Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:00

2-марттын аба ырайы


Кыргызгидрометеорология агенттиги эскертет: 1-мартта жаап өткөн жана 2-3-мартта күтүлүп жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, өзгөчө Бишкек-Ош жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-265 чакырымдары (Ала-Бел, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 74-115 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек жолунун 64-90 чакырымдары (Чоң-Ашуу) жана Казарман-Актал-Чат жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүшү ыктымал, жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл.

2-мартта күндүз Чүй Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жок. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15;

Суусамырда түнкүсүн -23…-28, түнкүсүн -3…-8;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16;

Баткен облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 11…16;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 11…16;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4;

Бийик тоолордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -4…-9 градус суук болот.

Бишкек шаарында 2-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 суук, күндүз 13…15 градуска чейин жылыйт.

XS
SM
MD
LG