Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Бишкекте абанын булганышы кайрадан кооптуу чектен ашты


Бишкектин кышкы көрүнүшү.
Бишкектин кышкы көрүнүшү.

Дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар Бишкекте абанын булганышы кооптуу чектен кайрадан ашканын көрсөтүүдө.

Аталган уюмдун сайтындагы маалыматка караганда, 15-январга караган түнү баш калаада абанын сапатынын индекси (AQI) 419 болду.

Шаар четиндеги Орок айылында 449, Новопокровкада 402ден ашты. Индексте Бишкек азыр Ооганстандын борбору Кабул шаарынан кийинки экинчи орунда турат.

Өткөн аптада Бишкектин тегерегинде индекс 1000ге жеткен. Сокулук, Новопавловка, Военно-Антоновка, Лебединовка сыяктуу айылдарда индекс өтө кооптуу чектен, тактап айтканда 1200-1300дөн ашып кетип, Кыргызстандын борбору дүйнөлүк сапта биринчи катарга чыккан. Эреже боюнча индекс 50дөн ылдый болгондо гана ден соолукка коопсуз деп эсептелет.

«World Air Quality» уюму жарандарга көчөдө тынымсыз беткап тагып жүрүүнү, аба тазалаган жабдууларды колдонууну, үйлөрдө, кеңселерде терезелерди бек жаап, сырттан аба киргизбөөнү, көчөдө көп жүрбөөнү сунуш кылды.

Бишкек абанын булганышы боюнча ноябрдан бери дээрлик алдыңкы он саптан түшө элек.

Бишкектен тышкары аба булганычтуу деген шаарлардын дээрлик баары Азияда жайгашкан. (NT)

Бишкекти каптаган кара түтүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:34 0:00

XS
SM
MD
LG