Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгин тосууда чыр чыгып, эки адам сабалды


Ошто таяк жеген эки киши.
Ошто таяк жеген эки киши.

Ош шаарында ​Ак-Буура дарыясынын жээгин тосуп жаткандар менен ага нааразы болгондордун ортосунда чыр чыгып, эки киши таяк жеди. Бул тууралуу Ош шаарында жашаган жарандык активист, "легендарлуу парламенттин" депутаты Бахтияр Мамаджанов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, чыр шаардын Курманжан датка ("Юго-Восток") кичи районунда, дарыянын боюнда кечээ, 22-май күнү кечинде болду. Жергиликтүү тургундар мурда эс алуучу жай катары турган жерди тор менен тосуп жаткандарга каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, тепки жеп калган.

- Биз келсек алар мушташып жатышкан экен. Эс алуучу жайга кирүүгө аракет кылган учурда "бул жер менчик аймак, чыккыла" деп балдарды сабап салышты. Аларды араң ажыратып калдык. Ошол жердеги дарыянын жээгиндеги көк майсаңда көп эл эс алчу. Белгисиз адамдар жок эле жерден келип, дарыянын боюн тосуп алып, "бул жер биздики, менчик" деп эч кимди киргизбей жатышат. "Ал жер дарыянын бою, мамлекет тарабынан коргоого алынган, кантип менчик болот бул жер?" десек: "Биз мэриядан уруксат алганбыз, мэрия "иштете бергиле" деген, кызыл китебибиз бар" дешти. Ак-Бууранын жээгин бүт эле тосуп алмай болушту. Дарыянын боюнда бош жер калбай калды.

Жабыр тарткандардын бири Коррупцияга каршы күрөш боюнча элдик көзөмөл уюмунун мүчөсү Нурмухаммед Сатвалдиев экени айтылды.

Бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков комментарий берип, Ак-Буура милиция бөлүмү окуяны териштирип жатканын билдирди. Күбөлөр суралууда. Жабыркаган эки тарап тең милицияга арыз менен кайрылган. Аларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуя Ош ШИИБнин кылмыш каттоо китебине "денеге залал келтирүү" катары катталды.

Дарыянын боюнун тосулушу тууралуу Ош шаарынын мэриясынан жана шаардык архитектура башкармалыгынан комментарий алууга мүмкүн боло элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG