчынын 100 жылдыгын утурлай өтүп жатат. Китеп Жусуп Мамайдын чебереси Турганалы Мамай тарабынан жазылып, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун колдоосу менен чыгарылган.

Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Тынчтыкбек Досмуратов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Китептин бет ачары Жусуп Мамайдын вариантындагы «Манастан» үзүндү айтуу менен коштолуп, манасчы тууралуу видео тасма көрсөтүлөт. Жусуп Мамай жана анын чыгармачылыгы тууралуу талкуулар уюштурулат.

Залкар манасчы Жусуп Мамай 1918-жылы Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунуна караштуу Ак-Чий ооданында жарык дүйнөгө келип, 2014-жылы дүйнөдөн кайткан. Ал башка манасчылардан өзгөчөлөнүп, «Манасты» жети урпагына чейин айткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG