Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-сентябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:35

Бээжиндеги бараандуу «Манас» таануучу


Адыл Жуматурду уулу. 29.7.2015.

Бээжиндеги «Манас» таануучу, профессор Адыл Жуматурдунун бейнесине бир сүртүм.

Алгы сөз

Мурдагы совет доорунда, негедир, кыргыздар жалаң гана Кыргызстанда жашайт дегендей көз караш басымдуулук кылган экен. Анча-мынча гана кыргыздар чет өлкөлөрдө байырлайт деп ойлочубуз. Айрымдар «Кытайдагы кыргыздар - тээ 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш жеңилген соң, Батыш Кытайга качып өткөндөрдүн келбей калгандары» деп аңдашчу.

Бул чектелүү, албетте, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов санааркап жазган өз тарыхын үстүрт билген маңкурттуктун эле бир көрүнүшү болчу.

Эгемендик доорунда маалымат ар тараптуу боло баштап, постсоветтик Кыргызстан өзү эл аралык көп багыттуу дипломатияны өз алдынча жүргүзүп калган соң гана жалпы калайыкта Кыргызстан илгертеден эле кыргыздар байырлаган кеңири тарыхый мейкиндиктин бир чакан бүртүгү экендигин аңдоо пайда болду.

Акырындап көпчүлүк ала-тоолуктар Кытайдын өзүндө да борбору Артыш шаары болгон Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан тышкаркы аймактарда байырлаган кыргыздар бар экендигин аңдашты.

Түндүк Кытайдагы мурда теңирчи, шаман болгон фу-йү кыргыздары, Тарбагатайдагы бутпарас (ламачы) кыргыздар, сунний ханафий болгон каракорумдук, хотандык, ак-тоолук (Чыгыш Памир), ак-суулук, текестик кыргыздар, азыр көбүнесе уйгурча сүйлөп калган лоптуктар бар деп Кыргызстандан Кытайга ат тезегин кургатпай каттай баштаган ала-тоолук илимпоздор байма-бай китептер, макалалар жазышты, кытайлык кыргыз жана башка окумуштуулардын чыгармалары да Кыргызстанда жарык көрүп жатты.

Кыргызстандын көп багыттуу дипломатиялык нугунан тышкары, КЭРдеги «Бир алкак – бир жол» дипломатиялык демилгелеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан коңшулар менен тыгыз кызматташтыкты өөрчүтүү чаралары да, Кыргызстан менен КЭРдин өз ара байланыштарын ого бетер чыңдоого өбөлгө түздү.

“Эл аралык Евразия таануу журналынын” 2019-жылдагы №9 санынын мукабасы. Мында профессор Ю Тайшандын көөнө кыргыз этноними тууралуу макаласы бар.
“Эл аралык Евразия таануу журналынын” 2019-жылдагы №9 санынын мукабасы. Мында профессор Ю Тайшандын көөнө кыргыз этноними тууралуу макаласы бар.

Ал эми 2019-жылдагы зор сенсациялык жаңылык –– кытайлык беделдүү булак таануучу, тарыхчы профессор Ю Тайшандын кыргыз элинин алгачкы аталышы б.з.ч. X кылымга таандык (б.а. мындан 3 миң жылдай илгерки) окуяларга байланыштуу эскерилгени жөнүндөгү маалымат болду.

Бул илимий маалымат Бишкектеги 2019-жылдагы бир катар илимий жыйындарда да кызуу талкууга алынып жатты. Аларга да кытайлык жоон топ тарыхчы, булак таануучу окумуштуулар катышты.

Дал ушундай жаңы кырдаалда ала-тоолуктар XXI кылымдын башында өздөрү менен теңата иштей алган, айрым кесиптик жогорку даярдыгы жагынан өздөрүнөн да алдыга ат чабымдай суурулуп чыккан кытайлык кыргыз окумуштуулары менен жакындан таанышып жана кызматташа башташты.

Адыл Жуматурдунун кыска өмүр таржымалы

Учурда баралына келип турган жана КЭРдин борбор шаары Бээжинде кадыр-барктуу илимпоз катары төбөсү көрүнүп, өзгөчө айырмаланган кытайлык кыргыз окумуштуусу –– профессор Адыл Жуматурду (Adyl Jumaturdu; ханзуча: 阿地力·朱玛吐尔地).

Адыл Жуматурду уулу 1964-жылы бирдин айынын (февралдын) 25инде Кытай Эл Республикасынын ШУАРына караштуу Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Ак-Чий ооданынында төрөлгөн.

1982––1986-жж. ал Кытайдагы 1896-жылы негизделген кадыр-барктуу Шаңхай Жиаотоң университетинин (орусча: Шанхайский университет Цзяотун; англисче Shanghai Jiao Tong University) англис тили жана адабияты факультетинде окуп, аны бүтүрүп, бакалавр дипломун алган.

(Мындагы “Жиаотоң” сөзү “байланыш жана унаа байланышы” сөздөрүн билдирет экен, анткени бул университет мурдагы цин-манчжурдук Кытай империясынын почтоо жана унаа байланышы министрлиги тарабынан каржыланып түзүлгөн XIX кылымдагы эң заманбап жогорку окуу жайы болгон экен. Азыр да Шаңхай Жиаотоң университети Кытайдагы заманбап университеттердин алдыңкы сабында турат).

1986––1990-жж. Адыл Жуматурду уулу ШУАРдын борбору Үрүмчүдө Шинжаң Политехникалык институтунда англис тили жана адабияты боюнча окутуучу болгон (азыр ал институт Шинжаң университетине кошулду).

1990-жылы Адыл Жуматурду уулу атайын «Манас» эпосун которуу жана изилдөө кызматына тандалып, КЭРдин Шинжаң Адабият жана көркөм өнөрчүлөр биримдигинин Фольклор изилдөө коомуна караштуу «Манас» эпосун изилдөө секторунда илимпоз катары иштей баштаган.

Ал 1995––2004-жж. ошол секторду жетектеген. Кыргыздардын «Манас» эпосу баштаган элдик оозеки адабият чыгармаларын ханзу (кытай) тилине которуу, басмага даярдоо жана изилдөө иштерине жетекчилик кылып иштеген. 1998-жылы «адис изилдөөчү» илимий даражасын алган.

Ушул кызматты аркалап жаткан учурда, 1995-жылы жана 2000-жылы Адыл Жуматурду уулу эки жолу Шинжаң фольклор изилдөө коомунун төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Андан тышкары, 1997- жана 2002-жылдары ал эки жолу ШУАР Адабият жана көркөм өнөрчүлөр биримдигинин төрагасынын орун басары болуп шайланган жана улуттук фольклорду иликтөө жаатына чоң салым кошкон.

Ал ара-чолодо өкүлчүлүктүү саясий иш менен да алышып, Адыл Жуматурду уулу 2002–2007-жж. КЭРдин ШУАРынын Саясий кеңешинин 9-чакырылыштагы комитетинин туруктуу мүчөсү (б.а. ШУАРдын Жогору Кеңешинин өкүлү) болгон.

2001––2004-жж. Адыл Жуматурду уулу КЭРдин борбору Бээжин шаарындагы Кытай Коомдук илимдер академиясында докторантурада билим алуусун ара-чолодо уланткан.

2004-ж. ал «Манасчылар жөнүндө изилдөө» деген темада докторлук диссертациясын коргогон да, КЭРдеги кыргыздардан алгачкы болуп илимдин доктору наамын алган (илимий жетекчиси -- профессор Лаң Йиң айым).

Ошол эле 2004-жылы ал кызмат абалына байланыштуу Үрүмчүдөн Бээжин шаарына которулуп, Кытай Коомдук илимдер академиясынын Улуттар адабиятын изилдөө институтунун Түндүк улуттар адабиятын изилдөө секторуна кызматка алынган (ошол сектордун жетекчиси кызматын ал бүгүнкү күнгө чейин аркалап келет).

2006––2009-жылдары Адыл Жуматурду уулу Бээжиндеги Борбордук улуттар университетинде пост-докторлук изилдөө ишин улантып, «Түрк тилдүү элдердин баатырдык эпосторунун курулмасын жана мотивдерин салыштырып изилдөө» деген темада диссертациялык эмгегин коргогон жана КЭР кыргыздарынын ичинен филология илимдери боюнча пост-докторлук илимий дипломун алган туңгуч окумуштуу болгон (илимий жетекчиси -- профессор Ген Шимин).

Бул даража ага өз илимий тармагындагы бараандуу илимпоз жана агартуучу экендигин тастыктайт. Эми Адыл мырза өз шакирттеринин докторлук жана пост-докторлук иштерине илимий жетекчилик кыла баштады.

Профессор Адыл Жуматурду уулу жубайы, профессор Токтобүбү Ысак кызы, уулу Эрзат жана кызы Перизат менен өз үйүндө. Бээжин, КЭР. 21.10.2015.
Профессор Адыл Жуматурду уулу жубайы, профессор Токтобүбү Ысак кызы, уулу Эрзат жана кызы Перизат менен өз үйүндө. Бээжин, КЭР. 21.10.2015.

Анын жубайы –– белгилүү кытайлык кыргыз окумуштуу, кыргыз таануучу, «Манас» таануучу, доцент Токтобүбү Ысак кызы (1966-жылы туулган). Алардын бир уулу (Эрзат), бир кызы (Перизат) бар. Алар уул-кызынын ысымдарын залкар манасчы Жусуп Мамай өзү коюп бергенин ыраазылык менен эскерип келишет.

Адыл Жуматурду уулу – И.Арабаев атындагы КУУнун ардактуу профессору экенин да кошумчалай кетелик.

Тасма: Ч.Субакожоеванын жана Н.Турдубаеванын катышуусунда "Чак түш" ( Манас жөнүндө сөз) 27.06.2018.

«Тоо Гүлү» сыйлыгына эки жолу арзыган илимпоз

Айтмакчы, эгерде чыгаан манасчы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамай (1918––2014) атабыз КЭРдеги «Тоо Гүлү» деген кадыр-барктуу сыйлыкты өмүрүндө эки ирет алган жападан-жалгыз дастан айтуучу болсо, ал эми «Манас» таануучу Адыл Жуматурду болсо илимпоз катары «Тоо Гүлү» сыйлыгын эки жолу алган бирден-бир кыргыз окумуштуусу болуп саналат.

Оболу Адыл Жуматурду өзүнүн өмүрлүк жубайы, илимдин кандидаты Токтобүбү Ысак кызы экөө 2002-жылы манасчы Жусуп Мамайдын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган китепти кытайча жарыялашып, бул китеби үчүн 2004-жылы «Тоо Гүлү» сыйлыгына татышкан.

Ал эми 2006-жылы Адыл Жуматурду жазган «Манас» таануу жаатындагы эмгек анын авторуна 2007-жылы экинчи жолу «Тоо Гүлү» сыйлыгына ээ болууга арзытты.

2016-жылы Кыргызстандын Президентинин Аппаратына караштуу «Мурас» фонду Адыл Жуматурдуну жана анын кичүү кесиптеши, профессор Мамбеттурду Мамбетакунду жогорку сыйлык менен сыйлоо тууралуу өтүнүч менен Бишкектеги Ак Үйгө кайрылган.

Ошол өтүнүч дагы эле аткаминерлердин үстөлүндө сакталып жатса керек деп ойлоп коём... Азыр да кеч эмес!..

Профессор Адыл Жуматурду “Манас” эпосуна арналган заманбап сыналгы сабагы үчүн ханзуча текст жазууда. Бээжин ш., КЭР. 05.8.2020.
Профессор Адыл Жуматурду “Манас” эпосуна арналган заманбап сыналгы сабагы үчүн ханзуча текст жазууда. Бээжин ш., КЭР. 05.8.2020.

«Манас» таануу жана дүйнөлүк эпос таануудагы теориялар

Негедир, биздин илимпоздорубуздун эски мууну кыргызча жана орусча гана билгендиктен, КЭРдеги илимпоздорду да кыргыз жана кытай тилдерин гана билет го деген түшүнүк орун алып келет.

Иш жүзүндө, Дэн Сяопин баштаган «реформалар жана ачылуу» доорунан тартып, КЭРде дүйнөлүк илимдеги ири ачылыштарга астейдил көңүл бөлүнө баштады. Анын өтө жөнөкөй мисалдарынын бири – эми Кытай өзү да космос мейкиндигин өз алдынча изилдеген, тайконавттарды (космонавттарды) учурган кубаттуу мамлекетке айлангандыгы эмеспи.

Эпос таануу жаатында да Кытайда ушундайча ири секириктер жасалды. Эне тилин мыкты билген, ханзуча суудай сүйлөгөн, англис тилин мыкты өздөштүргөн илимпоз Адыл Жуматурду уулу – Кытайдагы «Манас» таануу илимий тармагы үчүн жаңы муундагы адис болуп калды.

Адыл Жуматурдунун эмгектерин окусак, ал дүйнөлүк, анын ичинде орусиялык жана кыргызстандык бараандуу эпос таануучулардын усулдарын жана методологиялык-теориялык эмгектерин дурус өздөштүргөнүн баамдай алабыз (Айтмакчы, Орусиядагы бул жааттагы ири эмгектер ханзуча которулган жана которулуп жатат).

Маселен, Адыл мырза орус академиги Виктор Максимович Жирмунский (1891, Санкт-Петербург - 1971, Ленинград) тууралуу да жогорку баасын берет: «Советтер Биримдиги доорунун адабият жана көркөм өнөр теоретиги В.М.Жирмунский «Манас изилдөөгө алгы сөз» , «Орто Азия эпостору жана эпос айтуучулар» сыяктуу илимий эмгектеринде тарыхый салыштырмалуу изилдөө методу аркылуу эпостогу мотив, окуянын түзүлмөсү, кейипкерлер образы сыяктууларды изилдөөдөн тышкары, соңунда Пэрри жана Лорддун изилдөөлөрүнө ынанымдуу баа берди...»

Айтмакчы, мындагы Пэрри менен Лорд деген кимдер?

Дүйнө жүзүндө фольклордук жана эпос таануучулук өңүттө жаңы чыйырды ачкан айтылуу америкалык адабият таануучу окумуштуулар Милмэн Пэрри (Milman Parry; 1902–35) жана Алберт Лорд (Albert B. Lord; 1912–91) калтырган илимий мурастарды түп нускасында окуп, алардын теориялык саамалыктарына өз алдынча терең сереп салуу – замана талабы.

Алар эпостогу ыр ыргагын кайра кайталоо ыкмасына салып, эски канвалык мазмунду сактоо менен, эпос айтуучулардын улам жаңы мууну, бир чети, өз алдынча кошумчаларын жаратып, экинчи чети, эски эпос айтуу өнөрүнүн калыбын сактап келгендигин айкындай алышкан жана оозеки эпос жаратуу жана аны оозеки сактоо өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн кылдат белгилешкен.

Бардыгынан кызыгы, Пэрри жазып калтырган 75 ырдын ичинен 20-номурда «Стамбулдан жөнөтүлгөн парман [б.а. буйрук]» ("Ferman stiže od Stambola") деген фольклордук чыгарма турат. Анда Сараево шаарынын тургундары болгон жана Морич деген тегаты бар эки бир туугандын Осмон султандыгына каршы эгемендик үчүн күрөштөгү эрдиги жана дарга асылгандыгы баяндалган.

(Караңыз: Schwartz, Stephen. Bartók, Parry & Lord: a flawed legacy: On Bosnian Muslim and Albanian Folklore // The New Criterion. –– November, 2009.)

Бул ыр 1992–95-жылдары «Морич ага-ининин өлүмү» ("Smrt Braće Morića") аталышы менен таркап, Босниядагы мусулмандардын эгемендик үчүн күрөшүндө расмий эмес мекенчил гимндеринин бирине айланган экен.

Профессор Адыл Жуматурду уулу, айрым ала-тоолук эпос таануучу илимпоздордон айырмаланып, Пэрри менен Лорддун чыгармаларынын теориялык маңызын түп нускасында таанышууга жетишкен жана алардын табылгаларын кыргыз «Манас» таануучуларынын ичинен өзүнүн «Оозеки поэтика жана манасчылык өнөрү» китебинде алгачкы жолу илимий чечмелеп берген.

«Манас» эпосунун Кытайда опера өнөрүндө жашай башташы

Сталиндик ырайымсыз жазалоо күч алып жаткан доордо, 1939-жылы Маскөөдөгү кыргыз маданиятынын он күндүгүнүн алкагында коюлган «Айчүрөк» операсы – «Манас» эпосун опера тили менен баяндоонун төл башы болгон. Анын либреттосун Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов жана Жусуп Турусбеков биргелешип даярдашкан (ошол кезде куугунтукка кабылып жүргөн Ж.Бөкөнбаевдин ысымы калемдеш катары ачык чагылдырылбагандыгы эми ачык кеп кылынып келет). Алгач опера 1939-жылы 12-апрелде Кыргыз мамлекеттик музыка театрында коюлган экен (режиссёрлору – В.Васильев менен А.Куттубаев).

Андан ары «Манас» эпосу Кыргызстандын театр сахнасында улам жаңы платформада даңазаланып келди.

Эми бул опералык саамалыктын XXI кылымдын башындагы жаңы уландысы – Кытай Эл Республикасында орун алууда.

Адабиятчы, котормочу, профессор Адыл Жуматурду кытай тилинде даярдаган тексттин негизинде 2015-жылы акын Ваң Шяолиң (орусча: Ван Сяолин; англисче Wang Xiaoling) тарабынан «Манас» операсынын кытайча либреттосу жазылган. Ал кытайлык чыгаан манасчы Жусуп Мамай айткан «Манас» эпосунун вариантына негизделген.

“Манас” операсынын либреттосунун автору –– Ваң Шяолиң (Ван Сяолин). 07.6.2018.
“Манас” операсынын либреттосунун автору –– Ваң Шяолиң (Ван Сяолин). 07.6.2018.

Ошентип, 2015-2017-жылдары Бээжинде жаңы операны сахнага чыгарыш үчүн кызуу камылгалар жүргөн. Анын натыйжасында кыргыздын баатырдык «Манас» эпосун кытайлык режиссёр Ваң Янсоң (Wang Yansong), композитор Шу Шуя (Xu Shuya), көркөмдөгөн сүрөткер Ма Лянчиң (Ma Liangqing), дирижёр Яң Яң (Yang Yang), жарыктандыруу устаты Чжоу Чжеңпиң (Zhou Zhengping) жана башка 200дөй кытай опера өнөрпоздору Кытайдын опера өнөрүнүн тилинде даңазалашты.

Бул опера Кытайда 2018-жылдын июнуна карата тогуз ирет сахнага чыгарылган экен: алгач ал 2017-жылы аяк оонанын (сентябрдын) 30унда Бээжинде «Тянчяо» («Тянцяо») чоң театрында коюлган.

Андан соң бул оюн Бээжин, Нанкин, Тяньцзин шаарларында коюлуп келген экен.

Бээжиндеги “Тянчяо оюн аткаруу борбору” аталган ири театрда коюлган “Манас” операсынын кыргызча буклетинин мукабасы. 07.6.2018.
Бээжиндеги “Тянчяо оюн аткаруу борбору” аталган ири театрда коюлган “Манас” операсынын кыргызча буклетинин мукабасы. 07.6.2018.

Бул оюндун коюлушунун Кытайдагы туу чокусу – 2018-жылы кулжа (июнь) айынын 7синде Бээжиндеги «Тянчяо оюн аткаруу борбору» аталган ири театрда (Beijing Tianqiao Performing Arts Center) болду. Аны көрүүгө ошол кезде Бээжинде расмий сапарда жүргөн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жэнбеков өзү да катышкан.

Президент С.Жээнбеков кытайлык опера өнөрпоздорун куттуктоодо. Бээжин, КЭР. 07.06.2018.
Президент С.Жээнбеков кытайлык опера өнөрпоздорун куттуктоодо. Бээжин, КЭР. 07.06.2018.

«Манас» операсынын Бээжиндеги ушул коюлушуна карата Кыргызстандын Бээжиндеги элчилиги даярдаган көрнөкчө китепчеде (буклетте) камтылгандай, операнын мазмунун түшүнүү үчүн бээжиндик өнөрпоздор КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагына үч ирет келип, кыргыздардын арасында болушкан экен.

2018-жылы кулжа (июнь) айынын 7синде Бээжиндеги “Тянчяо оюн аткаруу борбору” аталган ири театрда коюлган “Манас” операсынын кыргызча буклетиндеги текстте бул операга негиз болгон (Жусуп Мамайдын вариантындагы) “Манас” эпосунун окуяларынын кыргызча түп нускасын кытай тилине которууну профессор Адыл Жуматурду жүзөгө ашыргандыгы эскертилет. Буклетти Кыргызстандын Бээжиндеги элчилиги даярдаган. 07.6.2018.
2018-жылы кулжа (июнь) айынын 7синде Бээжиндеги “Тянчяо оюн аткаруу борбору” аталган ири театрда коюлган “Манас” операсынын кыргызча буклетиндеги текстте бул операга негиз болгон (Жусуп Мамайдын вариантындагы) “Манас” эпосунун окуяларынын кыргызча түп нускасын кытай тилине которууну профессор Адыл Жуматурду жүзөгө ашыргандыгы эскертилет. Буклетти Кыргызстандын Бээжиндеги элчилиги даярдаган. 07.6.2018.

Көрнөкчөлүк маалыматта: ««Манас» эпосу боюнча опера Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде коюлган. Бул операнын сценарийин (б.а. либреттосун. –– Т.Ч.) Кытайдагы белгилүү биринчи даражалуу сценарист Ван Сяолин (Ваң Шяолиң) даярдаган. «Манас» операсын көрсөтүш үчүн 2015-жылдан тартып эки жылдын ичинде даярдоо иштери жүргүзүлгөн... Бул операнын сценарийи ф.и.д., профессор Адыл Жуматурдунун котормосундагы «Манас» эпосунун негизинде жазылган», деп айтылат.

Айтмакчы, Кытайда өлкөдөгү аз сандуу улуттардын ичинен үч элдин чоң жомогу ири эпос катары расмий таанылган. Алар – кыргыздардын «Манас» эпосу, тибеттиктердин «Гэсэр» эпосу жана монголдордун «Жангар» эпосу.

Ал эми 2018-жылдын июнуна карата бул эпостордун ичинен «Манас» эпосу гана ханзу тилинде кытайлык опера театрында коюлган экен.

Албетте, бул үчүн профессор Адыл Жуматурдунун котормочу катары талыкпаган эмгегине да, анын менен кеңешип иш кылган либретто автору, белгилүү лирик акын, мыкты сценарист Ваң Шяолиң мырзанын мээнетине да, 200дөй кытай опера өнөрпоздорунун дареметине да ыраазычылык билдиришибиз абзел.

Бул опера 2019-жылы 13-июнда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрдында да Шаңхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитинин ирегесинде коюлуп, аны Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстандын жана КЭРдин расмий өкүлдөрү, опера өнөрүнүн жергиликтүү жана эл аралык күйөрмандары көрүп, жылуу баа беришти.

Адыл Жуматурду – данакер аалым

Профессор Адыл Жуматурду КЭРдин илимий чөйрөлөрү менен кыргызстандык илим-билим чөйрөлөрүн өз ара кызматташтыкка чакырып, алардын тыгыз байланышынын көпүрөсү кызматын да аткарып келет.

“Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйынга” катышкан профессорлор Такао Нишиваки (солдо) жана Карл Райхл. Бээжин, КЭР. 19.10.2015.
“Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйынга” катышкан профессорлор Такао Нишиваки (солдо) жана Карл Райхл. Бээжин, КЭР. 19.10.2015.

Мындан тышкары Адыл Жуматурду КЭРдеги ар башка улуттагы эпос таануучулар (арасында өз устаттары –– профессорлор, улуту ханзу Лаң Йиң айым, профессор Ген Шимин, улуту дунган Мухаммед Ху Чжэнхуа, ж.б.), Жапония (профессор Такао Нишиваки), Германия (профессор Карл Райхл) сыяктуу ар кыл өлкөлөрдөгү «Манас» таануучу аалымдар менен да өз илимий мекемесинин байланышын чыңдап, данакерлик иш-аракет кылып келет.

Профессор Адыл Жуматурду (Бээжин) маркум манасчы Жусуп Мамайга арналган эл аралык илимий жыйында. Нарын ш., 29.5.2015.
Профессор Адыл Жуматурду (Бээжин) маркум манасчы Жусуп Мамайга арналган эл аралык илимий жыйында. Нарын ш., 29.5.2015.

Буюрса, жакында Адыл Жуматурдунун «Манас» эпосунун поэзиялык өзгөчөлүгүн чагылдырган илимий эмгеги Кыргызстанда кыргыз тилинде, кирил жазмасында жарык көрмөкчү.

«Тулпар тушунда» демекчи, азыркы учурда Адыл Жуматурду – кытайлык кыргыздардын чыгармачыл жактан толукшуп турган бараандуу өкүлү. Ага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык, коомдук, педагогдук жана жекече чыгармачыл ишмердигине албан ийгиликтер каалайбыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (23)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG