Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Бишкек ышка тумчугуп жатат


Ыш каптаган Бишкек.
Ыш каптаган Бишкек.

«World Air Quality» уюмунун иликтөөсүндө 3-4-январда Бишкек абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты.

Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтына 4-январга караган түнү, саат үчтө чыккан маалыматта баш калаадагы абалга кооптуу деген баа берилген.

Бул уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкекте аба сапатынын көрсөткүчү (AQI) 525 экени көрсөтүлгөн. Негизи, индекс 300дөн ашса абал өтө кооптуу деп эсептелинет. 50дөн ылдый болгондо гана булганган эмес дегенди түшүндүрөт.

Бишкекте акыркы убакта абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.

Жыл сайын айрыкча кыш мезгилинде абанын булганышы күчөп, баш калааны ыш каптайт.

Буга чейин экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте тынымсыз жарыяланып турат.

Активисттер жана жашоочулар абанын булганышынан ар кандай илдеттер көбөйүп кеткенин да жазып келишет.

Социалдык тармактардын колдонуучулары бийликтен экология маселесине көңүл бурууну талап кылышууда.

Түлөбаев: Ышты быйыл токтотуу мүмкүн эмес

Баш калаанын үстүнө үйүлгөн ышты быйылкы жылы токтотууга мүмкүн эмес, ал үчүн кийинки жылы Бишкек Жылуулук электр борборун көмүр менен эмес, газ менен иштетүүгө өтүш керек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бүгүн, 4-январда «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, видео кайрылуу таратты:

«Мэр кайда, премьер-министр кайда, эмнени карап жатат?» деп суроо берип, ур-токмокко албай коё тургула. Биздин келгенибизге бир айдан эле ашты. Ышты азайтыш үчүн эң ириде көмүрдүн ордуна газ жагыш керек. Эмдиги жылы Бишкек ЖЭБин жана баш калаанын 22 отказанын, мектептерди газ менен жылытууга өтөбүз. Ошондо гана ышты азайта алабыз. Бирок азыркы убакта эч нерсе кыла албайбыз. Бүгүнкү күнү ЖЭБди да, Кара-Кечеден көмүр алууну да токтото албайбыз».

Балбак Түлөбаев ыш Кара-Кеченин сапатсыз көмүрүн жагуудан улам көбөйүп жатканын белгилеп, кийинки жылдары жаңы конуштарда да бул кендин көмүрүн жагууга тыюу салынарын билдирди.

Бишкектеги ыш тууралуу эл аралык маалымат каражаттары да жазып жатат.

XS
SM
MD
LG