Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Мэрге жарыбаган Бишкек


Бишкек мэриясынын алдындагы акция. 2021-жыл, 10-февраль.
Бишкек мэриясынын алдындагы акция. 2021-жыл, 10-февраль.

Бийликтин борбор калаанын жетекчиси боюнча чечимин өзгөртүшү "Бишкекке кандай мэр керек?" деген талкууну жаратты.

10-февралда Бишкек мэриясынын алдында нааразылык акциясы өтүп, отуздан ашык адам Бактыбек Кудайбергеновдун мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалышына каршы чыгышты.

Бишкек шаарынын тургуну Бек Мусаев шаар башчылыгына жаштар келиши керек деген пикирин ортого салды.

«4-5-октябрда жаштар чыкканына күбө болдук. Бир жигит каза болуп, канчасы жабыр тартты. Алардын аракети текке кетеби? Бийликке таза адам келиши керек. Бүгүн келгенин эртеси ала бербей, татыктуу адамды шайлайлы. Ошол себептүү биз бүгүн жаш кадр Руслан Тагаевди сунуштадык. Азыркы мэрдин жашы 58де экен. Жаштарга орун берели, бизге люстрация керек».

Бек Мусаев сөз кылып жаткан Руслан Тагаев буга чейин өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген. Парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон.

58 жаштагы Бактыбек Кудайбергенов мурда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ал Бишкек шаарына акыркы эки күндө дайындалган экинчи жетекчи болуп калды.

10-февралда өкмөт башчы Улукбек Марипов Эрмек Нургазиевди Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындоо тууралуу бир күн мурдагы чечимин жокко чыгарууга аргасыз болду. Буга Нургазиевдин аялга кол көтөргөнү тууралуу видео тараганы себеп болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мэрлик кызматтын айланасындагы окуяларга мындай баасын берди:

«Шаардын мэрлик кызмат орду боюнча шаардык кеңештеги фракциялар, ошол жердеги депутаттар жыйын өткөрүп, талкуулашы керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Мындан улам элге күлкү болгон окуяларды көрдүк. Бул - азыркы кадр саясатынын абдан төмөн деңгээлге түшкөнүнүн натыйжасы. Бишкек шаарынын мэрине кадыр-баркы бар, шаардыктар урматтап-сыйлаган, билимдүү адамдарды коюш керек эле. Азыр дайындалганы да, ага чейин дайындалганы да баскан-турганы күмөндүү, коомчулук колдобогон адамдар. Ушундай адамдардын кызматка келип жатканы жаңы эле шайланган бийликтин кадыр-баркын абдан төмөн деңгээлге түшүрүп жатат».

Ошентип, мэрдин орду эки күндөн бери коомчулукта кызуу талкууланган темага айланды. Ошол эле кезде Бишкек мэрине талаптар да аз эмес.

Жарандык активист Мирбек Асангариев жаңы башчынын көңүлүн эки маселеге бургусу келет. Алар: акимиаттарды жоюп, чыгымдарды кыскартуу жана шаарды өнүктүрүү.

Мирбек Асангариев.
Мирбек Асангариев.

«Өнүккөн шаарларда эки калаа башчы бар. Бири саясий чечимдер, экинчиси шаарды өнүктүрүү менен алек болот. Бирок, бизде структура башкача. Ошондуктан, бул эки багытты бирдей алып кете алган иш билги башкаруучу керек. Шаар башчыдан тургундар ачыктыкты талап кылып келет. Шаардык бюджет кандай колдонулуп жатканын тургундар да билиши керек. Ошол эле кезде төрт акимиатты кыскартуу керек. Алардын ар бирин каржылоого бир топ каражат жумшалат. Демек, кыскартуу жолу менен акчаны үнөмдөөгө болот».

Бишкек шаарында 1 миллиондон ашуун киши жашары айтылып келет. Шаардын айланасын элүүдөн ашуун жаңы конуш курчап турат.

Укук коргоочу Эржан Сулайман Бишкекти тургундар үчүн ыңгайсыз шаар деп эсептейт. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген же балалуу адамдарга шарттын жетишсиздигин мисал келтирди.

«Бүгүнкү күндө мэрди дайындоо кадр саясатындагы туруксуздук, кесипкөй адистердин жоктугунан кабар берет. Бул абдан коркунучтуу көрүнүш. Бишкек - майып, баласы бар же жөө тургундар үчүн өтө ыңгайсыз шаар. Жолдор, курулуш иштери боюнча такыр шарт түзүлгөн эмес. Ошол эле кезде шаар башчы максатын, ишин тургундар менен ачык талкуулашы керек. Дайыма ачыктык болушу зарыл».

Бишкекке кандай мэр керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00

Соңку жылдары Бишкек - дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башында турат. Адистер буга шаардагы жаңы конуштардын сапатсыз көмүрдү жакканы, ЖЭБ жана бензиндин сапаты себеп болуп жатканын айтышууда.

Эко-активист Бермет Бөрүбаева борбор калаадагы экологиялык маселелер чечилбей келгенин шаар бийлигинен көрөт.

«Бишкекти каптаган ыш, коомдук транспорттун маселеси такыр эле чечилбей жатат. Биз мыйзамсыз курулуш, шаарды пландоо боюнча мэрияны сотко берип келгенбиз. Акыркы жылдары шаар бийлигине келген адамдар элдин эмес, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын эле коргоп жатышат. Аларды ызы-чуу менен дайындашат. Андан кийин алар бийликтин айтканын аткарып, элдин кызыкчылыгын ойлобой иштеп беришет».

Бишкек мэринин кызмат ордуна байланыштуу чырлуу окуялар буга чейин да катталган. Алсак, эгемендик жылдары шаарды башкарган кеминде үч жетекчиге кылмыш иши козголгон.

2008-2010-жылдары шаарды башкарган Нариман Түлеев «Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген» деп 11 жылга соттолгон. Ушул жылы 9-февралда Жогорку сот бул чечимди жокко чыгарганы белгилүү болду.

Андан кийин шаарды башкарган Кубанычбек Кулматов да түрмөгө отуруп чыкты. Кулматовдон соң мэр болгон Албек Ибраимов да абакка кесилген. Ал 6-октябрга караган түнү абактан бошотулуп, ошол бойдон кайра кайткан эмес. Ага издөө жарыяланган.

20-октябрда Азиз Суракматов кызматынан өз каалоосу менен кетип, ордуна вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеевди калтырып кеткен. Түлеевге каршы нааразылык акцияларынан кийин баш калаанын тизгини Балбак Түлөбаевге тийген.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Балбак Түлөбаев 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган.

Бишкек шаарынын мэрин шаардык кеңеш тандайт. Шаардык кеңештин азыркы курамынын мөөнөтү апрелде аяктайт. 11-апрелде шаар депутаттарынын кезектеги шайлоосу өтөт. Жаңы мэр ошондон кийин шайланат. Буга чейин шаар башчыларын эл түз шайласын деген демилгелер да көтөрүлүп келген.

Бишкек - Кыргызстандын саясий жана экономикалык борбору. Шаардын бюжети 10 миллиард сомдон ашыгыраак. Буга чейин эле жарандык сектор, активисттер шаар бийлигинен аткарылган иштин жыйынтыктары жана бюджет боюнча ачыктыкты талап кылып келишкен.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG