Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Молдова коронавируска каршы вакцинаны боордош Румыниядан алды


Кишинёв аба майданы. 2021-жылдын 27-февралы.
Кишинёв аба майданы. 2021-жылдын 27-февралы.


Румыния 27-февралда COVID-19 илдетине каршы “AstraZeneca” компаниясы өндүргөн вакциналардын биринчи партиясын Молдовага жеткирди. Эмдөө затына жетүү үчүн дүйнөлүк жүрүмдө далаалат жасап жаткан жакыр өлкөлөрдүн бири болгон Молдова бийлиги 3,5 миллион калкы үчүн кайрымдуулук каражаттарын жиберген Бухарестке алкыш айтты.

2020-жылы декабрь айында Румыниянын президенти Клаус Йоханнис Кишинёвго болгон иш сапары учурунда Европа Биримдиг бөлгөн квотадан 200 миң вакцина дозасын Молдовага жөнөтүүгө убада кылган. Бул – өлкөнүн жаңы жана батышчыл президенти Майя Санду айымга колдоо көрсөтүү ишаарасы болду.

Йоханнистин сапары – Орусияны колдогон мурдагы президенти Игорь Додондун тушундагы начар байланыштардан улам алыстай түшкөн Молдовага румын президенти жасаган акыркы алты жыл ичиндеги алгачкы сапар болуп калды.

Молдова калкы Орусия менен тыгыз байланышты колдогондор жана Европа Биримдигинин мүчөсү Румыния менен тектеш элдердин орток маданиятын, тарыхын жана тилин көңүлдө тутуу аркылуу салттык байланышты улантууну жактагандар болуп экиге жиктелип турат.

"Румыния убадасын аткарууда... Бүгүн биз “AstraZenecaнын” 21,600 дозасын жеткирип берип жатабыз", – деп Румыниянын премьер-министри Флорин Кыцу 27-февралда өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Президент Санду алдыдагы аптада жүзөгө ашырылчу эмдөөнүн алгачкы баскычында дарыгерлер, саламаттык сактоо кызматкерлери жана пандемияга каршы күрөштө алдыңкы сапта келе жаткандар эмдөөгө алынат деп билдирди.
Өкмөт ошондой эле 3-мартка карата дүйнөлүк COVAX долбоорунун алкагында жакыр өлкөлөр үчүн делген 14 400 “AstraZeneca” дозасы Молдовага жеткириле тургандыгын маалымдады.

Өтүп бара жаткан аптада Молдова бийликтери “Pfizer / BioNTech” жана “AstraZeneca” вакциналарын колдонууга уруксат берди. Бул эки вакцина тең Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан чукул кырдаалда колдонуу үчүн жактырылган.

Ошондой эле, мурдагы президент Додон азыркы мамлекет башчы Сандуну “Молдовада “Sputnik V” вакцинасынын колдонулушуна бөгөт коюуга аракет кылып жатат” деп айыптагандан кийин, расмий Кишинёв орусиялык “Sputnik V” вакцинасын кыска талашып-тартышуудан соң жактырды. (TT)

XS
SM
MD
LG