Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Шайлоо алдындагы биригүүлөр


Бишкек мэриясынын имараты
Бишкек мэриясынын имараты

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 27ге жетти. Алардын көбү мурда-кийин мындай ири саясий өнөктүккө катышкан эмес. Ошондон улам добуш үчүн башка бир партиянын астына баш калкалагандар да бар.

Шайлоо алдындагы биригүүлөр

26-февралда Бишкекте маалымат жыйын курган “Биздин мекен”, “Улуу журт” жана “Ак санат” парияларынын лидерлери бириккенин жарыялашты. Алар “Адилеттүү багыт” аттуу ураандын астында “Улуу журт” партиясынын аты менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого бара турганын билдиришти.

«Кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган уул-кыздардын башын коштук. Бири-бирибизге оппонент болбойлу, шайлоочулардын добуштарын талашпайлы деп чечтик. Шаардык кеңешке өтсөк ансыз да чогуу иштейбиз да. Биригүү оңой болгон жок. Бул жаш партиялар. Буга чейин шайлоолорго катышкан эмес. “Биздин мекен” партиясынын лидери Жаныбек Асанбеков, “Ак санат” партиясынын төрагасы Милан Турпанов дагы буга чейин коомдук иштерде активист болуп жүрүшкөн. Азыр тизмени ким жетектеп барарын сүйлөшүп жатабыз», - деди “Улуу журт” партиясынын лидери Мирлан Орозбаев.

Жаныбек Асанбеков, Мирлан Орозбаев жана Милан Турпанов.
Жаныбек Асанбеков, Мирлан Орозбаев жана Милан Турпанов.

Бишкек шаардык кеңешине аттанган партиялардын көбү буга чейинки шайлоолорго катышкан эмес.

Алардын катарын "Ак Бата", "Улутман", "Тынчтык", "Айкөл Кыргызстан", "Патриот" жана "Легалайз" баштаган коомго аты анчейин белгисиз партиялар толуктайт.

Президенттик шайлоого талапкер болгон үч саясатчы

17-февралда Клара Сооронкулова лидерлик кылган “Реформа”, Элдар Абакиров теңтөрагалык кылган “Адилеттүү Кыргызстан” жана Аймен Касенов жетектеген “Асман-Ала Тоо” партиялары бириккенин жарыялашкан. Алар шайлоого “Реформанын” атынан бара турган болушту.

Партия лидерлери муну атаандаштардын көптүгү менен түшүндүрүп, прогрессивдүү күчтөрдүн биригүү зарылдыгы менен байланыштырган.

Клара Сооронкулова, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров дагы январдагы президенттик шайлоодо талапкер болушкан.

Элдар Абакиров, Клара Сооронкулова жана Аймен Касенов.
Элдар Абакиров, Клара Сооронкулова жана Аймен Касенов.

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова тизмеге үч лидер тең кирерин айтты:

«Тизмени Аймен Касенов жетектейт. Тизмеге үч партиянын мүчөлөрү кирет. Үгүт иштерине кеткен чыгымды жана шайлоо күрөөсүн бөлүп төлөйбүз. “Адилетүүлүк, өнүгүү, үмүт” деген аталыштагы ураандын астында бириктик. Майда партиялар биригип, чоң саясий күч болушу керек. Анткени жаштар саясатка аралашуу аракетин көрүп, активдүү болуп жатышат. Бирок жаңы Конституция кабыл алынса, бул көрүнүш мазмунун жоготуп коет. Ушул жагы жагымсыз болууда».

Реформа партиясы былтыркы парламенттик шайлоого катышып, шайлоочулардын 1,46% добушун алган.

Экс-мэр шайлоого катышат

25-февралда “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы” съездин өткөрдү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы орун басары Артур Медетбеков лидерлик кылган бул партиянын курамында Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов бар. Коомдук телерадио корпорациянын (КТРК) мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков да ушул партиянын тизмесине кирген.

“Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы” былтыркы парламенттик шайлоого катышуу ниет билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берген. Бирок арызын кайра кайтарып алган. Партиянын лидери Артур Медетбеков тизменин 70-80% жаштар түзгөнүн айтууда:

«Партия 2010-жылы түзүлгөн. Чынын айтыш керек - айрым жергиликтүү кеңештерде гана бир-эки мандат алганы болбосо бул партия чоң ийгиликтерге деле жетишкен жок. Саясий процессте өйдө-төмөн болот экен. Бирок ошого карабай биздин пикирлештер партиянын өнүгүшүнө салымын кошуп жатат. Биз акыркы парламенттик шайлоого катышкан жокпуз. Анткени шайлоо ыплас өтөрү тууралуу маалымат болгон. Өзүм тизмеге кирип шаардык кеңешке барбайм. Биздин партия башка партиялар менен бириккен жок. Быйыл Жогорку Кеңешке шайлоо болсо биздин партия элге программасын сунуштайт».

Шайлоого эски партиялар да баратат

Баш калаанын кеңешине кирүү үчүн саясатчы Өмүрбек Текебаев негиздеген "Ата Мекен", Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан", экс-депутат Эркин Булекбаевдин "Жашылдар партиясы", ишкер Аскар Салымбековдун "Эмгек", жаш саясатчы Темирлан Султанбеков жетекчилик кылган "Кыргызстандын социал-демократтары", Исхак Масалиевдин "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы", буга чейин Жеңиш Молдокматов төрагалык кылган "Замандаш", лидерлеринин бири Нуржигит Кадырбеков болгон "Ыйман нуру" партиялары жарышка аттануу дымагын билдирди. Партиялык тизмелерди кимдер жетектери азырынча белгисиз.

Бул партиялар буга чейинки парламенттик жана жергиликтүү кеңештин шайлоолоруна активдүү катышып келген.

“Ыйман нуру” саясий партиясынын республикалык штабынын жетекчиси Мирлан Даанышман буларга токтолду:

«“Биригели" деген сунуштар азыр деле келип жатат. Бирок биздин андай ниетибиз жок. Шайлоого “ыймандуу бийлик, берекелүү жашоо, таза жеңүүчүлөр” деген программа менен чыгып жатабыз. Тизмени Аскарбек Күрүчбеков жетектейт. Ал эми партиянын лидери Нуржигит Кадырбеков Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна талапкер катары катышпайт».

Учурда Бишкек шаардык кеңеши СДПК, «Республика – Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларынан куралган. Азырынча «Кыргызстан» партиясы гана шайлоого катышуу ниетинде арыз берген.

Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин мамлекеттин башына келген лидерлер мүчө болгон «Мекенчил» партиясы шайлоого катышпай тургандыгын билдирди. Ал эми «Ата-Журт» партиясы арызын бергени менен, ыйгарым өкүлүн кайра чакыртып алган.

Аброюн жоготкон партиялар

Күздөгү парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен, ошол кезде бийликчил аталган "Биримдик", Матраимовдор каржылаган "Мекеним Кыргызстан" партиялары үн ката элек.

Саясат талдоочу Турат Акимов Кыргызстандагы саясий партиялардын тарыхы түптөлбөй жатканына токтолду.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

«Эски партиялардын аброю түшүп калган. Анткени азыркы Жогорку Кеңешти мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “чимкирик”, деп айтып кеткенден кийин коомчулукта бул сөз тарап, алардын баркы кетип калган. Ошондуктан алар шаардык кеңештин шайлоосуна барышса радикалдуу тирешке түшөт. Карапайым калк менен жолугушууга даяр эмес. Ушундан улам алар тизгинин тартып отуруп калышты. Алар келечегин көрбөй турушат. Бекер каражат коротуп, жаман атка конбойлу деп жатышат. Бирок бийлик баары бир шаардын добушун алышы керек. Азыр шайлоого аттанган жаңы партиялардын арасында бийликке ыктаган 5-6 партия бар. Алар шаардын электоратын алганга аракет кылышат».

Саясий партиялардын 1-мартка чейин дагы убактысы бар. Шайлоо 11-апрелде өтөт. Шаардык кеңеште 45 мандат бар, депутаттар төрт жылга келет.

Адатта шаардык жана айылдык кеңештердин шайлоосу Жогорку Кеңештин шайлоосуна даярдык катары бааланып жүрөт. Айрыкча Бишкек менен Оштун мааниси чоң. Себеби бул эки кеңештин депутаттары шаар мэрлерин шайлайт. Бишкек менен Оштун мэрлик кызматы болсо стратегиялык маанилүү орун деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG