Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Үй-бүлөлүк зомбулук Бишкек жана Чүй облустарында көп катталууда


Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы
Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы

Кыргызстанда январь айынан бери 727 үй-бүлөлүк зомбулук Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-мартта билдиргендей, зомбулуктун басымдуу бөлүгү Бишкек жана Чүй облустарында катталган.

Териштирүүлөрдө запкы көргөн 632 адамга убактылуу коргоо ордери берилген.

Буга чейин Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн жарыялаган.

Үй-бүлөдө аялдарга каршы жасалган зомбулук - Кыргызстанда кеңири талкууга түшкөн социалдык маселелердин бири. 2021-жылдын январь айында эле Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки келин өз жанын кыйып, өмүр менен кош айтышты. Экөөнүн артында жети бала калды. Түп районунда төрт баланын энеси күйөөсүнүн зомбулугунун курмандыгы болду. Мындай окуялар башка аймактарда да орун алып келет.

2020-жылы катталган 9025 фактынын 10% гана сотко өткөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG