Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун оош-кыйышы


Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда эки айдын ичинде 448 кеңеш жаңыланышы керек. Өкүлдөр 420 айылдык кеңешке бир мандаттык негизде, 28 шаардык кеңешке партиялык негизде шайланат.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен чогуу референдум да өтөт жана андан кийин партиялык шайлоо системасы жоюлушу ыктымал. Мындан улам «Баш мыйзам жаңыланса, шаардык кеңештер кайра шайланабы?» деген суроо туулду.

Шайлоонун шаңы башталды

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелге белгиленгенден бери Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) ага даярдык көрүү, уюштуруу жана өткөрүү чараларын талдап келди. Соңку отурумдарында буга байланыштуу календардык планын да бекитти.

Ага ылайык, шайлоочулардын тизмеси добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн мурда жарыяланыш керек. Бул жолу ал tizme.gov.kg порталына 12-февралда коюлду, эми 20-февралга чейин добушканаларга илиниши керек. Аты-жөнүнөн же жайгашкан жеринен каталарды, так эместикти тапкан шайлоочу 27-мартка чейин тиешелүү тилкеге кайрылууга тийиш.

Талапкерлердин арызын кабыл алуу шаардык кеңештерге 1-март, түнкү саат 12.00дө, айылдык кеңештерге 11-март, түнкү саат 12.00дө аяктайт.

Документтерди текшерүү андан ары он күндө жыйынтыкталып, катталган талапкерлердин тизмеси жарыяланат. Демек, үгүт өнөктүгү ошондон кийин, тагыраагы калаа жергесинде 12-марттан, элет жергесинде 22-марттан башталат.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов 16-февралда «Азаттык» радиосуна билдиргендей, шайлоону өткөрүүгө канча каражат коротулары такталды:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Жалпы чыгым 425 миллион сом өлчөмүндө бекитилди. Жер-жерлердеги добуш берүү тилкелерин даярдоого, тизмелерди чыгарып, бюллетендерди, иш сапарларды каржылоого кете турган акча ушул сумманы түздү»,-деди ал.

Бул шайлоонун өзгөчөлүгү масштабдуулугунда болуп жатат. Себеби толук мөөнөтү бүткөн жана былтыр коронавируска байланыштуу абалдан улам шайлоо өнөктүгү токтотулган жергиликтүү кеңештердин шайлоосу чогуу болот.

Ошондо бул күнү өлкөдөгү жалпы 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Мында шаарларда жалаң партиялар ат салыша алат, айылдарда депутаттар бир мандат менен келе алат. Албетте элеттик эл өкүлдөр деле партиядан чыкса болот, бирок алар бир орун үчүн күрөшөт.

16-февраль түштөн кийинкиге карата эң ири шаарлар Бишкекте тогуз партия, Ошто эки партия шайлоого катышуу ниетин билдирди.

Кайрат Маматов.
Кайрат Маматов.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Кайрат Маматов буларга токтолду:

«Саясий партиялар ошо акыркы мөөнөт деп айтылып жаткан 1-мартка чейин шайлоо боюнча жана каржы боюнча ыйгарым укуктуу эки өкүлүн каттоодон өткөрүшү керек. Каттоодон өткөндөн кийин эсеп ачып, анан башка аракеттерге кирише беришет»,-деди ал.

Баш мыйзам жана кайра шайлоо ыктымалдыгы

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону 11-апрель – жекшемби күнгө дайындоо жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон.

Мамлекет башчы 11-февралда Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы маегинде билдиргендей, ал бул шайлоо менен чогуу референдум өткөрүүнү сунуштады. Тагыраагы анда Конституциянын жаңы редакциясы бекитилиши керек.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Анткени биз азыр эски Конституция менен жашап жатабыз. Жаңы Конституцияга дагы эки-үч ай бар. Мен кечээ жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону 11-апрелде өткөрүү боюнча жарлыкка кол койдум. Эгерде депутаттар ошо менен бирге өткөрүүнү колдоп берсе, 11-апрелде Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынат. Ошондон кийин гана биз жаңы Баш мыйзам менен жашай баштайбыз», -деген анда президент.

2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин, ушул эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага сексен депутат демилгечи болгон.

Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлүп, ал документти эки айдан ашык талкуулаган. Кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген.

Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февраль күнү жарыяланып, 2020-жылдын ноябрында коюлган долбоор менен алмаштырылган. Парламент аны 17-февралда карай баштары айтылган.

Бирок маселе ушунда, эгер Баш мыйзам кабыл алынса андан кийин парламент аралаш системада, же бир мандаттуу системада шайланууга өтүшү мүмкүн. Парламенттик шайлоо го референдумдан кийин өтөт, а партиялык система менен шайланган шаардык кеңештер эмне болот?

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Баш мыйзам кабыл алынса, муну парламент чечиши керек деп эсептейт:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Мисалы, биз Жогорку Кеңештин депутаттары 90 депутат болсун деп сунуш кылганбыз. Бирок мунун өзүн деле, андан кийин депутаттар кандай жол менен шайланып келерин да парламент өзү чечет. Эгер Конституция өтүп кетсе, ал кошумча шайлоо жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат. Өзгөртүү керек болсо, кийин ошолорду өзгөртүп, жаңылай берет. Депутаттар аны өздөрү каалагандай чече алышат. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу боюнча да эрежелерди да ошол парламент кабыл алат. Бирок менимче Баш мыйзам жаңылап калса деле азыркы партиялык система менен шайланып жаткан шаардык кеңештер иштей бериш керек. Аны эмне таратып жибермек беле? Иштей берет алар».

Мурдараак жаңы шайланган президент Садыр Жапаров азыркы Конституция менен шайланганы белгиленип, Баш мыйзам жаңыланса деле ал мурдагысы менен иштеш керек деген жүйөлөр айтылган. Бирок жаңы редакциянын авторлору бул жагдай Конституцияны кабыл алуучу мыйзамда өзүнчө көрсөтүлөрү, Баш мыйзам ишке кирсе президент ошо менен иштей турганын маалымдашкан.

Адистер шаардык кеңештердин шайлоосуна байланыштуу жагдай да ошол мыйзамда так белгилениши керектигин билдиришет. БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков кепке кошулду:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Ар бир мыйзамды кабыл алганда, ал мыйзам кандай учурда, кандай шарт менен күчүнө кирет деген беренелери болот. Бул орчундуу беренелер. 2010-жылы референдум болуп, Конституция өзгөргөндө маселен Роза Отунбаева президент болуп бир жарым жыл башкарсын деген кошумча нерсеси бар болчу. Жаңы Баш мыйзамды референдумга чыгаруу тууралуу парламент кабыл ала турган мыйзамга да мына ушул сыяктуу пункттар керек. Президент, парламент же шаардык кеңештердин шайлоолору тууралуу ушундай түшүндүрмө беренелерди кошушу керек. Президент кайра шайланабы, же шаардык кеңештер кайра шайланабы деген суроолор бар да. Суроо пайда болгон жердин баарына жооп болушу керек. Антпесе түшүнбөстүк жаралат жана башаламандык болот».

Мурдатан адистер белгилеп келгендей, дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да референдумдарга катышуунун пайыздык көрсөткүчү өтө төмөн болуп калат. Ошол себептүү бийлик көпчүлүк мезгилде жалпы элдик добуш берүүнү кайсы бир шайлоо менен кошо өткөрүп келет.

Конституцияга байланыштуу 2010-жылкы референдум президенттик шайлоо менен, 2016-жылкы референдум жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен кошо уюштурулган. «Президенттик» жана «парламенттик» башкаруу багыттарын тандаган 2021-жылдын 10-январындагы референдум да президенттик шайлоо менен бир күндө өткөн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG