Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Ошто жол кырсыгы жети адамдын өмүрүн алды


Өрттөнүп кеткен машине.
Өрттөнүп кеткен машине.

3-февралга оогон түнү саат 3 чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жол кырсыгынан жети адам мүрт кетти.

Кырсыкка учураган автоунаанын ичиндеги адамдар өрттөнүп кеткен.

Жол кырсыгы Мырза-Аке-Кара-Шоро жолунун 12-чакырымында болгон. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт жана үндөө боюнча тескөөчүсү Алтынбек Теңизбаевдин айтымында, айдоочу унаасын башкара албай, жол боюндагы электр мамысын сүзүп, ала салып кетип бетон дубалга барып урунган:

Алтынбек Теңизбаев
Алтынбек Теңизбаев

- Баштапкы маалыматка караганда жол кырсыгына айдоочунун автоунааны башкара албай калганы себеп болгон. Дагы бир себеби - унаага газ жабдыгы орнотулган экен, кырсык учурунда ал жарылып кеткен деген божомол бар. Бул маалымат экспертиза бүткөндөн кийин тастыкталат. Азыр ыкчам тергөө тобу жеринде иштеп жатат. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Жол кырсыгынан каза болгон жети адамдын сөөктөрүн Өзгөн райондук ооруканасынын мейитканасына жеткиришкен. Алар Өзгөн районунун Большевик айылынын 25-45 жаш курагындагы тургундары экени белгилүү болду. Жол кырсыгында эки тууганын жоготкон Большевик айылынын тургуну буларды айтты:

- Ооруканага таңга маал келдим. Каза болгондордун сөөгүн карап бирөөн да тааныган жокмун. Жеңем үстүндө кийген курткасынан тааныды. Дагы бирөөн таанып алып чыгып кетишти. Каза болгондордун арасында үчөөнүн үйлөнгөнүнө бир ай гана болгон. Булар улак тартыштан келе жатышкан экен.

Окуяга биринчи болуп күбө болгон Мырза-Аке айылынын тургуну Карим Таиров буларды айтып берди:

Карим Таиров
Карим Таиров

- Мен жакын жердеги ишканада кароолчу болуп иштейм. Алгач бир нерсе жарылгандай үн чыкты. Сыртка чыксам машина өрттөнө баштаган экен. Жакын жердеги оорукананын коопсуздук кутусунан өрт өчүргүч алып чыгып, бирок өчүрө албай койдум. Анан ооруканадан дарыгерлер да чыгышты. Машинанын ичиндегилерге жардам бере албадык. Газ идиши жарылган экен. Анан өрт өчүргүч чакырдык.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, ушул жылдын башынан бери Ош облусунун аймагында 43 жол кырсыгы катталып, 12 адам каза болгон, 55 адам денесинен түрдүү жараат алган.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкери Алтынбек Теңизбаев буларды айтып берди:

- Чет өлкөдөн, айрыкча Түштүк Кореядан келген автоунааларда газ орнотулган. Ошто буга чейин автоунаадагы газ жабдыгы жарылган учур катталган эмес. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө тобу, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө тобу кырсык болгон аймакты карап чыгып, тийиштүү экспертиза дайындалды.

Ошто автоунаага газ орнотуучу онго жакын ишкана бар. Алардын биринин кызматкери Ёдгор буларды айтты:

- Биз бир күндө жок дегенде бир машинага газ орнотобуз. Баасы 22 миң сомдон 50 миң сомго чейин жетет. Азыр газ орноткондор көп. Алар күйүүчү майга акчаны үнөмдөө үчүн газ орнотушат. Себеби газ бензинге караганда арзан. Ал эми коопсуздугун ар бир айдоочу өзү көзөмөлдөшү керек. Машинанын моторунун майын, тетиктерин өз убагында алмаштырып турса газдын зыяны тийбейт. Ушуга чейин Ошто машинага орнотулган газ жарылганын уга элекмин.

Мырза-Акедеги жол кырсыгын милиция териштирип жатат. Автоунаадагы өрткө эмне себеп болгонун аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Каза болгондордун сөөгүн жакындары алып кетишти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG