Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Казакстанга барат


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта мамлекеттик сапар менен Казакстанга барат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдиргендей, Жапаров Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки тараптуу кызматташтыктын, өз ара байланыштардын мындан аркы келечеги талкууланат.

Сапардын жүрүшүндө Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, премьер-министр Аскар Мамин, мажилистин жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулар белгиленген.

«Казакстан менен кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде. Иш жүзүндө бардык чөйрөлөрдө оң динамика бар. Биз Казакстан Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо максатын көздөйбүз», - деди Дастан Дүйшекеев.

Касым-Жомарт Токаев 1-февралда Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарыш үчүн биргелешип жигердүү иштешүүгө даяр экенин билдирген.

Казакстан менен Кыргызстан КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу бир катар уюмдарга мүчө. Акыркы 4-5 жылдан бери эки өлкөнүн чек арасындагы шарттар ишкерлерге жана жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан учурлар көп катталган. Казакстан муну Кыргызстандан аткезчилик жол менен кирген товарлардын агымына бөгөт коюу аракети менен түшүндүргөн.

Президент чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG