Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:23

Аймактарда 500 бала бакча ачылат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке бара элек балдар үчүн күнүнө үч сааттык билим бере турган 500 бала бакча ачат.

Бул долбоорду Дүйнөлүк банк каржылап бере турганын министрликтин басма сөз кызматы 1-мартта кабарлады.

"Келечек үчүн билим берүү" аттуу долбоордун алкагында ар кайсы аймактарда ачыла турган бала бакчаларда санитардык талаптардын сакталышы көзөмөлдөнөт. Үч сааттык бала бакчаларда балдарга тамак берилбейт, алар түштө укташпайт.

Мекеме ушул себептен бала бакчалар көп каражатты талап кылбайт деп билдирди.

Азыркы тапта жергиликтүү бийликтер Билим берүү жана илим министрлигине арыздарды берүүдө.

500 бала бакча үчүн 700 тарбиячы ишке алынып, балдар мектепке даярдалат.

2019-жылга карата жалпы мамлекет боюнча 1497 бала бакча бар. Аларда 197 миң бала тарбияланып жатат. Бул - Кыргызстандагы мектепке чейинки наристелердин 26,2 пайызын гана түзөт. (BCh)

XS
SM
MD
LG