Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

Ак-Бууранын жээгин "жемирген" жеке менчик


Ак-Бууранын жээгинде таяк жеген эки киши.
Ак-Бууранын жээгинде таяк жеген эки киши.

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин тосуп жаткандар менен ага нааразы болгондордун ортосунда мушташ чыкты.

Дарыянын жээгин тосууну шаар тургандары кескин сындашууда. Ош шаарынын мэриясы болсо дарыянын жээгин тосууга уруксат берилбегенин билдирүүдө. Ал арада Ак-Бууранын корук зонасында 700дөн ашык курулуш бар экени ачыкка чыкты.

22-май күнү кечинде Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алып отурган эки кишини ошол жээктеги бош жерди тосуп аткандар сабап салышкан. Азырынча мушташ эмнеден чыкканы аныктала элек. Бирок ал мушташ Ак-Буура дарыясынын жээгин кимдир-бирөөлөр тосуп атканын ачыкка чыгарды. Ош шаарынын Курманжан Датка кичирайонунда жашап картайган Рысали Атамбиев Ак-Буура мурункудай ачык болбой, тосулуп, ээленип баратканына кейиди:

- Шаардын бардык тургундары келип, жайында ушул дайранын боюнда эс алышчу. Эми ушул жерде кичинекей гана жер калса, аны да жеке менчикке берип салышыптыр. Эл каякка барып эс алышы керек? Мага түшүнүксүз. Бул туура эмес. Муну шаар администрациясы караш керек. Эл жөн эле дарыянын жээгине барып бекер эс алууга бош жер калышы керек да. Жээктин баарын сатып, бардык жер эле акы төлөнүүчү жай боло бербеши керек да.

Ош шаарынын дагы бир тургуну, ошол эле Курманжан датка кичирайонунун жашоочусу Бекболот Токтобаев Ак-Бууранын корук зонасы арзыбаган акчага ар кимге сатылып жатканы үчүн шаардын жетекчилигин күнөөлөдү:

- Бул жерди тосууга ким уруксат берип койгонун мен билбейм. Бирок бул жерди тосууга, жеке менчикке алууга же жашылдандырууну шылтоолоп, ээлеп алууга эч кимдин акысы жок. Заманды көрүп турасыңар. Кичине эле тыйын берип койсо, эл унчукпай койсо эле калып кетет. Ушул ой менен Ак-Бууранын жээгин тосуп бүтүштү. Буга биз, ушул шаардын тургундары, караманча каршыбыз.

Ак-Бууранын жээгин тосуп, эс алуучулардын мурдун кандагандар менен байланыша алган жокпуз. Бирок ошол мушташка күбө болгондордун айтымында дарыянын жээгин тосуп жаткандар "мэриядан уруксатыбыз бар" деп айтышыптыр.

Ош шаарынын дагы бир тургуну Рустам Бакиров корук зонада болсо да ишкердик кылууга аракеттенип аткан адамдарды эмес, аларга мыйзамсыз жерди мыйзамдаштырып берген аткаминерлерди жоопко тартыш керек деп эсептейт:

- Менин билишимче, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жерлер жеке менчикке берилбейт. Кечээ бул жерде аябай тополоң болгон. Бул жээкти тосуп аткандар "жерге кызыл китебим бар" дешти. Эгер алардын айткандары чын болсо, жээкти тоскон адамдар эмес, аларга уруксат берген аткаминерлерди жазага тартыш керек. Мыйзамсыз ишти мыйзамдаштырган кызматтарды көзөмөлдөш керек.

Бирок Оштун мэриясы ызы-чуу менен тосулуп жаткан жер аянты эч кимге сатылбаганын билдирди. Мэриясынын шаар куруу бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов тосулган жээк ачылаарын айтты:

- Ак-Буура дарыясынын сөз болуп аткан жээгин тосууга акыркы 4-5 жыл ичинде эч кимге уруксат берилген эмес. Буга мен 100% кепилдик берем. Сөз болуп аткан жер Ак-Буура дарыясынын корук зонасы деп эсептелет. Ошондуктан аны тосуп алууга эч кимдин акысы жок. Ошол жээкти ким тоскон болсо, аны кайра өздөрүнө буздурабыз.

Деген менен Ак-Буура дарыясынын эл эркин эс алып жүргөн жээктери ээленип, тосулуп бүткөн. Айрым гана бурчтарда анча-мынча гана бош аянттар калган.

Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Ош шаардык башкармалыгынын маалыматына караганда, азыр Ак-Буура дарыясынын боюна курулган 709 обьект бар. Шаардык экотехинспекциянын жетекчисинин орун басары Талант Эшбаев Ак-Бууранын корук занасындагы жерлерди мэрия жана шаардык суу башкармалыгы эле бергенин айтат.

- Ош шаардык мэриясынын, архитектура кызматынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, прокуратуранын жана биздин мекеменин биргелешкен комиссиясы түзүлүп, Ак-Буура дарыясынын жээктерин бүт инвентаризация кылганбыз. Текшерүү учурунда Ак-Бууранын корук зонасында 720 объект орун алганы аныкталды. Анын ичинен 55 жер тилкеси мамлекеттик ишканаларга, 119 жер аянты муниципалдык, 546 жер тилкеси жеке менчикке өтүп кеткен болуп чыкты. Биз бир нечесине айып салганбыз. Мыйзамсыз берилген жерлерди кайтарууну Оштун мэриясына жана суу бассейндер ишканасына сунуш кылганбыз.

Учурда Ак-Баарынын жээгин тосуп жаткандар менен анда эс алып жаткандардын мушташын Ош шаарынын милициясы тергеп атат. Мушташка катышкан эки тарап тең бири-бирине каршы арыз менен миицияга даттанган. Бирок Ак-Бууранын жээгиндеги жерлерди "жашылдандыруу" деген сөз менен адалдап, жеке менчикке өткөрүп алуу иштери күчүндө турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG