Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Казакстанда журналист Казис Тогузбаев каза болду


Казис Тогузбаев
Казис Тогузбаев

Казакстандык белгилүү журналист, «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Казис Тогузбаев каза болду. Ал 72 жашта болчу. Тогузбаев 25-январда коронавирус жугузуп алып, ооруканага жатып дарыланып чыккан. Жума күнү өзүн жаман сезген журналист кайрадан ооруканага жаткырылган. 28-февралда эртең менен Казис Тогузбаевдин жүрөгү сокпой калганы белгилүү болду.

Запастагы полковник Тогузбаев аскердик кызматын аяктаган соң журналистика, фотокабарчылык менен алектене баштаган. Ал «Сөз», «Азат» деген оппозициячыл басылмаларда иштеген. «Азаттыктын» казак кызматында болсо 2008-жылдан бери иштеп келген.

Казис Тогузбаев 2011-жылы Жаңы Өзөндөгү кандуу окуяларды активдүү чагылдырган. Маркум 2007-жылы Казакстандагы демократиялык баалуулуктарды жайылтууга кошкон салымы үчүн «Эркиндик» сыйлыгын алган.

XS
SM
MD
LG