Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Бишкек: Мэрдин милдетин Кудайбергенов аткармай болду, Нургазиев боюнча чечим жокко чыкты


Бактыбек Кудайбергенов.
Бактыбек Кудайбергенов.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу тууралуу чечимин бир күндөн кийин жокко чыгарып, бул кызматка жаңы мэр шайланганга чейин Бактыбек Кудайбергеновду дайындады.

Өкмөттүн расмий сайтындагы 10-февралдагы маалыматка караганда, Мариповдун чечими менен Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу 9-февралдагы чечим жокко чыгарылды.

Коомчулукта Нургазиевдин Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп келгенине нааразычылык айтылып жаткан. Буга Интернетте "Нургазиев аялга кол көтөргөн" деген видео тараганы себеп болгон. Айрым маалыматтарга караганда, ал аял адвокаттык ишин аткарып жаткан жана Нургазиев менен үлүш негизинде көп кабат үй куруу боюнча милдеттенмелердин аткарылбай жатышына байланыштуу айтыша кеткен.

Буга чейин “Эмма строй” курулуш компаниясынын башкы директору болуп иштеп жаткан Нургазиев шаар жетекчисинин милдетин аткаруучу катары уюштурган алгачкы пресс-конференциясында бул тууралуу журналисттерге "Ал аял биздин үлүшчүлөрдүн жыйыны өтүп жаткан жерге келип, телефонун даярдап коюп, бетиме чаап жиберген. Бул 1,5 жыл мурда болгон окуя. Мен да реакция болуп кетип, чаап жибергем. Анысы чын" деп айткан.

2018-жылы "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү турак жай курулушундагы башаламандыктарды, мамлекет жөнгө сала албай жаткан системаны иликтөөгө алган. Бул иликтөөдө Эрмек Нургазиевдин да аты аталган болчу.

Нургазиев 9-февралда журналисттерге президент Садыр Жапаров менен мурда жолукканын билдирген жана "Мен пландарымды президентке айтып бердим. Мага ишеним артканы үчүн ага ыраазымын" деп айткан.

Ошол эле күнү резидент Садыр Жапаров социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу “Ээнбаштык жана мүлк талаш иштери бар адамды мэрликке коюу мүмкүн эмес” деген оюн айткан:

«Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес», - деп жазды президент.

58 жаштагы Бактыбек Кудайбергенов мурда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген.

Жаңы мэр 11-апрелдеги жергиликтүү кеңешке шайлоодон кийин тандалат.(RK)

XS
SM
MD
LG