Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:44

Сапатсыз бензин абаны булгайт


Бишкек шаары. Архив.
Бишкек шаары. Архив.

Бишкекти каптаган кара түтүн өлкөгө ташылган күйүүчү майдын сапаты боюнча талашты күчөттү.

Мунай сатуучулар бирикмеси Кыргызстанга ташылып келген сапатсыз бензин, дизел майы Бишкек абасынын булганышынын негизги себептеринин бири деп эсептейт. Парламенттеги айрым депутаттар талапка жооп бербеген күйүүчү май ташыган туруктуу коррупциялык схема бар экени айтып жүрүшөт. Өкмөт абалды атайын талдап чыгып, чечим чыгарарын билдирүүдө.

Мунай сатуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов жана «Жашыл энергия» коомдук фондунун жетекчиси Анара Султангазиева.
Мунай сатуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов жана «Жашыл энергия» коомдук фондунун жетекчиси Анара Султангазиева.

Бишкекте жүргөн жарым миллиондой машинеден чыккан түтүн абанын булганышына салым кошууда.

Мунай сатуучулар ассоциациясы 12-январда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, бийликти сапатсыз май ташууну токтотууга чакырды. Ассоциациянын Орусиянын Бажы кызматынан алган маалыматына ылайык, Кыргызстанга жылына 450 миң тоннадай сапаты начар деп саналган К2, К3 күйүүчү майы ташылып келет.

Мунай сатуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов сапатсыз мунайды ташып келгендерди аныкташ үчүн укук коргоо органдарына кайрыларын билдирди:

«Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет жыл сайын Орусия менен Кыргызстанга ташылып келүүчү күйүүчү майдын көлөмүн бекитет. Ошол жерде майдын класстары да белгиленет. 2021-жылга дагы К2, К3 болгон мунай өндүрүмү келиши мүмкүн деп кол коюп жатат».

Эшатов сапатсыз майды колдонгон айдоочулар экологияга эбегейсиз зыян алып келип жатканын белгилейт.

Сапатсыз майды тыюу боюнча демилге

Парламенттеги депутаттар тобу бир жыл мурун өлкөдө К2, К3 классындагы майды колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун жазган. Демилгечи эл өкүлүнүн бири Абдывахап Нурбаев мыйзам долбоору өкмөттүн корутундусу жок, ара жолдо калганын айтууда. Нурбаев кыргыз өкмөтү Евразия Экономикалык Биримдигинде (ЕАЭБ) тыюу салынган К2, К3 классындагы күйүүчү майды Кыргызстан аймагында 2021-жылга чейин колдонууга уруксат сурап, эми анын мөөнөтүн 2023-жылга чейин узартууну суранып жатканын айтып, Экономика министрлигин «сүрөөнчүлүк кылып жатат» деп айыптады:

«Ошол бензин өтө арзан экен. Аны бул жакка алып келип сатып жатышат. Бул адегенде экологияны бузуп жатат. Биз эксперттер менен сүйлөшкөнүбүздө абанын булганышынын себеби сапатсыз бензинде экенин айтышкан. Азыр кышта түтүн болуп билинип жатат. Бирок, жайында деле ошондой нормада зыян болууда. Эмнегедир менде ой кетет, өкмөт бул маселени чечүүгө кызыкчылыгы жок».

Нурбаев сапатсыз бензин, дизел ташууда чоң акча кимдир-бирөөнүн чөнтөгүн толтуруп жатат деп шек санайт.

Экономика министрлиги сапатсыз бензин ташыган аткезчиликти айыптады

2020-жылдын 16-декабрындагы парламент жыйынында депутаттардын сынына экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров жооп берип, К2, К3 классындагы күйүүчү майды ташып келүүгө тыюу салынганын билдирүүдө. Алишеров өлкөгө кирип жаткан сапатсыз бензин, дизелдин ташылып келишинин себебин аткезчилик менен түшүндүрдү:

«Силер туура айтып жатасыңар, «сапатсыз бензин кирип жатат» деп. Бирок ал аткезчилик менен кирүүдө. Ал пикирге кошулам. Ал эми техникалык регламентте сапатсыз бензинди ташып келүүгө тыюу салынган».

Алишеров ЕАЭБден К2, К3 мунайын чыгарууга уруксат суроо ата мекендик өндүрүшкө гана тиешелүү экенин билдирди. Мунай сатуучулар ассоциациясынын маалыматына караганда учурда жергиликтүү мунай өндүрүүчү эки гана ишкана иштеп жатат.

Анткен менен өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артём Новиков 8-январдагы эколог активисттер менен жолуккан жыйында сапатсыз күйүүчү май ташылып келип жатканын моюнга алгандай болду. Новиков мындай күйүүчү майды колдонуга тыюу салуу кымбатчылыкка алып келерин айтып, өкмөт ойлонуп чечим чыгарарын билдирди.

«Күйүүчү май боюнча Экономика министрлиги сүрөөнчүлүк кылып жатканын айтып жатасыздар. Лобби барбы-жокпу, карап чыгабыз. Бирок, алар күйүүчү май кымбаттап кетет деп негиз кылып жатышат», - деди Новиков.

Бирок Мунай сатуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов сапаттуу К4, К5 күйүүчү майы учурда сатылып жатканын, сапатсыз бензинге тыюу салуу анын баасына таасир этпей турганын эске салды:

«Элди дүрбөлөң кылып жатат. 2015-жылдан бери «евро 4», «евро 5» стандартынан жогорку мунай өндүрүмү сатылып жатат. Азыр сапатсыз күйүүчү майга тыюу салынса бардык жерде бирдей болуп калат. Бардык ишкерге бирдей шарт түзүлөт».

Эшатов айрым ишкерлер К2, К3 күйүүчү майды арзан алып келип, бирок сапаттуу бензин, дизел саткандар менен бирдей эле баа коюп, ашыкча акчага туйтунуп жатканын айтты. Мунай сатуучулар ассоциациясынын эсебинде сапатсыз мунай өндүрүмүн ташып келүүдө өлкө казынасына 3-5 млрд. сом түшпөй калып жатат.

Күйүүчү майдын сапаты жөнүндө

Күйүүчү май сапатына жараша класстарга бөлүнөт. К2 менен К3 классындагы күйүүчү майдын курамында күкүрт көп болгондуктан, абага зыяндуу заттар көп бөлүнүп чыгат. Ал эми экологиялык класстагы К4, К5 майында күкүрттүн курамы сапатсыз бензин менен дизелге караганда 15 пайызга чейин аз болот.

Кыргызстан мунайзат боюнча толук импорттон көз каранды. Өлкө жылына 1 млн. 500 миң тоннадай күйүүчү май сарптаса, анын 1 млн. 300 миңдейи сырттан келет. Негизги экспортёр - Орусия мамлекети.

Сапатсыз май боюнча маселеде аткезчилик да чоң роль ойнойт. Кыргызстанга тонналаган күйүүчү май коңшу өлкөлөрдөн контрабанда менен ташылып келээри жаңылык эмес. Чүйдүн Токмок шаарындагы чоң кара жолду бойлой бөтөлкө, чака-челек менен май саткандар жайнайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG