Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан жарык өчтү


«Улуттук энергохолдинг» компаниясы жана «Электр станциялары» ишканасы билдирүү таратып, Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жагдайга байланыштуу түшүндүрмө берди.

«Электр станцияларынын» басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева «Фейсбукка» койгон маалыматында белгилегендей, алгач «Түндүкэлектр» ишканасынын «Бишкек» көмөкчордонуна (110 кВ подстанция) энергия жиберген ЖЭБдин ачык бөлүштүрүүчү каражатынын (ОРУ - открытое распределительное устройство) кабелдик линиялары чапташып (замыкание) калган.

Натыйжада, Бишкек ЖЭБинин 7 AT автотрансформатору өчүп калып, жабдууларды коргоочу система иштеп кеткен жана отказандар менен турбоагрегаттар автоматтык түрдө токтоп калган.

«Аварияга каршы клапандар иштеп, ашыкча бууну абага чыгарып турган. Эч кандай жарылуу, өрт жана авария болгон жок. Электр энергиясын иштеп чыгуу режими, жылуулукту жана суу берүү калыбына келтирилди. Бишкек ЖЭБи убактылуу ыңгайсыздык жаратканы үчүн кечирим сурайт», - деп айтылат билдирмеде.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын билдирүүсүндө да жогорку чыңалуудагы линиялардагы авариядан улам ЖЭБдин авариялык коргоо системасы иштеп кеткени, отказандарды жарактан чыгарбоо үчүн ал ашыкча бууну асманга бүрккөнү маалымдалат.

Мунун алдында бир катар Интернет колдонуучулар Бишкек ЖЭБи аварияга кабылганын жазып, социалдык тармактарда сүрөт, видеолорду жарыялап жатышты. Ошондой эле борбор шаардын бир топ райондорунда жарык өчүп калганын көпчүлүк жазды.

Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев электр системасындагы да авариялык абал боюнча пикирин билдирди:

Бишкек ЖЭБи «Электр станциялары» ишканасына карайт. Ал эми аталган ишкананы «Улуттук энергохолдинг» компаниясы көзөмөлдөйт.

ЖЭБ жалпысынан 129 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240 чамалуусу - социалдык обьект.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу жең ичинен кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынган.

XS
SM
MD
LG