Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Мэр дайындоодогу жаңжал


Эрмек Нургазиев жана Балбак Түлөбаев. "Азаттыктын" коллажы.
Эрмек Нургазиев жана Балбак Түлөбаев. "Азаттыктын" коллажы.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу тууралуу чечими 10-февралда жокко чыгарып, бул кызматка жаңы мэр шайланганга чейин Бактыбек Кудайбергеновду дайындады.

Буга чейин Балбак Түлөбаевдин ордуна Эрмек Нургазиевдин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалышы талкууга жем таштаган. Медиа каражаттар Эрмек Нургазиевдин үстүнөн үч ирет кылмыш иши козголгонун жана юрист аялды жаакка чапкан окуясын эстешти.

Президент Садыр Жапаров өз аккаунтунда Эрмек Нургазиевдин атын атабаса дагы мындай жоругу бар адамдарды кызматка коюуга мүмкүн эместигин жазды. Ошол эле маалда айрым серепчилер кадр саясатына президенттин кийгилигишип жатканын сынга алышууда.

Нургазиевдин чуулуу видеосу

Бишкек мэриясы 9-февралда түшкө чейин Эрмек Нургазиевдин кызматка дайындалганына байланыштуу басма сөз жыйынын өткөрдү.

Мыйзам боюнча Бишкек шаарынын мэрин өкмөт башчы дайындайт. Бирок, мэрдин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев президент Садыр Жапаровго эки ирет жолукканын ачык айтты:

«Бардык пландарымды президентке айтып бердим. Мага ишенич көрсөтүп жатканына ыраазычылык билдирем. Жөнөкөй тургун катары менде бир нече долбоорлор бар эле. Айрым жерлерде системалуу көйгөйлөр бар. Аларды чечкенге күчүм жана эрким жетет деп айта алам. Бишкекти каптаган ышты башка шаардыктардай эле көрүп турам. Мындан арылуунун бир нече версиясы бар. Адистер менен кеңешип, анан жооп берейин».

Жыйында журналисттер Нургазиевдин программасына эмес, анын буга чейинки кылган ишине, басып өткөн жолуна көбүрөөк кызыгышты.

Мэриянын маалыматына ылайык Эрмек Нургазиев “Эмма строй” курулуш компаниясынын башкы директору болуп иштеп жаткан. Буга байланыштуу анын курулуш тармагындагы күмөндүү иштери социалдык тармакта кызуу талкуу жаратууда. Айрыкча анын аялды жаакка чапкан видеосу жана ага карата козголгон кылмыш иштери көпчүлүктүн жоопсуз суроосуна айланды. Нургазиев ал окуяларга карата мындай жообун берди:

«Мага карата козголгон кылмыш иштери жок. Сотко чейинки териштирүү иштери болгон. "Капитал плюс” деген элге кредит берген компания бар. Алар насыясын төгө албай калган кардарларынын үйлөрүн алып коюшчу. Аталган компания “Альянс курулуш” деген ишканага да кредит берип, 10 чакты объектисин камакка алган. Анын ичинде менин да бир объектим бар эле. Бир күнү үлүшчүлөр менен чогуу жыйналыш өткөрүп жаткам. Ошол жерге "Капитал плюс" компаниясынын юристи үч-төрт кишиси менен келген. Биз сүйлөшүп жатканда бир аял келип мени бетке чаап жиберген. Мен дагы реакция кылып чапканым чын. Ал видео Интернетте жүрөт. Аял ошол эле күнү милицияга арыз жазган. Бирок окуяга күбө болгон менин үлүшчүлөрүм аял мени биринчи чапканын далилдеп беришкен».

Ушул эле күнү түштөн кийин президент Садыр Жапаров «Инстаграмдагы» баракчасына кадр тандоодогу кыйынчылыктар тууралуу пикирин ортого салды:

«Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес», - деген пикирин жазды Садыр Жапаров.

Ошол эле маалда Эрмек Нургазиев "Инстаграмдагы" sadyr_japarov аккаунтун фейк аккаунт катары баалады.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов бул окуялардан кийин Эрмек Нургазиев тууралуу чыгарган токтомун кайра жокко чыгарабы же Садыр Жапаровдун пикиринен кийин талапкер кызматта кала береби - азырынча белгисиз. Талапкердин өзү болсо айрым маалымат каражаттарына иштеп жатканын билдирди.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев боюнча түзүлгөн кырдаалга комментарий берди:

Галина Байтерек.
Галина Байтерек.

«Коомчулуктун пикирин жана социалдык тармактардагы мамлекеттик кызматкердин беделине көлөкө түшүргөн ар кандай материалдардын жайылып жатканын эске алып, президент Садыр Жапаров социалдык тармактардагы жеке баракчасында борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучуга байланыштуу маселеге пикирин билдирди. Ошону менен бирге кадрдык акыркы чечимди өлкөнүн премьер-министри кабыл аларын белгилейбиз».

Талаш жараткан кызмат

Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Балбак Түлөбаев 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган.

Балбак Түлөбаев былтыркы октябрь окуяларындагы башаламандыктан кийин Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Бишкек шаарынын мэрин шаардык кеңеш тандайт. Шаардык кеңештин азыркы курамынын мөөнөтү апрелде аяктайт. 11-апрелде шаар депутаттарынын кезектеги шайлоосу өтөт.

Мыйзам боюнча шайлоого алты ай калганда шаардык кеңеш мэрди кетире да, шайлай да албайт. Мындай жагдайда өлкөнүн өкмөт башчысы мэрдин милдетин аткаруучусун кызматка дайындоого укуктуу болот.

Бирок ошол эле маалда шаар башчылык кызматка президенттин кийлигишип жатканын серепчилер ар түрдүү жоромолдоп жатат. Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков буларга токтолду:

«Садыр Жапаровдун бийлиги былтыр октябрь айында эле узурпацияланган. Мыйзам боюнча мэрди премьер-министр дайындайт. Бирок бардык кадр саясатын Жапаров жүргүзүп жатканын билип эле турбайбызбы. Буга таң калып деле кереги жок. Азыркы Баш мыйзам иштеп жатканы менен аны четке кагып коюшкан. Ал эми азыркы кадр саясаты ойрон болгон. Бул кесипкөй адистерден куралган команданын жоктугунан кабар берет».

Ошол эле маалда бийлик коомдун пикири менен эсептеше баштады дегендер да четтен чыгат. Алардын бири - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов:

«Коомдук көзөмөл деген институт пайда болду. Башкача айтканда, бийлик жарандардын оюн эске алып, кетирген алешемдиктерин оңдоо үчүн дайындалган мэрди кайра артка кайтарды. Бул жерде президент өзүнүн ыйгарым укуктарына тийиштүү эмес, жергиликтүү кеңештин ишине кийлигишип жатат деген ой калышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда азыркы иштеп жаткан Баш мыйзамда президент арбитрдык милдетти аткарат. Тактап айтканда, өкмөттүн же башка институттун кетирген кемчилигине көз карашын гана билдирет. Ал көз карашын өкмөт кандай кабыл алат, бул башка маселе».

Буга чейин шаар башчыларын эл түз шайласын деген демилгелер да көтөрүлгөн.

Демилгечилер муну менен мэрден жоопкерчиликти талап кылуу оңой болоруна токтолушкан. Демилге 2019-жылы Жогорку Кеңеште «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланганда да козголгон.

Аталган мыйзам долбоорунун ичине ошондой жобо киргизилгени бир топ талаш-тартыш жараткан жайы бар. Анда саясатчылардын айрымдары бул идеяны колдосо, башкалары буга эртелик кылат деп кооптонгонун айтып, үчүнчүлөрү популисттик чакырык катары таптакыр четке кагышкан.

Саясатчы Равшан Жээнбеков мэрди шайлоо маселесине токтолду:

Равшан Жеенбеков/
Равшан Жеенбеков/

«Мамлекетте өзгөрүү болушу үчүн техникалык өзгөрүү маанилүү. Шаар мэрлерин жана облус башчыларын эл түз шайлашы керек. Бийликти бир колго топтоо өтө коркунучтуу. Баланс сакталышы керек. Шаар жана облус башчыларын эл шайласа да, жаңылса да эл өзү жаңылган болот. Шайланган башчылар бир-эки жолу ката кетирсе, кийин таза кадрлар келе баштайт. Ал шаардын бюджетин, салыктарды өзү жөнгө салганга укук алат. Бирок азыркы бийликте азырынча андай план жок. Анткени азыр эл бардыгын президент чечсин деген системаны колдоду. Эгер ушундай система кала берсе шаардын, облустардын оор абалы ушул бойдон эле кала берет».​

Чечилбеген көйгөйлөр көп

Бишкек шаарынын мэрлиги - чуулуу да кызмат. 2008-2010-жылдары шаарды башкарган Нариман Түлеев «Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген» деп соттолгон.

11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган.

9-февралда Жогорку сот саясатчы Нариман Түлеевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого жиберүү тууралуу анын адвокаты А.Мощиндин өтүнүчүн карап, канааттандырган чечим кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Соттун чечими менен Түлеевге карата Бишкектин Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 29-июлундагы, Бишкек шаардык сотунун 2014-жылдын 23-декабрындагы өкүмү жана Жогорку соттун 2015-жылдын 30-ноябрындагы токтому жокко чыкты. Иш биринчи инстанция катары Ленин райондук сотунда башка курам менен кароого жөнөтүлдү.

Андан кийин шаарды башкарган Кубанычбек Кулматов да түрмөгө отуруп чыкты. Кулматовдон соң мэр болгон Албек Ибраимов да абакка кесилген. 6-октябрга караган түнү бошотулуп, ошол бойдон түрмөгө кайткан эмес. Ага издөө жарыяланган.

Бишкек шаарында калктын саны 1 миллион кишиден ашат. Шаардын айланасын 50дөн ашык жаңы конуш курчап турат. Конуштарда электр кубаты жана таза суу маселеси курч. Ошондой эле оңдолбогон кара жол көйгөйү да элди кыйнап келет.

Мындан сырткары бир нече айдан бери Бишкек - абасы кир шаарлардын сап башында турат. Адистер буга шаардагы жаңы конуштардын сапатсыз көмүрдү жакканы себеп болуп жатканын айтышууда.

45 депутаттан турган Бишкек шаардык кеңешинде беш фракция бар. КСДПга 13, "Республика-Ата-Журтка" 12, "Өнүгүү-Прогресске" сегиз, "Мекеним Кыргызстанга" жети, "Кыргызстан" фракциясына беш мандат берилген. Шаардын бюжети 10 миллиард сомдон ашыгыраак.

Бишкек шаардык кеңешине соңку шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өткөн.

XS
SM
MD
LG