Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 28-февраль, 2020 Бишкек убактысы 21:38

Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгин тазалоого бел байлады


Ак-Буура дарыясы

Ош шаарын ортосунан тең бөлүп өткөн Ак-Буура дарыясында 400гө чукул мыйзамсыз объект бар. Алардын ичинде мурдагы депутаттардын ишканалары, жеке менчик тамактануучу жана эс алуучу жайлар да кездешет.

Ош шаардык мэриясы быйыл Ак-Буура дарыясынын жээгин тазалоону чечти. Болжол менен базардан тартып, студенттер шаарчасына чейинки 5 чакырымдан ашкан аралыкты суу жээктеп тазалап, көрктөндүрүп, тротуар, веложолдорду жана эс алуучу жайларды курмакчы.

Азамат Абсаттаров
Азамат Абсаттаров

Жергиликтүү бийлик бул долбоордуу "ири жана резонанстуу" деп баалоодо. Жакында эле шаардын кызынасынан долбоорду иштеп чыгуу үчүн 1 млн. 200 миң сом каражат бөлүнгөн. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров демилге кантип пайда болгонун мындайча айтып берди:

- Чындыгында биз сыймыктанганыбыз менен башаламан, ар ким каалагандай тосуп, ээлеп, машинасын жууп, мындайча айтканда Ак-Буурага кайдыгер карап калганбыз. Ош шаарынын мэри Таалайбек Насырбекович ушул демилгени өзү көтөргөн. Бул өтө ири долбоор.

Калаа бийлигинин бул демилгесин колдогондор аз эмес. Бирок мэриянын чечими шашылыш чыкканын, коомдук талкуудан өтпөгөнүн «Интербилим» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлгакы Мамасалиева белгиледи.

Гүлгакы Мамасалиева
Гүлгакы Мамасалиева

- Бүгүн эле чыгарып, "муну-тигини жасайм" деген болбойт да. Бул маселе талкуудан өтүшү керек. Жергиликтүү кеңештин талкуусунан өткөнүн, коомчулук менен макулдашканын уккан жокмун. "1 млн. 200 миң сомду ушуга сарпташ керекпи же шаардын башка зарыл иштерин бүтүрсө болот беле?" деген суроо пайда болуп жатат.

Мэрия жашылдандыруу жана көрктөндүрүү долбооруна тендер өткөрүлүп, акча бөлүнүп калганына карабастан коомдук угуу эми гана боло турганын билдирди.

Суунун эки жээгинде 400гө жакын мыйзамсыз курулган объект бар. Ак-Бууранын жээгин элге кайтарабыз деп калаа бийлиги белсенгени менен ал жердеги курулуштарды бошотуу, талаптарды аткарбагандар менен соттошуу ишин Экотехинспекциясы жүргүзөт.


Дарыя коргоо аймагына киргендиктен мыйзам боюнча жээктен 50 метрге чейинки аралыкта курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган. Бул аралыкты камтыган аймак бүгүн-эртең бошоп калбай турганын шаардык экотехинспекциянын жетекчиси Рысбек Юсупов мындайча түшүндүрдү.

- Соттук процесс көп убакытка созулат. Келдибековдордун же болбосо Урмат Аманбаевага окшогондордун курулуштары 50 метрдин ичинде турат. Биз азырынча 8 метр аралыкты бошотуп бер деп жатабыз. Калганы менен кийин соттошобуз.

Сот иштеринин узак убакытка созулушу кадимки жагдай экенине карабай мэрия долбоорду 1,5 жылдын ичинде аягына чыгарабыз деп убада берүүдө. Аны "кожо көрсүн" үчүн жасалган долбоор сыяктуу баалагандар да бар.

- Биз билгендей, сот чечимдери дароо чыкпайт. Алар 2-3 инстанция болуп келгенде 1-2 жылга создугуп кетсе, анда 2020-жылы кантип бүтөрү мен үчүн аябай таң калыштуу. "Бүтүрөбү же жокпу, бул жөн эле мэриянын пиар долбоорубу?" деген суроолор туулат.

Абдыжапар Аккулов
Абдыжапар Аккулов

Геоэкология боюнча эксперт Абдыжапар Аккулов Ак-Буура дарыясы шаар үчүн экологиялык жактан мааниси чоң экенин, жайында салкын аба менен камсыз кылса, башка учурда саркынды сууну шаардан агызып кетээрин айтат.

- Бүгүн абабыз да, чөйрө да булганган, кайсы жерге барбагын таштанды толтура. Мына ушундай шартта тазалыкты биринчи орунга коюп, ошол багытта Ак-Бууранын абалын жакшырталы деген долбоор катары максаты болсо дурус эле.

Бул Ак-Буураны калаа тургундары үчүн эс алуучу жайга айландырууга бел байлаган жергиликтүү бийликтин алгачкы долбоору эмес. Буга чейин 2018-жылы 20 миллион сомго суу үстүнө жайкы сахна курулуп, анын ачылышына мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-мэр Айтмамат Кадырбаев жана өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү, азыркы калаа башчысы Таалайбек Сарыбашев катышкан.


Исаков өз сөзүндө "Ак-Бууранын үстүндөгү сахна уникалдуу, Орто Азияда жок" деп айткан. Аталган сахнада маданий иш-чаралар өтүп, шаардыктар руханий жактан азыктанышат деп убада берилген. Бирок аткаминерлердин көздөгөнү орундалбай келет. Тескерисинче сахнанын сапаты начар болуп калганы айтылган.

25-декабрда өткөн жыйында шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев сахна түрүндөгү көпүрөнү кабыл алган жетекчилерди жоопко тартууну талап кылып, акча "абага" кеткенин билдирген эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG