Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

Өлүм жетелеген жол кырсыктары


Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.
Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.

Өткөн аптада эки күндүн ичинде жол кырсыгынан сегиз киши каза болду. Баткендеги авариядан бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү үзүлсө, Бишкек-Ош жолундагы эки машине катышкан кырсыктан айдоочу, анын уул-келини жан берди.

8-ноябрда Ош-Исфана жолунда, Рават айылынын аймагында болгон жол кырсыгы беш адамдын өмүрүн алды. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү машине менен Бишкектен келе жаткан айдоочу жолдун 302-чакырымында рулга ээ боло албай, бет маңдайында келе жаткан «ДЕУ-Нексияны» сүзгөн. Кырсыктан кийин тартылган видеодон эки машине бүктөлүп калганын, ал эми «Мерседес-Бенцтин» дөңгөлөгү өзүнчө жатканын көрүүгө болот. Бул авариядан жүргүнчүлөрдүн бири да аман калган эмес.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгына караштуу жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Сабыр Апсаматов мындай маалымат берди:

«Бул жол кырсыгынан «Мерседес-Бенцти» башкарып келе жаткан 47 жаштагы Садыкжан Ашматов, анын аялы, кызы жана жээни ошол жерден мүрт кеткен. Ошондой эле «ДЕУ-Нексиянын» 20 жаштагы айдоочусу да көз жумган. Ал Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну эле. Бул кырсыкка айдоочу машинесин катуу айдап, карама-каршы тилкеге чыгып кетиши себеп болгон».

Беш киши каза болгон бул окуядан бир күн мурун, 7-ноябрда Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү көз жумду. Милициянын маалыматына караганда, таңкы 6:30дар чамасында «Toyota Camry» үлгүсүндөгү машине менен жүк ташуучу машине кагышкан. Окуя болгон жерден жеңил машине айдап бараткан 60 жаштагы айдоочу, 30 жаштагы баласы, анын аялы каза болгон. Дагы үч адам ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

«Toyota Camry» үлгүсүндөгү машиненин кырсыктан кийинки сүрөтү.
«Toyota Camry» үлгүсүндөгү машиненин кырсыктан кийинки сүрөтү.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов өлүм менен коштолгон кырсыктардын күнөөкөрү катары айдоочуларды эсептей турганын айтты:

«Оор кесепеттерге алып келген жол кырсыктарына машинени катуу айдоо, карама-каршы тилкеге чыга калуу, автоунааны мас абалында башкаруу себеп болууда. Негизи эле кырсыктар жол эрежесин бузуудан келип чыгат. Жолдогу өлүм менен аяктаган окуялар былтыркыга салыштырмалуу 8,3% азайган. Ал эми «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген аймактардагы жол кырсыктары 50% чейин азайды».

31-октябрда Бишкек-Торугарт жолунда Боом капчыгайында бараткан жеңил машиненин айдоочусу жолдун четиндеги бетонду сүзгөн. Бул кырсыктан автоунаадагы жүргүнчү каза болуп, айдоочу ооруканага жаткырылган.

Расмий статистикага көз жүгүртө турган болсок, 2020-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 4184 жол кырсыгы катталып, 6271 адам ар кандай жаракат алса, 496 адам каза болгон. Көз жумгандардын 59у балдар. Бул кандуу көрсөткүчтөргө соңку эки айдагы адам өлүмү менен коштолгон жолдогу авариялар кошула элек.

Жарандык активист Урмат Казакбаев жол коопсуздугуна жооп берген кызматкерлердин жоопкерчилигине басым жасады.

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

«Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматы эмне үчүн түзүлгөн? - деп суроо салды ал. – Албетте, жолдогу кырсыктарды азайтуу, алдын алуу максатында түзүлгөн. Алар иш бөлмөлөрүндө отуруп алып болгон күнөөнү айдоочуларга түртүп жатса, анда инспекторлордун эмне кереги бар? Миңдеген кызматкерлерге акча коротуп отурбай жоюп салалы. Айдоочуларды күнөөлөбөй жолдун кооптуу деген аймактарын көзөмөлгө алышса болмок. Ошол жерлерге барып турсун, камераларды коюшсун. Бул жерде велосипед ойлоп табуунун кереги жок. Каражатты ИИМдин башка чыгымдарына коротуп жатып «Коопсуз шаар» долбоорун аймактарга жайылта албай келатышат».

Өз максаттарына жол кырсыктарын азайтууну камтыган «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы 2019-жылдын февраль айында башталып, «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Мындан сырткары 2020-жылдын 1-июлунан тартып патрулдук милиция Бишкектен тышкары бир нече шаарда да иштей турганы айтылган. Бирок Ички иштер министрлигинин бул кызматы баш калаага гана кызмат кылууда.

Кыргызстандык айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов айдоочулардын көзөмөлгө алынбай жатканын белгиледи:

Дүйшөналы Токтакунов.
Дүйшөналы Токтакунов.

«Биздеги машинелердин техникалык абалы көңүл жылытарлык эмес. Анын үстүнө мамлекеттик деңгээлдеги техникалык кароодон өтпөй калганбыз. Мисалы, дөңгөлөктөр эле башкача болсо тормоздук жол өзгөрөт. Негизи мамлекеттик кызматтар тарабынан көзөмөл, текшерүү болушу керек да. Анткени транспорт каражаттары коркунучтуу объект болуп эсептелет. Мындан тышкары биздин облустарды байланыштырган жолдор саатына 90 чакырым менен гана жүргөнгө ылайыкташкан. Кыргызстандагы трассалардан эски, техникалык абалы начар машинени бир аз катуу айдасаң авария болосуң».

Дүйшөналы Токтакунов кырсыктардын көптүгүнө айдоочулук күбөлүктөр сатылып, жол эрежесин билбегендерге берилип жатканы да себеп болгонун кошумчалады.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сайтындагы маалыматка ылайык, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарында 1,35 миллион адам каза болот. Жол кырсыктары дегеле жалпы калк арасында өлүмдүн себептеринин арасында 8-орунда, бир жаштан 29 жашка чейинкилер арасында өлүмдүн себептеринин ичинен 1-орунда турат.

Кыргызстан - киши өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Расмий эсеп боюнча ушул тапта өлкөдө бир млн. 348 780 автотранспорт каражаты бар.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG