Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Бишкек ЖЭБи: текшерилбеген техникалык шарт


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Финансы полициясы Бишкекти каптаган ыш-түтүндүн себептерин териштирип, ага Бишкек ЖЭБинин таасирин иликтеп чыга турган болду.

Буга чейин жарандык активисттер тобу анын буу казандары менен түтүктөрүн жаңылоодо экологиялык мүшкүлгө алып келген техникалык каталарга жол берилгенин белгилеп, экоцид боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылып чыкты.

Ал эми ошондогу парламенттин көпчүлүк коалициясынын мурдагы башчысы Феликс Кулов Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорундагы техникалык шарттардагы кемчиликтер тууралуу орусиялык эксперттер тобунун 2014-жылдагы тыянагынын жана ага таянган анын өзүнүн өлкө жетекчилигине кайрылуусунун көчүрмөлөрүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады. Анда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча техникалык сунуштамадагы буу казандардан чыккан зыяндуу заттардын өлчөмү ченемден жогору көрсөтүлгөн.

Жарандардын арызы

Бишкекти каптаган ыштын негизги себептери жана анын адамдын саламаттыгына тийгизген зыяны тууралуу расмий түрдө изилдөө жүрө элек. Бирок буга Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланышкан жагдай негизги себеп болушу мүмкүн деп шек санаган Манасбек Султанов баштаган жарандык активисттер тобу укук коргоо органдарына арыз менен кайрылды. Анда борбордогу экологиялык көйгөйдүн негизги себеби катары Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорун ишке ашырууда технологиялык катачылыктар болушу мүмкүн экени айтылган. Аларды иликтеп чыгып, аны экологиялык кылмыш катары баалап, ага жол берген кызмат адамдарына чара көрүү жагы талап кылынган. Анткени буу казан агрегаттары иштеп чыга турган зыяндуу заттардын өлчөмү ченемден жогору боло турганы көрсөтүлгөнүнө карабастан аталган техникалык шарттар бекитилгени арызда көрсөтүлгөн. Аталган арыз Финансы полициясында каттоого алынып, териштириле баштаганы жарыяланды.

Энергетика боюнча адис, эксперт Эрнест Карыбеков анда зыяндуу заттарды иштеп чыгуунун чен-өлчөмү ачык көрсөтүлгөнүн, бирок ага көңүл бурулбай калган жагдайды белгиледи:

Эрнест Карыбеков.
Эрнест Карыбеков.

«Азыр шаардын ичи эмнеге түтүнгө толуп жатат? Анткени Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун техникалык сунуштамасында иштелип чыгарыла турган зыяндуу заттын - азот оксиддеринин көлөмү 510 мг/м3 деп анын паспортунда көрсөтүлгөн. Ал эми ченем боюнча сыртка иштелип чыккан зыяндуу заттын өлчөмү 300 мг/м3 ашпашы керек. Бул жерде чукул ченемден эки эсе ашып кетип жатпайбы. Бирок эч кандай тендер өткөрбөстөн эле ошол жабдууларды Бишкек ЖЭБине алып келип орнотушкан. Ага чейин аны текшерип, иштетип көрүп, экологиялык экспертиза жүрүшү керек болчу. Ошондон азыр зыяндуу заттардын өлчөмү көп чыгып, ал абага жайылып жатат».

Буга чейин баш калааны түтүн каптап, ыш басып жатканынын негизги себеби катары Бишкек ЖЭБин жаңылоо учурунда анын жаңыдан курулган эки энергетикалык блогунда көмүр жагылып, андан зыяндуу заттар жогору чыккан түтүктөр кыска орнотулуп калганы да кеп болгон. Бирок Бишкекти түтүн капташынын негизги себептерин иш жүзүндө ар тараптуу изилдеп, аныктоо ушул кезге чейин жүрө элек.

«Бишкек ЖЭБинде маселе жок»

Анткен менен Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоору боюнча жооптуу «Электр станциялары» компаниясынын өндүрүштүк-техникалык бөлүм башчысынын орун басары Азим Жумаев зыяндуу ышты иштеп чыгарууда Бишкек ЖЭБинин үлүшү өтө төмөн экенин айтып, бул үчүн жоопкерчиликти четке какты:

«Расмий түрдө айтканда, жалпысынан борбор шаар боюнча Бишкек ЖЭБинен иштелип чыккан түтүн шаардын абасын булгаган ыштын 14% гана түзөт. Анан Бишкек ЖЭБиндеги түтүн чыгарыла турган түтүктөрдүн бийиктигинин ар биринин узундугу 150, 180 жана 300 метрди түзөт. Ал түтүктөр атайын долбоорлоо мекемелери аркылуу түзүлүп, алардын тыянагынын негизинде гана курулган».

Жыл сайын кышкысын шаарды түтүн каптап, ыш баскан маалда көз каранды эмес экологдор тобу Бишкек ЖЭБинен чыккан ыштын жана ага байланыштуу зыяндуу заттардын өлчөмүн аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүү боюнча демилге көтөрүп келишкен. Бирок жазында түтүн тарап, ыш баспай калганда бул мүшкүл унутулуп, көз каранды эмес экологиялык экспертиза жүргүзүү иши улам артка жылдырылып келди.

Эркин эколог Анара Султангазиева шаарга ыштын таралышын көмүр жагуудан келип чыккан маселе катары карайт.

«Бишкек ЖЭБинде атайын мониторинг жүргүзүп, андан чыккан түтүндүн зыяндуулугунун деңээлин аныктоо боюнча демилге көтөргөнбүз, - деди ал. - Бирок бизге бийик түтүктөрдүн үстүндө гана ошондой изилдөө иштерин жүргүзүш керек экенин айтып, бирок «коопсуздукка, техникалык себептерге байланыштуу андай байкоо ишине мүмкүнчүлүк жок» деген жооп кайтарышкан. Бул жерде маселе буу казандарда же түтүктөрдүн узундугунан мурун жагылып жаткан көмүрдө жана анын сапатында болуп жатат».

Ошол эле кезде Бишкек шаарындагы абанын булганышын аныктаган техникалык жабдуулардын көрсөткүчтөрү да шамалдын багыттары боюнча түтүн каптап, ыш топтолгон зоналарды белгилеп, маалымат берип келе жатканы белгилүү. Мында айрыкча Бишкек ЖЭБинен чыккан түтүн, жеке сектордон чыккан түтүн каптаган жана автоунаалар көп жүргөн көчөлөрдөгү аба кескин булганган тилкелер өз-өзүнчө көрсөтүлүп келет.

Шамалдын багыттары

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Бишкек ЖЭБин курууда жана аны кийин модернизациялоо ишинде кетирилген архитектуралык-инженердик каталар тууралуу маалыматтар бар экенин айтты:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

«ЖЭБди жаңылоо долбоору башталганга чейин мындай түтүн, мындай ыш жок эле деген пикирлер болуп жатпайбы. Мен ошого кошулам. Эми жаңыларын мурдагы жапыз турган түтүктөрдүн узундугуна эле ылайыктап, орнотуп коюп коюшту да. Түтүктөрдү шамалдын соккон багыттарына карап туруп, анан ошого жараша аныктап алып, андан соң гана орнотулса, мүмкүн туура болмок. Негизи Бишкек ЖЭБин куруш үчүн жай тандап жатканда шамалдын бир гана багыты эске алынып, анын эки багытта кайчылаш соккон учурлары эске алынбай калганы тууралуу буга чейин эле маалыматтар бар болчу. Анан ошондон улам, шамал карама-каршы соккондо түтүндүн бардыгын кайра шаардын ичине айдап салып жатканы ошондон го деген маселе бар».

Эске алынбай калган эксперттик тыянак

Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоору боюнча ТВЕА компаниясы сунуш кылган 300 мегаватт кубаттуулукту камсыз кылуучу техникалык шарттарды жергиликтүү эксперттер карап чыккан. Алар жогоруда аталган айрым бир техникалык параметрлер боюнча кемчиликтер боюнча Жогорку Кеңештин ошол кездеги көпчүлүк коалициясынын башчысы Феликс Куловго кайрылышкан.

Феликс Кулов кошумча маалыматтарды алыш үчүн Орусиянын Барнаул шаарындагы буу казандарды чыгарган «СИБЭНЕРГОМАШ» компаниясына Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорундагы техникалык сунуштама боюнча эксперттик маалымат бериш үчүн суроо-талап жиберип, ага жооп келген. Анда кытайлык компания сунуш кылган буу казан жана турбина агрегаттары үчүнчү топтогу отун жагуучу жабдууларга кире турганын жана алар көмүр эмес, адатта газ жагууга ылайыкташканы тууралуу маалымат берилген. Ошондой эле техникалык сунуштамада азот оксиди сыяктуу зыяндуу затты иштеп чыгуу көрсөткүчү ченемден жогору экени белгиленген.

Жогорку Кеңештин ошол кездеги көпчүлүк коалициясынын башчысы Феликс Кулов мындай дейт:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Мен жиберген ошол кайрылууга «СИБЭНЕРГОМАШ» компаниясынын эксперттер тобунун атынан заводдун башкы конструктору К. Масловдон жооп келди. Анда бизге сунушталган буу казандарынын техникалык параметрлери оптималдуу эмес деп көрсөтүлгөн. Ошол катты тиркеп туруп, мен ошол кездеги президент А. Атамбаевге кайрылуу жөнөткөнмүн. Атамбаев ага «Маселени карап, өлкөнүн кызыкчылыгы эске алынсын» деген виза коюп, Энергетика министрлигине жиберсе, ал жактан андан ары «Электр станциялары» ишканасына жиберилиптир. Бирок ал жактан бул ченем нормалдуу экени көрсөтүлүп, эч кандай маселе жок деген тыянак чыгарышыптыр. Ошондон кийин адистер ошентип жооп кайтарып, ынандырып жаткан соң, биз ошондон кийин унчукпай эле калдык. Бирок эми азыр анын кесепеттери чыгып жатканына күбө болуп турабыз».

Анткен менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду соттордо коргогон адвокат Нурбек Токтакунов анын коргоосундагы мурдагы жогорку кызмат адамдарына каршы ал долбоордогу техникалык шарттар боюнча кынтык издеп, эми экоцид боюнча кылмыш ишин козгоо демилгесин көтөрүүгө негиз жок деп эсептейт.

Нурбек Токтакунов жогорку деңгээлде жеңилдетилген насыя алуу маселесин сүйлөшүп, чечкени менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев макулдашууну жана анын ичинде техникалык шарттарды карап чыгууга жооптуу болбогонун айтты. Ал бул жерде аталган макулдашууну бекитүү боюнча мыйзам долбоорун даярдаган тараптын жоопкерчилиги көп экенин боюнча төмөндөгүдөй жүйөлөрдү келтирди:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«Ошол кезде Феликс Кулов парламенттеги көпчүлүк коалициясын жетектеп туруп, колуна ошондой маалыматтар келип түшкөн соң аны кылдат иликтеп чыгып, экологиялык экспертиза дайындаттырып, маселени парламентте көтөрүшү керек болчу. Бирок бул маселе толук иликтенбестен чечим кабыл алынган. Ал эми ошол кездеги президент Атамбаев жеңилдетилген насыя алуу тууралуу гана сүйлөшкөн. Андан башкасына ал жооптуу эмес болчу. Ал эми макулдашуунун шарттары, андагы техникалык сунуштама боюнча аны карап, бекитип жаткан тарап - парламент жооптуу. Ошондуктан мен Жогорку Кеңештин ошол кездеги спикери менен тармактык комитеттин төрагасы макулдашууну бекитүү боюнча мыйзамдын долбоорун даярдоодо, бардык жагын текшертип, экологиялык экспертиза дайындоо маселесин көңүл борборунан чыгарып койгону үчүн жооп бериши керек экенин айтып чыккан элем».

Кыргызстандын өкмөтү жана «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасы башында жылуулук электр станцияларын курууга адистешкен Кытайдын мамлекеттик СМЕС корпорациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок 2013-жылы 20-февралда аталган компания техникалык сунуштамасын кыргыз тарапка бергени менен анда каржылоо бөлүгү көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле кезде сүйлөшүүлөрдө иштеп чыгарыла турган электр энергиясынын пайдасына байланышкан айрым бир шарттар боюнча тараптар бир пикирге келе албай калган. Ошого байланыштуу сүйлөшүүлөр токтоп, Кытайдын башка бир компаниясы ТВЕА менен сүйлөшүүлөр башталган. ТВЕА компаниясы Кытайдын Эксимбанкынан жеңилдетилген насыя алуунун шарттарын да сунуш кылган. Мына ошондон улам кыргыз тарап мурда ЖЭБ курууга адисдешпеген болсо да долбоорду ишке ашырууну ага ишенип тапшырууга макул болгон.

Феликс Кулов ошол кезде сунушталган техникалык шарттарга экспертиза дайындоо өкмөттүн мойнунда болгонун айтты:

«Биздин адистер мага баштапкы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн Кытайдын мамлекеттик СМЕС корпорациясы ЖЭБ станцияларын куруу боюнча адистешкен ишкана экени тууралуу айтышкан болчу. Бирок долбоорду аткаруу укугу берилген кийинки дагы бир кытайлык ТВЕА компаниясынын ал боюнча тажрыйбасы жок деген маалыматтар болгон. Анан ошол кезде Кытай тарап жеңилдетилген насыяны ошол компанияга гана берет экен деген сөздөр болуп, элчинин да каты бар экенин айтышкан. Ошентип биздин парламенттен да делегация Кытайга ТВЕА компаниясынын башкы кеңсесине барып, аны «дүйнөлүк деңгээлдеги аты бар компания экен» деп айтып келишкен болчу. Анан бул жерде бизде талашып-тартыша турган маселе калган эмес. Бирок сырттан адистерди чакырып, экологиялык экспертиза жүргүзүүгө ошол кездеги өкмөттө мүмкүнчүлүк бар болчу. Мына ошол техникалык шарттар чынында эле туурабы же туура эмеспи деген жооптуу терең изилдөөнүн негизинде гана алып, ошого ылайык жыйынтык чыгарылса болот эле».

Кытайдын Эксимбанкынан алынган 386 млн. доллар насыяга Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоору 2015-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган болчу. Бирок 2018-жылы кышында ЖЭБде авария болуп, анын натыйжасында бул долбоорду ишке ашыруудагы коррупциялык чийимдер ачыкка чыкканы белгилүү. Буга байланыштуу мурдагы эки өкмөт башчысы баш болгон бир топ кызмат адамдары камакка алынган.

XS
SM
MD
LG