Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Бишкек кеминде миң автобуска муктаж


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте маршруттук таксилердеги жол кирени көтөрүү маселеси кайра талкууга түштү.

Аптанын башында бир катар маршруттук таксилер жол кирени көтөрүүнү талап кылып ишке чыкпай, жүргүнчүлөр жүдөй түштү. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айдоочуларды иш таштабоого чакырып, алардын талаптарын чечүүгө жок дегенде бир-эки ай убакыт керек экенин айтты.

Бишкек шаар башчылыгынын жүргүнчүлөрдү тейлөө жаатындагы саясаты кандай? Коомдук транспорттун сапаты жана ыңгайлуулугу качан оңолот? Ушул суроолордун тегерегинде өткөн «Арай көз чарай» талкуусуна Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев жана «Ак-Жолтой» транспорт ишканасынын мурдагы бригадири Дүйшөн Маматов катышып, жагдай тууралуу маалымат беришти.

Улан Бейшенбаев: - Бул боюнча атайын жумушчу топ иштеп жатат.​Жумушчу топко башкармалыктан, айдоочулардан, фирмалардын жетекчилигинен, ассоциациядан өкүлдөр кирди. Азыр иштеп жатышат.

Учурда шаарда 39 жеке фирма бар. Алар 99 маршруттук багыт боюнча кызмат көрсөтөт. Учурда Бишкекте мэрияга караштуу транспорт ишканасынын 140 троллейбусу, 110 автобусу күн сайын жумушка чыгып жүргүнчүлөрдү ташып турат. Мындан сырткары жеке фирмалар аркылуу 20га жакын автобус элди ташып жатат.

Маршруткаларды толугу менен алмаштырыш үчүн Бишкек шаарында кеминде миңге жакын чоң автобус зарыл. Учурда автобустарды сатып алууга мүмкүнчүлүк жок.

Дүйшөн Маматов: - Кийинки убакта тетиктер, май, дагы башка товарлар кымбаттап кетти. Ошондой эле былтыркы марттан бери пандемияда айдоочулар чон соккуга туш болду. Себеби алардын негизги кардары болгон студенттер, окуучулар онлайн окууда отургандыктан жолго көп чыгышкан жок.

Транспорт ишканасынын мурдагы бригадири катары айтайын дегеним - айдоочулардын көп акчасын өзүлөрү эле иштеген транспорт фирмалары жеп салышат. Азыр айдоочулар талап кылып жаткан жол киренин кымбатташы аларга эч кандай пайда алып келбейт. Алар фирмалардын колунда курал болуп жатышат.

Жол кире кымбаттаары менен биринчи кезекте эле фирманын жетекчилиги алып жаткан кызматтын баасына кошулат. Андан кийин эле патент менен лицензиянын баасы көтөрүлүп, механиктин, диспетчердин, медиктин, ижарачынын кызматы кымбаттайт. Транспорт департаментинин башчысынын көзүнчө айтып коёюн, фирмалардын МАИлерге берчү жашыруун «ставкасы» бар. Анын баасы көтөрүлөт.

Бишкектеги маршруттук такси баасына байланыштуу элдин пикири
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00
Түз линк

Мен айдоочуларга айтат элем, жол кирени көтөрүүнүн ордуна баары биригип ынтымакка келип туруп, өз фирмаларынын жетекчилерине кайрылып, талап коюш керек. Кызматтардын санын азайтып, түшүнүксүз төлөмдөрдү алып салууну талап кылышсын. Ошондо алардын кирешеси көбөйөт. Эң оңой жана бат жолу ушул. Менин билишимче бир фирма жакында эле айдоочуларына 2900 сомдук документтин баасын 2400 сомго түшүрдү. 500 сом болсо да бул айдоочуга пайда.

Улан Бейшенбаев: - Мэрия жеке тараптар маршруттук линия ачам десе иштешүүгө дайыма даяр. Биз инвесторлорго, ишкерлерге кайрылдык. Интернетке жарыяладык. Биздин шаарга электр же газ менен жүргөн чоң автобустарды алып келип кызмат көрсөтөм дегендер үчүн эшигибиз ачык. Эч кандай жолтоо жок.

Талкуунун толук версиясын бул жерден көрө аласыз:

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG