Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Ош мэриясы каатчылыкта курулуш баштады


Долбоордун эскизи.
Долбоордун эскизи.

Ош шаардык мэриясы Ак-Бууранын жээгин оңдоп-түзөө жана жакшыртуу боюнча талаштуу долбоорду баштады. 252 миллион сомго бааланган курулуш иштери аягына чыгарынан күмөн санагандар да бар.

Мэр Таалайбек Сарыбашев долбоор шаардыктар үчүн өтө керектүү деп эсептейт. Бул анын мэр болуп келгенден берки эң ири долбоору.

Ош шаарынын бийлиги быйыл Ак-Буура дарыясынын эки жээгин — болжол менен беш чакырымдан ашуун аралыкты тазалап, көрктөндүрүп, тротуар, веложолдорду жана эс алуучу жайларды курууга бел байлаган. Анын долбоорун иштеп чыгууга 1 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, тендер жарыяланган.

Тендерден уткан «Капитал Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому долбоордун жалпы наркын 252 миллион сомдон ашык акчага баалап, иштин алгачкы бөлүгүн жасоого киришти. Анын биринчи этабында Вахапов көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки аралыкты оңдоп-түзөө мерчемделүүдө.

Долбоор Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бойлой — болжол менен беш чакырымга созулат.
Долбоор Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бойлой — болжол менен беш чакырымга созулат.

«Ден соолукту чыңдаган аймак болот»

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашев Ак-Бууранын жээгиндеги курулуш аягына чыкса, оштуктар үчүн ден соолукту чыңдаган аймак болорун айтууда.

«Биринчи максатыбыз - Ак-Буура дарыясынын жээгин бекемдөө, ошол эле мезгилде эл үчүн шарт түзүп берүү. Жөө басканга, велосипед тепкенге, келген туристтерге жакшы шарт түзөлү деп жатабыз. Ден соолук биринчи кезекте экенин эл жакшы түшүнүп калды. Ошондуктан дарыянын жээгин бекемдеп койсок, шаардыктар, келген меймандар, Ак-Бууранын боюнда эс алып, ден соолугун чыңдашат деген ойдомун. Эң негизгиси — шаардыктар үчүн болуп жаткан камкордук», - деди мэр Сарыбашев.

Бирок долбоорго кетчү каражат 2020-жылдын бюджетинде бекитилгенине карабай, бул жылы шаардык бюджеттен болгону 60 миллион сом бөлүнөт.

Таалайбек Сарыбашев.
Таалайбек Сарыбашев.

«250 миллион сомду дароо бербейбиз. Акырындык менен бөлүп-бөлүп беребиз. Кечээ биринчи этабында 20 миллион сом бөлүп бердик. Ошонун эсеби менен жээктерди бекемдөө иштерин башташты. Өкмөт, жетекчилик менен сүйлөшүп жатабыз, алар азыркы кырдаалга жараша акча которо элек. Бирок алар да «карап көрүп, жардам беребиз» деген сөздөр болгон. Менимче пандемиядан толук чыккандан кийин айтылган жардам болот. Кийинки жылы жаңы кеңеш шайланса, пландаштырабыз», - деди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев.

Республикалык, шаардык казына коронавирустун кесепетинен бөксөрүп, кайра толбой турган учурда мындай ири долбоорлордун ишке ашырылуусу канчалык жөндүү?

Экономикалык серепчи Мирланбек Убайдуллаев эл аралык тажрыйбада мэрия курулуш сыяктуу иштерди мамлекеттен акча албай жасаса да болорун айтты:

Мирланбек Убайдуллаев.
Мирланбек Убайдуллаев.

«Негизи дүйнөлүк практиканы ала турган болсок, мындай маселелерде бюджеттен акча бөлүнбөйт. Мунун эки жолу бар. Биринчиси — жергиликтүү же чет өлкөлүк реалдуу инвестор табуу. Экинчиси — фонд ачылышы керек. Фонд аркылуу ишке ашыруу өнүкпөгөн жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде колдонулат. Бирок бизге бул да туура келбейт. Анткени бизде акчаны жеп коёт. Аны ачык эле айтыш керек. Башка жакка иштетип жиберишет же ЖЭБдин кычкачындай кылып бир сомдук нерсени беш сом кылып жазып салышат».

Убайдуллаев шаардык бюджеттин дээрлик тең жарымы республикалык казынадан толукталып, дотацияда отурганын, мындай кырдаалда башка ресурстарды издөө жөндүү болорун кошумчалады.

Долбоордо жашылдандыруу, веложол жана тротуар куруудан сырткары көлмөлөрдү жасоо да каралган. Ак-Буурага 2000-жылдары көлмөлөр жасалып, алар суунун агымына туруштук бербей бир нече жылдан кийин талкаланган.

География илимдеринин доктору, профессор Курманалы Матикеев курулушта кылдат болбосо акча да, жасалган аракеттер да «агып» кетээрин кулак кагыш кылууда.

Курманалы Матикеев.
Курманалы Матикеев.

«Эгерде биз азыр жээктерди буза турган болсок, катуу жаан жаап, сел жүргөн учурларда азыркы куруп жаткан бетон тосмолор эч нерсеге жарабай калат. Суунун агымын токтотуу мүмкүн эмес. Азыр ар кайсы жерде талкаланып жатпайбы бетондор. Ошондой акыбалга келет. Бир кана жол бар: чоң таштардан алып келип арал кылып коюш керек. Аралды келечекте эс алуучу жайга айлантса болот».

Профессор Матикеев бул сунушун мэрияга кат түрүндө жазган. Жергиликтүү бийлик ыраазычылык билдирип, сунушту эске аларын билдирген.

Ак-Буураны жээктеп курулуш куруу, жол же көпүрө салуу демилгелери акыркы үч мэрдин тушунда баймай-бай көтөрүлүп келет. Шаар тургундары борбордук аймактан башка жерлерге да көңүл бурулса деп тилек кылышат.

Долбоордо жасалма жол менен көлмө жасоо да каралган.
Долбоордо жасалма жол менен көлмө жасоо да каралган.

Активист Акылай Каримова да азыркы жана мурунку калаа башчыларынын курулуштарга кана көңүл бурганын сынга алды.

«Албетте, муну шайлоого карата даярдык деп санасак болот. Анын үстүнө шаардыктардын эсинде көчөлөрдү, жол чырактарды, сейил бактарды курган мэр катары Мелис Мырзакматов калган. Андан кийин келген мурунку мэр да (Айтмамат Кадырбаев), азыркы мэр да жаман эмес шаар башчы болууга аракет кылат. Бирок эмнегедир саясий упай топтоонун башка жолдорун издешпейт. Айтмамат Кадырбаев да кетердин алдында саясий упай топтойм деп подиум (суу үстүндөгү жайсы сахна) куруп, элдин шылдыңына калды».

Подиум демекчи, 2018-жылы 20 миллион сомго суу үстүнө жайкы сахна курулуп, анын ачылышына келген мурдагы премьер-министр Сапар Исаков «Ак-Бууранын үстүндөгү сахна уникалдуу, Орто Азияда жок» деп айтканы элдин эсинде калган.

Сахнада маданий иш-чаралар өтүп, шаардыктар руханий жактан азыктанышат деп пландалган. Бирок аткаминерлердин көздөгөнү орундалбай, тескерисинче сахнанын сапаты начар болуп, ачылышынан кийин бир нече жолу кайрадан оңдолгон.

Ак-Бууранын үстүнө курулган жайкы сахнанын кечки көрүнүшү.
Ак-Бууранын үстүнө курулган жайкы сахнанын кечки көрүнүшү.

Азыркы мэр Таалайбек Сарыбашев шаар башчылыгына келгенден тартып жолдорду кеңейтүүгө, жаңы эс алуу жайларын курууга аракет кылып жатканын айтып келе жатат.

Деген менен бул курулуш — Сарыбашев башында турган эң ири долбоор. Ал тууралуу сөз болуп баштагандан тарта эле жергиликтүү бийлик «мэрдин демилгеси» экенин айтып, бул — «ири жана резонанстуу» курулуш деп сыпаттап келет. Таалайбек Сарыбашев акыркы жолу «Азаттыкка» берген интервьюсунда бул «командалык иш» экенин билдирди.

«Биз муну жети өлчөп бир кестик, коомдук талкууга койдук. Кээ бир адамдар жеке өзүнө упай топтоп жатат деши мүмкүн. Мен жеке өзүмө упайды башка жактан топтошум мүмкүн эле. Биздин шаардагы кылып жаткан ишибиз менин жеке өзүм үчүн эмес, шаардыктар, шаардын коноктору үчүн».

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн долбоор менен жеринен таанышып жүргөн учуру.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн долбоор менен жеринен таанышып жүргөн учуру.

Калаа башчысынын пикирин колдоп, Ак-Бууранын жээктерин көрктөндүрүүнү жактаган шаардыктар четтен чыгат.

Ошол эле кезде активист Акылай Каримова шаардын турмушу курулуштардан гана турбайт деп эсептейт. Ал жарандардын жашоосуна ыңгайлуу шаар куруу үчүн башка да маанилүү иштерди атады:

«Бизде шаар башчынын ийгилиги эмнегедир бетон, конструкция, коюлган кирпичтер, темирлер менен өлчөнөт. Шаардыктардын жашоо шартынын деңгээли менен өлчөнбөйт. Шаарда жашаган канчалык ыңгайлуу? Майыптарды, боюнда бар аялдарды, кары-тартаңдарды айтпай эле туралы. Мисалы, мага шаарда жашаган ыңгайсыз. Бул ыңгайсыздыкты мен ден соолук жана өмүр тоболкелчилиги менен өлчөйм. Шаарда криминал өнүккөн, көчөдө жүрүү кооптуу, жөнөкөй эле тротуарда басуу мүмкүн эмес. Анткени алар жок да. Эмне үчүн бир да мэр ушул сыяктуу нерселерге көңүл бурбайт? Жок дегенде саламаттык сактоо тармагына көңүл бурушу керек го», - деп кейиди Каримова.

Ош шаары.
Ош шаары.

Бишкек жана Ош — Кыргызстандагы республикалык маанидеги шаарлар. Оштогу калктын саны расмий статистика боюнча 320 миңден ашат.

Ош шаарынын 2020-жылдагы бюджети 1 млрд. 325 млн. сом болуп бекитилген. Бишкек менен салыштырганда бул 10 эсе аз. Пандемиянын кесепетинен казынага бир топ каражат түшпөй калары болжолдонууда.

Ак-Буура дарыясы шаардын түштүк-чыгышынан кирип, калаанын так ортосунан аралап өтүп Өзбекстандын Анжиян облусуна агып барат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG