Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Жол акысы кайрадан күн тартибинде


Аялдамада транспорт күткөн шаардыктар.
Аялдамада транспорт күткөн шаардыктар.

Шаардын жашоочулары бүгүн, 18-январда маршруттук таксилер каттамдарга аз чыкканын кабарлап жатышат. Мурдараак мэрия тариф маселесине байланыштуу жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдаган.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин айдоочуларынын жол кирени көбөйтүү боюнча талаптарына жооп берди.

Түлөбаев кайрылуусун 18-январда "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады.

Анда ал айдоочуларды иш таштабоого чакырып, алардын талаптарын чечүүгө жок дегенде бир-эки ай убакыт керек экенин айтты.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев


«Маршруттук такси айдагандардын көйгөйүн билебиз. Жети жылдан бери тарифти көтөрө элекпиз. Азыр дароо эле көтөрүп бергиле деген туура эмес. Анын өзүнүн процедуралары бар. Экономика министрлиги менен макулдашуу керек. Биз элдин акыбалына жараша, тарифти көтөрүп берүүгө даярбыз. Маселени майга чейин чечип берүүгө аракет кылабыз. Силердин каттамга чыгууңуздарды өтүнөм. Эгер, чыкпасаңар ал каттамдарга башка маршруттук таксилерди чыгарууга мажбур болом», - деди Балбак Түлөбаев.

Милициядан эскертүү

17-январда Бишкек шаарынын жүргүнчү ташуучуларына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүлүп, коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учураса, мэрия жеке компаниялар менен кызматташууну кайрадан карап чыгып, тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилген.

Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы белгилегендей, аларга «кичи автобустардын айдоочуларынын арасында иш таштоо жана нааразылык акцияларын уюштуруу боюнча чагымчыл чакырыктар жайылып жатат»,- деген маалымат түшкөн.

"Бишкек шаарынын социалдык абалын туруксуздаштыруунун ыктымалдуу көрүнүштөрүндө мыйзам бузуу белгилери бар", - деп белгилеген милиция кичи автобустардын айдоочуларын айрым кызыкдар адамдардын жана чагымчыл ушактардын курмандыгы болуп калбоого үндөдү.

Мыйзамсыз иштеген маршруткалар
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:12 0:00


Буга чейин Бишкек мэриясында кичи автобустарда жол акысын көтөрүү маселесин кароо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Күйүүчү-майлоочу майлардын жана тетиктердин кымбатташына байланыштуу айдоочулар жол акысын 15 сомго көтөрүүнү суранышкан. Вице-мэр Азиз Алымкулов бул маселе этап-этабы менен чечилиши керектигин белгилеген.

Бишкекте муниципалдык троллейбустар менен автобустардан тышкары жүргүнчүлөрдү 41 жеке компаниянын кичи автобустары тейлейт. Бир күндө жолго мындай автобустардын миңге жакыны чыгат.

Учурда кичи автобустардын жол киреси 10 сомду түзөт.

XS
SM
MD
LG