Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Ноокен: жети адамдын өмүрүн алган кырсык


Ноокен районунун аймагында болгон кырсык. 4-март, 2020-жыл
Ноокен районунун аймагында болгон кырсык. 4-март, 2020-жыл

Бишкек-Ош жолунда түндө болгон кырсыктан жети адам каза тапты. Алардын арасында бир машинеде бараткан айылдаштар жана бир туугандар да бар. Ал эми ооруканага түшкөндөрдүн үчөө Өзбекстандын жарандары.

4-марттын түнүндө Ноокен районунун Бүргөндү айылында болгон жол кырсыгы жети адамдын өмүрүн алды. Беш адам менен Шамалды-Сай
шаарчасынан Ноокенди көздөй бараткан «Хонда-Жаз» машинеси Баткенден чыгып Бишкекке жол тарткан «Мерседес-Бенц-Вито» менен кагышкан.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев кырсыкка айдоочунун уктап кеткени себеп болгонун айтты.

Айбек Сатыбалдиев.
Айбек Сатыбалдиев.

«Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 44 жаштагы тургуну
«Мерседес» машинесинде жети жүргүнчүсү менен баратып уктап кеткендиктен карама-каршы тилкеде келаткан унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада «Хонда-Жаз» унаасындагы беш адам, экинчи унаадагы эки адам ошол жерде көз жумган. «Хонда-Жазда» Ноокен районунун Кыпчак-Талаа айылынын тургундары, бир туугандар болгон. Аялдын аты-жөнү такталып жатат. Ал эми «Мерседес» машинесинин айдоочусу жана алдында бараткан жүргүнчүсү каза болгон. Ушул эле унаада бараткан алты адам түрдүү жаракат менен ооруканага жеткирилген. Окуя боюнча Ноокен райондук ички иштер бөлүмүндө «Жол кырсыгы» беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат».

Ноокен районунун аймагында болгон кырсык. 4-март, 2020-жыл
Ноокен районунун аймагында болгон кырсык. 4-март, 2020-жыл

Каза болгондор 33-70 жаштагы эркек кишилер, ал эми аял 41 жашта болчу. Жабыркагандардын арасындагы үч адам - 19-20 жаштардагы Өзбекстандын жарандары. Калган үчөө Ош жана Баткен облустарынын тургундары.

Шамалды-Сай жалпы дарыгерлер борборунун хирургия бөлүмүнүн башчысы Тажидин Набиев алардын абалы боюнча буларды айтты:

«Бизге түшкөн алты адамдын биринин абалы оор. 55 жаштагы эркектин мээси чайкалып, буту-колу сынган. Учурда абалы бир аз оңоло баштады. Бир адам суукта үшүп калгандыктан ал да дарыгерлердин көзөмөлүндө. Калган бейтаптар түрдүү жаракат алышкан жана абалдары орто».

Жалал-Абад облусунун аймагында быйыл эки ай аралыгында 82 жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болгон. Кырсыктар былтыркыга салыштырмалуу 6 пайызга көбөйдү. Алардын эң көп учуру Бишкек-Ош жолуна туура келет.

40 жылдан ашык убакыттан бери айдоочу болуп иштеген Абдыжалил Исаков кырсыктардын көбү адам факторуна байланыштуу дейт.

«Азыр машине айдагандардын көпчүлүгү окубай эле, айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алып жатышат. Ошонун кесепетинен жол эрежелерин билишпейт. Машинени катуу ылдамдыкта айдагандар көп, бир тобу аны кантип дароо токтотушту да билишпейт. Азыр жолдо жүрүү да кооптуу болуп калды. Кээ бир айдоочулар карама-каршы тилкеге чыгып айдап, сүзүп кете жаздаган учурлар болот».

Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын этегинде берген маалыматына караганда, соңку тогуз жылда Кыргызстанда машинелердин саны үч эсе көбөйгөн. 2010-жылы 444 миң машине катталса, бүгүн 1 миллион 348 миңге жетти.

Милиция автопарк көбөйгөнү менен жолдор оңолбой жатканын, ошонун айынан кырсыктар көбөйгөнүн белгилейт. Жол инспектору Айбек Сатыбалдиев 380 чакырым Бишкек-Ош жолун көзөмөлдөөгө да кызматкерлер тартыштыгын айтты.

«Облустагы жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Бишкек-Ош жолунда
катталат. 209-589-чакырымдары Жалал-Абад облусуна караштуу бөлүк. Ошондуктан ал аралыкта 24 кызматкер, 12 экипаж менен гана жолдогу коопсуздукту көзөмөлдөйт. Айрым учурларда райондон да кызматкерлер тартылып турат».

Бишкекте жолдор 40 миң машинеге ылайыкталганын менен, 420 миң автоунаа катталган. Бир суткада жети миң машинеге ылайыкташтырылып салынган Бишкек-Торугарт жана Балыкчы-Ананьево-Каракол жолдору аркылуу 40 миң машине каттап жатат. Жалал-Абадда былтыр 546 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 132 адамдын өмүрү кыйылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG