Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Молдова: Президенттик шайлоодо Майя Санду утту


Баштапкы маалыматка ылайык, Майя Сандуну шайлоочулардын 57 пайызы колдоду.
Баштапкы маалыматка ылайык, Майя Сандуну шайлоочулардын 57 пайызы колдоду.

Молдовада жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи айлампасында өлкөнүн экс-премьер-министри, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду жеңип чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясы баштапкы маалыматка таянып, аны шайлоочулардын 57 пайызы колдогонун билдирди.

Өлкөнүн азыркы президенти, орусиячыл саясатчы Игорь Додон болсо 43 пайыз добуш алды. Молдовада президент төрт жылдык мөөнөткө шайланат.

Майя Сандунун тарапташтары анын жеңишин "Аракет жана тилектештик" партиясынын кеңсесинде майрамдашты. Санду бул күндү жалпы элдин жеңиши катары сыпаттады:

"Биз молдовандардын укмуштуудай жигердүүлүгүнө күбө болдук. Каатчылыкка, мамлекеттик институттарга ишенбөөчүлүккө, үгүт өнөктүгүндөгү ыпластыкка карабай, бул жакта да, сыртта да көп адам добуш берди. Алар кайдыгер болбогону үчүн добуш беришти. Алар үнүн жеткирүүнү каалаганы үчүн добуш беришти. Адамдар бийликтин алардын маселесин чечүү жолдорун сунуштоосун каалашат. Чет жердеги шайлоого катышуу тарыхый рекорд болуп калды", - деди Санду.


Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбүдө добуштардын дээрлик 99 пайызын санап бүттү. Сандуну негизинен өлкөдөгү Бельцтен башка чоң шаарлардын тургундары, жаштар жана Европа өлкөлөрүндөгү диаспоралар колдоду. Игорь Додонго айыл-кыштактарда жашагандар жана Орусияда иштеп-жашап жүргөн молдовандар добуш беришти.

Игорь Додон.
Игорь Додон.

Игорь Додон башкы саясий атаандашы Сандунун жеңилгенин моюнуна ала элек:

"Биз чет өлкөлөрдө добуш берүүнүн жол-жоболору бузулганы тууралуу маалымат алып жатабыз. Ошондуктан, бардык маалыматтар топтолмоюнча добуш берүү кандай жүргөнүнө баа бербей турайын. Шайлоонун жыйынтыгына үмүтүм бар. Биз добуштардын баарынын саналып бүтүшүн күтөбүз жана билдирүүнү андан кийин жасайбыз", - деди Игорь Додон.

Жекшембиде президенттик шайлоодо добуш бергендердин саны жалпы шайлоочулардын 52 % ашыгын түздү. Бул биринчи айлампага караганда 10 пайызга көп.

Бул шайлоо мурдагы Советтер Союзунун курамындагы мамлекет - Молдова мындан ары деле Орусияны көздөй ыктайбы же Европага багыт алабы деген талаштын маанилүү бөлүгү болуп калды.

Додон менен Санду экөө тең шайлоонун биринчи айлампасында 50 пайыздык чектен өтө албай калышкан.

Шайлоого чет өлкөлөрдөгү молдован диаспоралары мурда болуп көрбөгөндөй активдүү катышты. Маселен, биринчи турда чет жактарда 150 миң адам катталса, экинчи айлампада шайлоочулардын саны 250 миңге чамалады.

Лондон, Берлин жана Италиянын бир катар аймактарында добушканаларда узун кезек пайда болду. Германиянын Франкфурт шаарында полицияга бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат түшкөндүктөн, добуш берүү үзгүлтүккө учурады.

2016-жылдагы шайлоодо Додон Сандуну жеңип алган жана андагы добуш берүүдө көз боемочулук боюнча сын-доомат айтылган.

Молдова: сот президентти кетирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:20 0:00

48 жаштагы Санду коррупцияга каршы аёосуз күрөшөрүн айтып, Европа Биримдиги менен тыгыз байланыш түзүүнү убада кылып келген. Додон болсо Еврошаркет жана Орусия менен бирдей алака-катышты жактайт.

Бийликтеги эки тизгин, бир чылбырды колго алып турган кезде Додондун коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү аракеттери да сынга кабылган. Молдовада өпкөнү сезгенткен оору 89 миңден ашык адамга жугуп, эки миңдей бейтап жан берди.

Молдовада 3,5 миллиондой эл жашайт жана Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири. Өлкөдө адатта, батышка ыктагандар жана Орусия менен тыгыз байланышты улантууну көздөгөндөр сыяктуу экиге бөлүнүү бар.

Экинчи дүйнөлүк согушка чейин, Советтер Союзу аннексиялап алгыча Молдованын бир топ бөлүгү Румынияга таандык болгон.

Өлкө бир канча жылдан бери коррупциядан арыла албай келет. Молдованын абалына жикчил Приднестровьедеги жагдай дагы таасир этип келет.

Орус тилдүү калк басымдуулук кылган бул аймак 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өзүн көз карандысыз деп жарыялаган.

Анткен менен эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү катары санайт. Орусия аталган аймакка экономикалык жана саясий колдоо көрсөтөт, аскерлерин да жайгаштырган. Москва муну "тынчтык орнотуу" аракети деп түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG