Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

COVID-19: аралыкты сактоо зарылдыгын калктын 40% гана баамдайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

ЮНИСЕФ Кыргызстан калкынын COVID-19га байланыштуу тажрыйбасына жана илдетти кабыл алуусуна арналган жаңы изилдөөнү чыгарды.

“Кыргызстан калкынын COVID-19га байланыштуу тажрыйбасын жана илдетти кабыл алуусун баалоо” аттуу базалык изилдөө #САКТА Улуттук байланыш өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлдү. COVID-19дун жайылышын алдын алуу максатын көздөгөн бул изилдөөнү жүргүзүү демилгесин былтыр сентябрда өкмөт көтөрүп чыгып, БУУ системасынын жана өнүгүү боюнча башка өнөктөштөрүнүн колдоосу алдында ишке ашырылган.

Маалыматтар 2020-жылдын ноябрь айында телефон аркылуу сурамжылоо жолу менен чогултулган. Кыргызстандын жети облусунан жана эки негизги шаардан – Бишкектен жана Оштон 1000 адам суралды.

Сурамжылоо калктын COVID-19ду жуктуруп алуунун олуттуулугун бир кыйла жогорку деңгээлде кабылдай турганын көрсөттү. Респонденттердин 72% инфекция жуккан учурда оорунун олуттуулугун оор деп баалашат (31% - орто деңгээлде, 41% - өтө оор).

Ошондой эле сурамжылоодо COVID-19 жайылуусунун алдын алуу боюнча көрүлө турган чаралар тууралуу билимде бир кыйла боштуктар болгону аныкталды. 82% колду тез-тез жууп туруу маанилүү коргоочу чара экенин билишет, 77% беткапты тагынуу зарыл экенинен кабардар, 40 пайызы гана адамдардын ортосунда аралыкты сактоо керектигин айтышкан.

“Изилдөө көрсөткөндөй, калктын көпчүлүгү COVID-19 канчалык деңгээлде олуттуу экендигин билишет, бирок бул ошондой эле вирустун жайылышына жол бербөө чаралары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу зарылдыгын да көрсөтүүдө. Мисалы, көптөгөн адамдар ортодогу аралыкты сактоо зарылдыгын дагы деле баамдай албай жатышат”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-марттагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза болду. 2020-жылдын март айынан бери бул оорудан көз жумган кыргызстандыктар 1466 адамга жетти. Бир күндө 22 кишиге вирус жукканы маалым болду. Ушуну менен инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 86 251 адамды түздү.

XS
SM
MD
LG