Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Шаардык сот Кубанычбек Жумалиевди камакта калтырды


Депутат Кубанычбек Жумалиев.
Депутат Кубанычбек Жумалиев.

Бишкек шаардык соту 1-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн карады. Аны үй камагына чыгаруу тууралуу арызды канааттандырган жок, камакта калтырды.

Бул тууралуу адвокат Бактыбек Жумашев “Азаттык” радиосуна билдирди. Маалыматты шаардык соттон да ырасташты.

Жумашев соттун чечими негизсиз экенин жана депутатты жактоо боюнча аракеттер улана турганын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук комитети Кубанычбек Жумалиевди 4-февралда кармаган. Ага Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча айып тагылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 2 айга, 4-апрелге чейин камакка алган. Адвокаттар сот чечимине каршы жогорку инстанцияга даттанышкан.

Депутат Жумалиев Эл аралык медициналык университетке лицензия алуу, кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштыруу, салык жашыруу, мыйзамсыз баюу боюнча алдын ала аныкталган шектин негизинде айыпталууда.

Жактоочулары анын күнөөсүз экенин билдирип жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG