Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:38

Алп жомокчу Жусуп Мамай Ала-Тоодо эскерилет


Манасчы Жусуп Мамай Ак-Чий шаарында. Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, КЭР (архив).

Чын курандын (апрелдин) 14үндө Бишкекте кытайлык кыргыздардын чыгаан манасчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамайдын өмүрүн жана мурасын иликтөөгө арналган эл аралык илимий шерине өткөрүлмөкчү. Бул шерине Кыргызстандын президентинин жарлыгына ылайык өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын бири.

Кыргыз эли көөнө замандардан байырлаган тарыхый мекенде ‑ Теңир-Тоо, Памир, Алайда асман мелжиген бийик чокулар абдан көп. Кыргыздын манасчылары да ошондой көп сандаган жана ар бири өзүнчө шаңкайган чокуларды элестетет. Байыркы гректер бир гана Гомерди даңазаласа, кыргыз элинин ар бир тарыхый баскычында жана ар башка чөлкөмдөрүндө өзүнчө Гомерлери – өз алдынча залкар чокулары болгон.

Кытайлык кыргыздар үчүн XX кылымдын ичи – XXI кылымдын башындагы чыгыш теңир-тоолук Гомер – бул айтылуу Жусуп Мамай (1918 - 2014) атабыз болчу.

Манасчы Жусуп Мамай – дүйнөдөгү жалпы кыргыздар үчүн гана эмес, жалпы адамзат үчүн баалуу мурас калтырган инсан. Ага Кытай бийлигинин “Тоо гүлү” жогорку сыйлыгы эки ирет берилген. Анын айтуусундагы “Манас” дастанынын варианты ханзу тилине которулган, эми англис, немис, жапон сыяктуу тилдерге которула баштады.

2014-жылы май (бугу) айынын 30унда Жусуп Мамайга “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку наамы ыйгарылган. Демек, ал Кыргызстандагы бул эң жогорку сыйлыкка татыган алгачкы чет өлкөлүк кыргыз болуп калды.

Маркум Жусуп Мамайдын өнөрүнө шыктанып, азыркы тапта Кытайдын өзүндө жүздөгөн жаш кыргыз манасчылар тарбияланууда. Кытайда жана Кыргызстанда анын оригиналдуу “Манас” варианты бир нече ирет жарык көрдү; бул дастандык вариантка байланыштуу бир нече илимий диссертациялар корголду. Ошентип, манас таануу илимий тармагынын өзүнчө бир шакабы – жусуп мамай таануу тармагы Кыргызстанда да, Кытайда да түптөлүүдө.

Алгачкы көрүнүктүү жусуп мамай таануучулар катары кытайлык илимпоздор Мухаммед Ху Чжэнхуа, Лаң Йиң, Адыл Жуматурду, Токтобүбү Ысак кызы, Мамбеттурду Мамбетакун, Ысакбек Бейшенбек, Амантур Абдырасул, ж.б. замандаштарыбызды ыраазылык менен белгилөө абзел. Немис профессору Карл Райхл, жапондук профессор Такао Нишиваки мырзалар да өз мекендеринде Жусуп Мамайдын мурасын таанытуу багытында бир кыйла эмгектер жаратты. Түркиялык, орусиялык ж.б. окумуштуулар да жусуп мамай таануу жаатындагы илимий жыйындарга катышып, манас таануу жаатында салым кошуп келишти.

Кыргызстанда Жусуп Мамайдын өмүрүн жана чыгармачыл мурасын иликтөө жана аны үйрөнүүгө үгүттөө багытындагы эл аралык илимий шеринелер манасчынын көзү тирүүсүндө эле, 2013-жылдын чын куран (апрел) айынын 30ундагы президентик жарлыкка ылайык башталганын баса белгилөө керек.

Кыргыз президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын чечимдерине ылайык 2014-жылдан бери ырааттуу өткөрүлүп жаткан жусуп мамай таануу жыйындары манас таануучулардын эл аралык шеринеси катары дурус таанылып калды.

Жусуп Мамайдын мурасына арналган жыйындын көрнөгү. Нарын ш., 29.5.2015.
Жусуп Мамайдын мурасына арналган жыйындын көрнөгү. Нарын ш., 29.5.2015.

Атап айтсак, жусуп мамай таануу эл аралык илимий жыйындары 2014-жылы Талас мамлекеттик университетинин, 2015-жылы Нарын мамлекеттик университетинин, 2016-жылы Жалал-Абат мамлекеттик университети менен Жалал-Абат Экономика жана ишкердик университетинин окумуштууларынын, жергиликтүү облустук жана шаардык бийликтердин жана башка шериктердин көмөгү менен байсалдуу өткөрүлгөн. Шериктердин арасында Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы, Шинжаң «Манас» изилдөө борбору, «Кереге» коомдук фонду, «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмеси, И.Арабаев атындагы КМУга караштуу Манас таануу институту сыяктуу уюмдар жана мекемелер болду.

Эми, 2017-жылдын апрелинин (чын куранынын) 14үндө Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жусуп мамай таануу жана жалпы эле манас таануу көйгөйлөрүнө арналган “Жусуп Мамай жана түрк калктарынын эпостору” деп аталган IV эл аралык илимий жыйын өткөрүлмөкчү. Ушул эле айдын 20сында болсо залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракесине арналган илимий жыйын уюштурулууда.

Бул сыяктуу илимий шеринелер “Манас” дастанынын дүйнөлүк адабияттын бермети катары ордун тастыктоодо жана дастандын улам жаңы өңүттөрүн философиялык, тарыхый, этнографиялык, фолклордук, тилдик, ономастикалык, тарыхый географиялык, педагогдук жана башка нуктарда ачып берүү үчүн илимпоздорго жагымдуу жагдай түздү десек жаңылышпаспыз. Чынында да, бул жыйындарда жаңы илимий табылгалар илим чөйрөсүнө дайын кылынып, жаш окумуштуулардын тушоолору кесилип, бири-бирин басмадан чыккан эмгектери аркылуу гана тааныган илимпоздор бири-бири менен жакындан таанышып жатты.

2014-2016-жылдарда жусуп мамай таануу илимий жыйындарын улам башка дубандардын борборлорунда уюштуруу аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия жана анын шериктери ар башка чөлкөмдөрдө манас таануу илимий тармагын өнүктүрүүгө жана дубандык илимий мекемелердин эл аралык байланыштарын чыңдоого да огожо болушту.

Жусуп мамай таануу жыйындары жана башка маданий чаралары эгемен Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жана башка мамлекеттердин маданий, агартуучулук жана илимий карым-катнаштарын чыңдоого да чоң салым кошту.

Быйылкы өткөрүлүп жаткан илимий жыйынды Жусуп Мамайдын мурасын үйрөнүүгө арналган акыркы жыйын деп кароого эч мүмкүн эмес. Келээрки жылы Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракеси эл аралык деңгээлде кеңири белгиленмекчи. Демек, быйылкы илимий шерине маалында алдыдагы торколуу тойго карата камылгалар жөнүндө да сөз болоору шексиз.

Кыргыз улутунун маданий тарыхында – кылымдар карыткан залкар тоо кыркаларында - биринен бири калышпаган бийик чокулары көп. Манасчылык тоо кыркасынын Жусуп Мамай деп аталган чокусун изилдөө – кыргыздын байыркы тарыхы камтылган улуу жомогун айтып, улуттун көрөңгөсүн улам жаңы муундарга сактап берген башка да залкарлардын көөнөргүс дастандык мурастарын ар тараптуу изилдөөгө жол ачып бермекчи.

Жусуп Мамайга арналган эл аралык илимий жыйындардын материалдары:

Жусуп Мамай: Заманыбыздын залкар манасчысы: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий баяндамалардын жана макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев ж.б. – Б.: “Maxprint” басмаканасы, 2014. 272 + XII б., сүрөт. - “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү.] - ISBN 978-9967-12-394-6.

Жусуп Мамай (1918-2014): Дастанда калган өмүр: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачыл мурасы тууралуу илимий баяндамалардын ж-а макалалардын топтому / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), А. Эркебаев, ж.б.; “Мурас” фонду. - Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. - 232+iv б., сүрөт. - – [“Тарых жана мурас” түрмөгү.]. - ISBN – 978-9967-12-486-8.

Жусуп Мамай жана кыргыз элинин манасчылык салты: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын (1918-2014) элесине арналган Үчүнчү эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын. Жалал-Абат мамлекеттик университети. 22-24.05.2016. Баяндамалар жана макалалар жыйнагы / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 396++ii б., сүрөт. – “Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция. – Жалал-Абат мамлекеттик университети. – Жалал-Абат Экономика жана ишкердик университети. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. - ISBN 978-9967-12-567-4.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG