Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Айдоочулардын айрым айыппулдары жеңилдейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш Тартип бузуу жөнүндө кодекске жана Жоруктар боюнча кодекске өзгөртүү киргизди.

Бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев ичкилик ичип рулга отурган айдоочуларга айыппулду 10 эсе көбөйтүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу депутат парламентте жол эрежесин бузгандарга айыппулду төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда билдирди.

Арапбаевдин айтымында, базар экономикасынын шартында айрымдарга мас абалында машине айдагандар үчүн салынган 17,5 миң сомдук айыппул аз болуп сезилет. Ошондуктан ал өзүнүн жана башкалардын өмүрүн коркунучка кептеген айдоочулар үчүн айыппулду 10 эсе көтөрүүгө чакырды.

Азамат Арапбаев.
Азамат Арапбаев.

- Азыр бизде базар экономикасы, - деп түшүндүрдү ал. - Кээ бир жарандарыбыз үчүн 17 миң сом 17 тыйындай эле көрүнүп калат. Ошондуктан, урматтуу өкмөттүн өкүлү, тез арада айыппулду эң аз дегенде 10 эсе көтөрүп, алып келиңиздер, парламент колдоп берсин. Анткени мас абалында айдагандар өзүнүн да коопсуздугуна, тегерек-четиндегилердин да коопсуздугуна залакасын тийгизет.

Жыйынга катышып жаткан Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов ичкилик ичип машине айдагандардын жазасын күчөтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген март айынын тартып жол эрежесин бузуу боюнча 873 631 токтом чыгарылган. Анын ичинен азыркы учурга чейин 448 040 токтом боюнча айдоочулар айыппул төлөштү. Бул эреже бузган айдоочулардын 51% түзөт. Төлөнгөн айыппулдардын суммасы 534 миллион 684 миң сомду түздү.

Саркулов учурда айыппулду төлөбөй жүргөндөрдөн аны өндүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады. Ал мас абалында машине айдагандарга салынчу 17,5 миң сомдук айыппул аз деген пикирге кошуларын айтты:

Иманалы Саркулов.
Иманалы Саркулов.

- Чынын айтканда 17,5 миң сом бул аз. Мурун Административдик укук бузуу жөнүндө кодексте айдоочулук укугунан ажыратуу деген да беренелер бар болчу. Тилекке каршы, азыркы мыйзамда бул жок. Ошондуктан менимче биз мунун күчөтүлгөн варианттарын карап, сунуш киргизебиз.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Тартип бузуу жөнүндө кодекске жана Жоруктар боюнча кодекске өзгөртүү киргизип, жол эрежесин бузгандарга айыппулду арзандатты жана жасалма номер таккандардын жазасы күчөтүлдү. Бул мыйзамдарды парламенттин депутаттары бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда жактырышты.

Ал мыйзам долбооруна ылайык, жасалма номер тагып жүргөн айдоочуларга мындан ары 20 миң сом айыппул салынат.

Ал эми:

- жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар;

- автоунааны туура эмес жерге токтоткондор;

- машинелердин ортосундагы коопсуз аралыкты сактабагандар;

- жол чыракты карабай айдагандар;

- автоунаадан ашып өтүү эрежесин жана тыюу салынган сигналдарды колдонуу тартибин бузгандар 3000 эмес, 1000 сом айып төлөй баштайт.

Эми бул мыйзам долбооруна президент кол койгон соң күчүнө кириши керек.

Ал арада Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштады. Бул тууралуу аталган органдын өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка ылайык, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк он жылдык мөөнөткө берилет. Анын баасы 732 сомду түзүп, буга чейинки күбөлүккө караганда 570 сомго арзан болот.

Эми быйылкы жылдын июнь айынан бери берилип жаткан убактылуу күбөлүктү алган жарандар жаңысына алмаштырышы керек.

Быйыл 1-январдан тартып Тартип бузуу жөнүндө кодекс жана Жоруктар боюнча кодекс күчүнө кирип, жол эрежесин бузгандарга айыппул көбөйтүлгөн.

Бул чаралар боюнча нааразы болгон жарандар акцияга чыгышкан. Өкмөт Жогорку Кеңеште айыптардын суммасын азайтуу боюнча демилге көтөргөн.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө жол эрежесин бузган айдоочуларды каттаган жана адамды жүзүнөн таануу функциясы бар видео байкоо камералары орнотулууда. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG